Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Бабановдун иши: убаданы эмне бузду?


Кыргызстанда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында бир нече мурдагы жетекчилер кармалды. Алардын арасында экс-премьер-министр, “Республика” партиясынын негиздөөчүсү, 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан Өмүрбек Бабанов да бар.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ага "өкмөттүн башында турганда ири алтын кенди иштетүүдө мыйзам бузган" деген айып койду. Бирок экс- премьер менен анын тарапташтары мындай дооматтарды четке кагууда.

Соңку 15 жылда саясатка активдүү аралашып, мамлекетти башкаруу дымагын жашырбаган ишмердин камалышы анын саясий карьерасына кандай таасир этиши мүмкүн?

Өмүрбек Бабанов 2011-2012-жылдары өкмөттү башкарган. УКМК ага кандай кине коюлганын толук билдирген жок. Атайын кызматтын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун айтып чектелди:

“Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды.”

Саясатчы 2-майда бөгөт чарасын аныктоо үчүн коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда сотко кирип баратканда “Бул толук аша чапкандык. Баары абсурд. Мен Кумтөрдөн 16 миң гектар жерди алган жалгыз премьермин. Түшүнүксүз иш болуп жатат. Кудай буюрса сотто жакшынакай чечилет деп ойлойм”-деп журналисттерге айтып калганга үлгүрдү.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга атайын кызматтын тергөө абагында кармоого чечим чыгарды. Муну саясатчынын тарапкерлери жана адвокаты мыйзамсыз чечим деп баалашууда. Райондук соттун чечимине каршы жактоочусу шаардык сотко арыз берүүгө даярданууда.

Саясатчынын адвокаты Амантур Абдрахманов Бабановго коюлган айып тууралуу буларды айтты:

“Азыр Бабанов 150 миллион доллар алыптыр, андай-мындай деген жалган нерселерди жазып жатышпайбы. Мунун баары фейк. Мындан сырткары Өмүрбек Токтогуловичке “Ала Тоо финанс” боюнча айып тагыптыр деп жатышат. Бул да жалган. Тергөөнүн бизге берген маалыматтарында мындай айыптар жок”.

Адвокат кошумчалагандай, Бабановго “Центерра Голдго” премьер-министр кезинде "жан тартып, ыңгайлуу шарт түзүүгө көмөктөшкөн", деген айып коюлуп жатат.

Бабанов өкмөт башчысы катары 2011-2012-жылдары Кумтөрдү депутаттык, мамлекеттик комиссия иликтеп, "Центерра Голд" менен мурдагы келишимдер адилетсиз түзүлгөнү тууралуу маселе утур-утур көтөрүлүп жаткан учурда иштеген. Анын буйругу менен кендеги абалды иликтеген комиссия түзүлүп, иш алпарган.

Өмүрбек Бабанов Кумтөрдө. 6-июль, 2012-жыл
Өмүрбек Бабанов Кумтөрдө. 6-июль, 2012-жыл

Депутат Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунда Бабанов 2010-жылы Кумтөргө 16 330 миң гектар жер тилкесин берген премьер Данияр Үсөновдун токтомун жокко чыгарганы айтылат.

2009-жылы премьер-министр Игорь Чудиновдун Кумтөргө жакын жайгашкан “Сары-Чат-Ээр-Таш” мамлекеттик коругунун түштүк-батыш чек арасын өзгөртүү жөнүндө токтом чыгарган. Мамлекеттик комиссиянын отчетунда Бабанов ошол токтомду жокко чыгарган эмес деп белгиленген.

Мындан сырткары Бабанов өкмөттүн башында турганда “Центерра Голд” демөөрчүлүгү менен “Ала-Тоо финанс” микрокредиттик агенттигин түзүлгөн эле.

