Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Бабановдун жабылган иши жана 100 млн. сому


Өмүрбек Бабанов 2017-жылын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодон кийин эки жылга жакын Орусияда жүрүүгө аргасыз болгон. Ал Бишкекке 2019-жылы 9-августунда кайтып келген. (Фото «Манас» аэропортунан).
Өмүрбек Бабанов 2017-жылын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодон кийин эки жылга жакын Орусияда жүрүүгө аргасыз болгон. Ал Бишкекке 2019-жылы 9-августунда кайтып келген. (Фото «Манас» аэропортунан).

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылды. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн казынага өз ыктыяры менен 100 миллион сом жардам бермей болду.

Саясатчынын мамлекетке карата мындай салымы юристтер арасында суроо жаратты. Ал эми Бабановго банк иши боюнча айып коюп келаткан тараптар иштин кыскарып кетишин сындап чыгышты.

100 млн. сом - бюджетке жардам

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга чейин прокуратура жана тергөө органдары Өмүрбек Бабановго жана ага байланышы бар коммерциялык структураларга каршы козгогон жазык иштери токтотулганын 24-мартта жарыялады.

Мындай чечимдин кабыл алынышына саясатчынын жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок экени себеп болгон.

Бабанов болсо өз кезегинде мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен казынага 100 миллион сом жардам бермей болду. Бирок атайын кызматтын маалыматында мурдагы премьер-министр сөз болгон каражатты качан төгүп берээри так көрсөтүлгөн эмес.

Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев саясатчы убада кылган акчанын төркүнү тууралуу буларды айтып берди:

Мирсулжан Намазалиев.
Мирсулжан Намазалиев.

«Мисалы, чиновниктер кармалгандан кийин алардын аракетинен кылмыштын белгилери аныкталууда. Алар кылмышын мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барып жатышат. Ал эми Өмүрбек Бабановго байланыштуу иштерде кылмыштын белгилери жок да. Андыктан, бул - тергөө менен кызматташуу эмес. 100 миллион сом - катардагы эле жардам. Ал былтыр пандемия башталганда жардам берген, дарыгерлерге 5 миллион сом которгон. Ага чейин да 5 миллион сом берген, андан кийин да которуп турган. Бул да ошого окшогон эле мамлекеттик бюджетке болгон жардам», - деди Намазалиев.

Бабановго жана анын жакындарына ачылган кылмыш иштеринин кыскарышы, саясатчы бюджетке которчу каражат юристтердин суроосун жаратты. Юрист Эржан Кайыпов саясатчыга козголгон иштерде кылмыштын белгилери жок экени аныкталгандан кийин укук коргоо органдарында ага карата эч кандай доомат болбошу керек деп эсептейт:

«"Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен 100 миллион сом берет" деген маалымат кызык болуп жатат. 100 миллион сомдун анын кылмыш ишине байланыштырылышы Улуттук коопсуздук комитети, укук коргоо органдары адатынча кысымга алып, ишти кыскартууга барганын далилдегендей болуп турат. Адамдын аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, эмне үчүн анын иши жабылганы акча менен байланышуусу керек? Мунун өзү эле көп суроону пайда кылат. Мен муну азыркы бийликтин, укук коргоо органдарынын туура эмес аракеттери деп ойлойм. Бул саясатчыларга, ишкерлерге карата коңгуроо, басым».

Саясий соодалашуубу?

Саясаттан кеткенин жарыялап, бирок, былтыр октябрь окуяларында кайра кайтып келген Бабановго жана анын жакындарына карата козголгон кылмыш иштеринин баарынын чоо-жайы коомчулукка белгилүү эмес.

Ал акыркы жолу УКМКда быйыл 9-январда сурак берип чыккан. Ошол эле күнү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, атайын кызмат мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда козголгон иштер боюнча суракка алганын билдирген. Мунун алдында УКМК Бабанов сотко чейинки бир нече териштирүүнүн алкагында фигурант катары өтүп жатканын кабарлаган.

Юрист Нурсултан Акылбек жаңы бийликтин тушунда коррупцияга каршы күрөш деген чакырык менен коррупция, мыйзамсыз баюуга шек санап кармоолор, бирок, акча менен кайра бошотулган окуялар инвесторлорду качырып жатканын айтты. Мындай көрүнүш Кыргызстанда соңку убакта кадыресе көрүнүшкө айланып баратканын белгиледи:

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

«Мамлекет тарабынан адамдарды мыйзамдаштырылган тоноо болуп калды. Себеби, күнөөсү жок адамдан эмне үчүн 100 миллион сом алат? Мирсулжан Намазалиев «бул жөн гана мамлекетке жардам» деп айтты. Жардамды иши бүткөндөн кийин башкача негизде берсе болот да. Андан тышкары 100 миллион сом Бабановго басымды токтотуу үчүн саясий соодалашуу катары кабыл алынды. «100 миллион сомду бюджетке расмий төктү. Ал эми расмий эмес башка тараптарга канча акча берди?» деген күмөн ойлор да пайда болот».

Өмүрбек Бабановго козголгон иштер

Өмүрбек Бабанов өзүнө жана жакындарына карата ачылган иштер тууралуу тергөөнүн купуялуулугуна шылтоо кылып, ачык айта элек. Ишти тергеген УКМК дагы маалымат бербей турат. Болгону 2019-жылы август айында Бабанов атайын кызматта жана Финансы полициясында өзүнө жана жакындарына байланыштуу сегиз иш иликтенип жатканын билдирген.