Бабановдун саясий сапары

50 жаштагы Өмүрбек Бабанов саясатка аралашканга чейин эле ири ишкер катары бутуна турган. Ал алгач Казакстанда, андан соң Кыргызстанда күйүүчү май бизнеси менен алектенип, байлык топтогон. Муну өзү да жашырбай, 2000-жылдардын башында өлкөдөгү эң ири мунай компаниясына ээлик кылганын айткан жайы бар:

“Мен 1998-жылы Бишкекке келип, компанияны түптөгөнбүз. Ошондон 2004-жылга чейин компаниянын пайдасы бир нечеге өсүп, 160 миллион доллар болду. Өлкөдөгү алдыңкы компаниялардын бирине айланган”.

Бабанов 2005-жылы Кара-Буура районунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, чоң саясатка киришкен. “Март ыңкылабынан” кийинки олку-солку маалда жаш депутаттардын бири - Бабанов президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы оппозициялык күчтөрдүн нааразылык акцияларына жигердүү катышкан жана коомчулуктун калың катмарына жаңы муундагы саясатчы катары таанылган.

Саясатчы оппозициялык "Реформа үчүн" кыймылынын лидерлеринин бири катары бийликтин конституциялык реформа жүргүзүү аракетин сындап чыккан. Ушундай оппозициячыл дем менен 2007-жылдагы парламенттик шайлоого Алмазбек Атамбаев жетектеген Социал-демократиялык партиянын тизмесин баштап барган. Бирок депутаттык мандатын партиялашы Роза Отунбаевага берген. Ошол жылы алгач жолу саясаттан кеткенин жарыялаган.

Андан көп өтпөй 2009-жылдын башында президент Курманбек Бакиевдин сунушу менен биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган. Бабановдун чечими оппозициядагы социал-демократтардын нааразылыгын жаратып, өзү партиянын катарынан чыгарылган.

Вице-премьерлик кызматта жети ай гана иштеген соң кетип, 2010-жылкы “Апрель ыңкылабына” чейин ишкердик менен алектенген.

"Республика" менен республиканын премьерлигине

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин "Республика" партиясын түптөп, парламенттик шайлоого аттанган. Жогорку Кеңешке өтүп келген беш партиянын бири болду. Курамына жалаң ишкерлер кирген партиянын жеңишин акча менен байланыштыргандар болгон. Парламентте башкаруучу коалицияны курап, өкмөттү түзүүдө Бабанов башкы ролду ойноп, саясий оюндарга батыл киришкен.

Кыргыз саясатындагы таасирдүү фигуралардын бири Өмүрбек Текебаев "Азаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” программасында аты уйкаш кесиптешине ал кезде өз наасатын айткан эле:

“Александр Македонскийдин армиясында адашы болгон экен. Коркок экен. Ошондо Македонский “Же коркконуңду токтот, же атыңды өзгөрт” деп кеңеш берген экен. Ошол сыяктуу мен Өмүкеге чоң жолго чыктың, бекем бол, менден үйрөн, керек болсо аш деп кеңеш берет элем”.

Текебаевдин бул сөзүн Бабановдун кийинки 10 жылдагы саясий жолунда далай эскеришти.

2011-жылдын аягында коалициялык өкмөт түзүлдү. Парламенттик башкарууга жаңы өткөн Кыргызстанда классикалык мааниде Бабанов гана чыныгы коалициялык өкмөттү башкарганы айтылып келет.

Көп узабай парламенттеги оппозициялык азчылыктын лидери Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун тиреши ачыкка чыкты. Ташиев өлкөгө радиациялуу көмүр ташылып келгенине өкмөт башчыны айыптап чыккан. Бул кайым айтыш тезинен аяктаганы менен Бабанов менен Ташиевдин мамилесинде өйдө-төмөн окуялар күтүп турган эле.

Ушул учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр кени боюнча парламенттик комиссия түзгөн. Ал кездеги депутат Садыр Жапаров жетектеген комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгын парламент 2012-жылы июнь айында карап, корутундуну четке каккан эле.