Бабанов УКМКга сурак берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Ага козголгон иштердин айрымдары коомчулукка белгилүү. Башкы прокуратура Бабановго карата биринчи кылмыш ишин 2017-жылдын ноябрь айында козгогон. Ага «президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүндө Оштун Он-Адыр кичи районунда эл алдына чыгып сүйлөгөн сөзүнүн мазмунунда «конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык бар», «улут аралык, расалык жана диний кастыкты козуткан» деген айыптар коюлган.

Экинчи кылмыш иши да президенттик шайлоого байланыштуу. Ал 2018-жылдын мартында козголгон. Анда Бабановго «бийликти басып алууга даярдык көргөн» жана «массалык башаламандыкты уюштурган» деген айып тагылган. Өмүрбек Бабанов былтыр 2-ноябрда «Азаттыктагы» интервьюсунда ага байланыштуу кылмыш иштеринин четин чыгарган:

Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

«Мен Кыргызстанга келгенден кийин 10дон ашык иш козгошту. Ошонун ичинде түздөн-түз мага тиешелүү УКМКда үч иш бар. Алар: Он-Адырда сүйлөгөн сөзүм үчүн. Бул боюнча төртпү же 10бу экспертиза «бул жерде чакырык жок» деген жыйынтык чыгарды. Эгерде чакырык болсо андан кийин аракет да болуш керек да. Бир сөз үчүн эле иш козгоп коюшкан. Экинчиси – резиденциянын ары жагында Максим Бакиев курган «Идеал хаус» деген үйлөр боюнча. 2010-жылы Убактылуу өкмөт аны улутташтырган экен. Аны мен премьер-министр кезимде жерин мамлекетке трансформация кылыптырмын. Ушул боюнча да иш козголгон. Тергөөчүгө бул ишти кантип козгодуңар десем, «байке, эми түшүнөсүз да» деп жооп берген».

Банк чыры боюнча жабылган иш

Саясатчы кылмыш иштерин ошол кездеги бийликтин куугунтугу катары баалап келет. Ал Финансы полициясында да төрт иш боюнча күбө катары суралып жатканы дайын болгон. Алардын экөө «Кыргызстан» коммерциялык банкына тиешелүү.

Сөз болуп жаткан банктын мурдагы акционерлеринин бири Калича Умуралиева «Кыргызстан» банкы боюнча Бабановго каршы 2019-жылдын январь айында Финполицияга эки арыз жазган. Ал «Бабанов 2008-жылы банкты күчкө салып тартып алган жана 2006-2007-жылдары банктын акционерлерине түшкөн дивиденддерди 2010-жылы алып алган», - деп айыптап келет.

Калича Умуралиева жабырлануучу катары суракка чакырылбаганын айтып жатат. Анын сөзүнө караганда, банк чырына байланыштуу ишти Финпол жаап, кийин Башкы прокуратура ага каршы арызданган жана иш кайра жанданып, иликтөө УКМКга өткөрүлгөн. Атайын кызмат да быйыл январь айында ишти кыскарткан. Финполиция болсо быйыл 5-мартта жоюлуп кетти.

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

«Бабанов биздин банкты алып алган. Дивиденддерибизди берген жок. Демек, бизге зыян келтирди да. Дивиденд – бул биздин мүлкүбүз. Аны 2008-жылы банкка салып койгонубузда, азыр байып кетет элек. Азыр болсо Бабанов байып атат. Мисалы, ал мага зыян келтирген. Мен такыр түшүнбөй калдым. Кылмышка шектүү акча төлөсө эле кылмышкер болбой калабы? Сот эч нерсени чечпейби?»

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн Кыргызстандагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, Москвада жүргөн жана саясаттан кеткенин жарыя кылган. Кыргызстанга 2019-жылы кайтып келип, ошол жылдын аягында өзү негиздеген «Республика» партиясынын лидерлигин тапшырып берген. Мамлекетке келгенден кийин УКМК менен Финполицияга байма-бай сурак берип турду.

Былтыр октябрь окуяларында саясатка кайтып келгенин жарыялаган. Ал окуяга активдүү катышкан партиялар менен саясатчылар Бабановду премьер-министрлик кызматка да көрсөтүшкөн. Саясат талдоочу Турат Акимов Бабановго байланышкан иштер тууралуу төмөнкүдөй пикири менен бөлүштү:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

«Ишти кандай териштирди, ким териштирди, кандай кызыкчылыктын негизинде чечим кабыл алынды? Анда 20 жылдан бери ишти иликтеп келаткан тергөөнүн иши текке кеттиби? Анда ишти мыйзамсыз козгоп, Бабановду ушунча жыл кыйнаган тергөөчүлөрдү, прокурорлорду да жоопко тартыш керек. Көрсө алар таза кишини эле кыйнап келишкен турбайбы. Мыйзам деген оңой эмес. Аны каалагандай калчай берген болбойт. Жалпы коомчулукту «Бабанов таза киши. Ага козголгон иштер мыйзамсыз» деп ишендириш кыйын", - деди Турат Акимов.

Өмүрбек Бабанов - Кыргызстандагы ири ишкер, саясатчы катары белгилүү. Ал былтыр ноябрь айында ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин коюудан баш тарткан болчу.

Өмүрбек Бабанов: Партиянын ичинде добуш берүүнү киргизели
please wait

No media source currently available

0:00 1:11:46 0:00

XS
SM
MD
LG