Мындан көп өтпөй ошол жылдын августунда "Ата Мекен" фракциясы Бабанов түрк компаниясынан баасы 500 миңден 1 миллион 300 миң долларга чейин турган “Айландер” деген аргымакты парага алганын айтып, чуу көтөргөн.

Бабанов фракциялаштары менен Апрель окуяларындагы талап-тоноочулукту кайра козгоп, андай иштерге "атамекенчилерди" айыптаган. Ошентип, саясий тиреш күчөп, акыры Бабановдун кызматтан кетиши менен аяктаган.

Андан соң Бабанов кайрадан бизнес менен алектенип, Орусияда кытайлык инвесторлор менен бирге ири цемент заводун түптөгөн.

Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев "Азаттыктын" студиясында. 20-август, 2015-ж.
Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев "Азаттыктын" студиясында. 20-август, 2015-ж.

2015-жылдагы шайлоодо анын “Республика” партиясы бир кезде саясий каршылашы болгон Камчыбек Ташиевдин “Ата Журт” партиясы менен тандем болуп катышкан. Маарага экинчи болуп келгени менен тандем шайлоодон кийин тез эле ыдырады. Ташиев парламентке келбей калган.

Президенттик шайлоо: 570 миң добуш

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо негизги талапкерлердин бири болду. Буга чейин мамилеш болгон президент Алмазбек Атамбаев Бабановду бул жолу кескин сынга алды. Ал учурда Атамбаев өз талапкери – Сооронбай Жээнбековду ачык эле сүрөөнгө алган. Өнөктүк маалында талапкердин казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушканын Алмазбек Атамбаев абдан катуу кабыл алып, кыргыз-казак соода согушун тутанткан окуяга айланган.

Президенттик шайлоодо Бабанов шайлоочулардын 30% ашык добушун алган. Тактап айтканда, ага 568 миңден ашык жаран өз колдоосун билдирген.

Шайлоо бүткөндөн жеңип чыккан Жээнбековдун башкы атаандашына бир нече кылмыш иши козголду. Андан көп узабай Бабанов Орусияга чыгып кетип, саясаттан кеткенин жарыя кылды.

2019-жылы өлкөдө саясий абал кызыган кезде Москвадан мекенине келатканын убада кылып, бирок август айында келди. Кыргызстанда саясатка аралашпай, УКМК менен Финполицияга байма-бай суракка барып турду.

Бабанов Атамбаев менен бирге "Ала-Тоо" аянтында, 9-октябрь, 2020-жыл
Бабанов Атамбаев менен бирге "Ала-Тоо" аянтында, 9-октябрь, 2020-жыл

Бабанов былтыр октябрдагы бийлик алмашууда саясатка кайтып келгенин жарыялаган. Элдик толкундоонун алдында жүргөн саясий күчтөр Бабановду премьер-министрлик кызматка да көрсөтүшкөн. Алтургай үч жыл мурда каршылашка айланган Атамбаев менен биригип, Бишкекте митинг өткөрүшкөн. "Ала-Тоо" антындагы тирештен улам митинги үзгүлтүккө учураган соң октябрда абактан чыгып келип, бийликке отурган Садыр Жапаров менен кызматташа баштады. Быйыл январда өткөн президенттик шайлоого катышпай, Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын билдирген:

“Кечээ Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө аларына окшош пикирде экендигибизди ачык көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабай турганын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм”

Мындан соң Бабанов мурда козголгон кылмыш иштерине байланыштуу суракка чакырылды. Быйыл мартта мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке 100 миллион сом которуп берген. Аны менен мурдагы бийликтин тушунда козголгон кылмыш иштери токтотулган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бабановдун мыйзам бузганы далилденбегенин билдирген:

"Өмүрбек Токтогуловичтин иштери боюнча көптөгөн изилдөөлөр жүрдү. Ал иштерди Финансы полициясы козгогон. Кийин бизге өттү. Биз эки-үч ай изилдедик. Анын жыйынтыгында биздин тергөөчүлөр Бабанов жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен эч кимге чоң зыян келтирбегени аныкталды".

Бабановду сынаган абак

Ташиевдин бул билдирүүсүнөн эки айга жетпеген убакыттан соң Бабанов Кумтөр чуусу үчүн камакка алынды. Ага чейин ал саясий айдыңда байкалган эмес. Ошентип буга чейин кылмыш иштери козголгон учурунда сурак менен гана чектелген саясатчы бул жолу эки айга камалды.

Коомчулукта бийлик менен жакшы мамиле түзгөн Бабановдун камакка алынышын артында эмне турат деген суроо кызуу талкууда. Саясатчы Бектур Асанов учурдагы бийлик өз рейтингин көтөрүү үчүн буга чейин "макулдашууларды бузду" деген пикирде:

Бектур Асанов
Бектур Асанов

"Бул жерде эки себеп бар. Биринчиден, бийлик акыркы окуялардан улам өз рейтингин көтөрүү үчүн ушундай камакка алууларга барды. Майда-барат адамдарды камоо менен элди ынандыра албайт эле. Ошондуктан, Бабанов сыяктуу саясатчыларды камакка алуу чечимин кабыл алды. Бул үчүн мурдагы макулдашууларды бузууга туура келди".

Ошол кезде Бабановдун камалышы соңку саясий карьерасына кандай таасир тийгизет деген суроо жаралды. Анткени саясий чөйрөдө мурдагы премьердин толугу менен оппозициянын жээгине өтүп, батыл кадамдарга барбай, бийлик менен сүйлөшүүнү тандаганы көптөгөн жеңиштен куру калтырды деген пикирлер айтылып жүрөт. Анын үстүнө, акыркы жылдары кыргыз саясатчылары үчүн абакка отуруп чыгуу бийликке келүү үчүн “атайын даярдыктан” өткөндөй сыпатталып калган.

Эксперт Азим Азимов Бабановдун азыркы жагдайы анын саясий ишмердигинин аныктоочу көрсөткүчү деген ойдо:

"Бабановдун камакка алынганы анын популярдуулугуна көп деле таасир этпейт. Буга чейин коомдо анын пикири, ачык позициясына муктаждык болгондо Өмүрбек Токтогулович чечкиндүүлүк көрсөтө алган эмес. Ошондуктан, Бабановду саясатчы катары колдоп жүргөн адамдардын айрым бөлүгүнүн көңүлү калгандай болгон. Ошол эле учурда аны тергөө абагына камалышы анын популярдуулугуна эмес, чечкиндүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн. Бабанов абакта отурганда же чыккандан кийин мага карата адилетсиздик болду мен бийликке оппозиция болом, саясатка кайтам деп чечкиндүүлүк көрсөтсө кандайдыр-бир өзгөрүү болушу мүмкүн".

Ал эми саясат талдоочу Сейтек Качкынбай соңку окуялар Бабановдун мындан аркы тагдырын аныктайт деген пикирде:

"Бабанов буга чейин саясаттагы кадамдары чечкинсиз, байлыгын коргоо үчүн ачык күрөшкө даяр эмес адам катары көрүнүп калган. Эми абакта сынбай, өзүн коргоп, позициясын чыңдап, күрөшкө даяр экенин көрсөтсө келечекте өз карьерасы үчүн упай табат. Ал болоттой курчуп чыкса, 50 жаштагы саясатчы үчүн чоң сабак болот".

Кыргызстанда Өмүрбек Бабанов саясатчы эле эмес, ири ишкер катары таанымал. Ал "Кыргызстан" банкы, "Азия Молл" соода борбору, "РИОМ" базары сыяктуу ири ишканаларга ээлик кылып, өлкөдөгү эң бай адамдардын сап башында.

Айрым эксперттер анын саясатта батыл кадамдарды жасоодон карманганын ушул фактор менен түшүндүрүп жүрүшөт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG