Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Чек ара: Кыргыз-өзбек өкмөттөрү сүйлөшүү баштады


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев (солдо) жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов. Ташкент. 24-март, 2021-жыл.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев (солдо) жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов. Ташкент. 24-март, 2021-жыл.

Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү өтүп жатат.

Өзбекстан менен 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде ортодогу чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), ал эми андан бери дагы 10% жакыны такталган. Айрым эксперттер чек аранын калган бөлүгү узак жылдардан бери тирешүүгө себеп болгон оор тилкелер экенин белгилешүүдө.

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев жетектеген жоон топ Ташкентте жүргөн кезде, 25-март күнү Кыргызстандын өкмөт башчысы Улукбек Марипов жетектеген делегация да барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, өкмөт аралык комиссиянын тогузунчу отурумуна катышат.

Ал эми Камчыбек Ташиев баштаган делегация 24-25-мартта Өзбекстандын борборунда кыргыз-өзбек чек арасынын делимитациясы жана демаркациясы боюнча өкмөт аралык жыйынга катышууда. Бул сүйлөшүүлөрдун мазмуну тууралуу азырынча расмий маалымат келе элек.

Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүгө катышып жаткан кыргызстандык делегация. Ташкент. 24-март, 2021-жыл.
Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүгө катышып жаткан кыргызстандык делегация. Ташкент. 24-март, 2021-жыл.


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 11-12-марттагы Өзбекстанга мамлекеттик сапары учурунда 22 документке кол коюлган. Алардын ичинде социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык, энергетика, соода жана башка тармактарда түзүлгөн эки тараптуу макулдашуулар бар. Жапаровдун сапарынан кийин, 13-мартта Кыргызстанга Өзбекстандан Энергетика министрлигинин делегациясы келип, Бишкекте "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу маселесин сүйлөшкөн. Мындан тышкары “Түндүк Сох” жер астындагы жаратылыш газын сактоочу жай боюнча кыргыз тарап менен кызматташуунун шарттарын талкуулашкан.


12-мартта Өзбекстан Кыргызстанга 20 “Тез жардам” автомашинасын белекке тартуулады. Бир катар облус аралык кызматташуу келишимдери түзүлдү.

Ошондой эле 25-мартта Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов баштаган делегация Ташкендеги ишканаларды кыдырып жүрөт.

Айтылган сөз - чечилүүчү маселе

Коңшулаш эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара маселеси 12-мартта президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары учурунда көтөрүлүп, анда маселе жакын арада, эң кеч дегенде үч айда чечилмек болгон.

Дипломат Бактыгүл Каламбекова эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын акыркы жолугушуусунан кийин болуп жаткан сүйлөшүүдө чек ара сызыгы толук такталарынан үмүттөнүп турганын билдирди:

Бактыгүл Каламбекова.
Бактыгүл Каламбекова.

"Эл аралык мамилелерде, айрыкча чек ара сыяктуу татаал маселелерде ар бир сөз таразага тартылып айтылат. Ошондуктан, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга сапары учурунда чек ара маселеси эң кеч дегенде үч айда чечилет деген убада жөн жеринен айтылбаса керек. Эки тарап тең так эсептеп, макулдашып туруп айтышкан болсо керек. Ошондуктан, мен буга ишенгим келет. Себеби, бул өтө маанилүү, чоң жоопкерчиликтүү билдирүү, милдеттенме дагы. Эки тараптын макулдашып, ортого койгон мөөнөтү болуп жатат".

Бактыгүл Каламбекова Тышкы иштер министрлигинин Чек ара сызыктарын аныктоочу атайын топто кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кураторлук кылган.



Анклавдар жана суу сактагыч

Ошентсе да Кыргызстан батыш тарабындагы коңшусу Өзбекстан менен эгемендик жылдардан бери чыңалуу жаратып келе жаткан чек ара маселесин толук чечиши дагы деле суроо жаратып турат. Анткени, чечиле элек 5% жакын чек ара сызыгы эки өлкөнүн узак жылдардан бери тирешүүсүнө себеп болгон оор тилкелер.

Бактыгүл Каламбекова чек ара сызыгынын такталган бөлүгүн пайыз менен эсептөөдө сызыктын узундугуна эмес, андагы объектилердин маанисине көңүл бурулушу зарыл деп эсептейт:

"Бул коомчулук үчүн маанилүү. Анткени, 5% эле калыптыр, бүтүп эле калыптыр деген түшүнүк болушу мүмкүн. 5% деген көрсөткүч өзүнүн ички мазмуну, көлөмү жана мааниси боюнча алда канча жогору болуп калышы мүмкүн. Маселе ошол пайыздын кайсы критерий менен, кантип эсептелгенине жараша болот. Эгер тек гана чек аранын жалпы узундугун түзгөн чакырым менен эсептелген болсо, анда такталып бүткөн аралыкты гана билдирип калат. Ал эми чек ара маселесинин курамы, көлөмү, татаалдыгы, ички жана тышкы мамилелерге таасир-күчү ж. б. жагынан эсеп-чоту так болсо, анда башка сөз".

Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламановдун айтымында, андай тилкелердин ичинде Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эксклавы, Өзбекстандын Сох, Шахимардан, Чоң-Гара, Гава-Сай анклавдары, Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычы бар:

Саламат Аламанов.
Саламат Аламанов.

"Сох анклавына өзүнчө коридор берүү же жол ачуу маселесин Өзбекстан эгемендик алгандан бери эле коюп келе жатат. Биз ага макул болбой, мурда колдонулуп келген жолдор аркылуу каттоосун сунуш кылып келдик. Ушундан улам аймактагы чек ара сызыгы эмгиче такталбай келет. Коридор же өзүнчө транспорт жолун ачууга уруксат берсек, анда алар жолду кеңейтип салышат. Ал үчүн бизден дагы гектарлаган жерлер берилиши керек. Бул дагы чырды көбөйтөт. Андан көрө - Фергана өрөөнүндөгү Советтер Союзуна чейин эле 18-19-кылымдардан бери колдонулуп, бири-бирине каттап келген жолдор бар. Ошолор аркылуу эл машине чыга элек кезде эле ат, араба менен каттап келген. Кийин ал жолдорго асфальт басылып, автобус каттап калган. Ошолор аркылуу каттоо эки тарап үчүн тең жеңил болот. Чек арада чыр-чатаксыз жашоо үчүн коңшулаш жашаган эл мамилесин жакшыртып, жолдорду чогуу пайдаланып, бири-биринин жерине көз артпай, жашаганы эле керек".

Чек ара тактоодогу эң оор тилкелердин бири - Кемпир-Абад суу сактагычы болушу мүмкүн. Расмий документтерде Анжиян суу сактагычы деп жазылып жүргөн бул жай Советтер Союзу пахтага абдан муктаж болуп турган кезде, Өзбекстанда түшүм аянттарын көбөйтүү үчүн Кыргызстандагы Кара-Дарыя суусунун төмөн жагына курулган. Бул суу сактагычтын түбүндө калган жер үчүн Өзбекстан учурунда Кыргызстанга жер берген. Бирок, эки союздук республика алмашкан жердин сапатынын айырмасы чоң экени, кыргыз тараптан суулуу, кара топурактуу, түшүмдүү жерлер берилип, ал эми өзбек тараптан суу жетпеген, түшүмсүз жерлер алынганы айтылып келет.

Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.


Саламат Аламанов Кемпир-Абад суу сактагычын курганы үчүн Өзбекстан жер алмашуудан тышкары дагы бир катар милдеттерди алып, бирок аны аткарбаганын белгиледи:

"Сол жээк Түркстан тоо кыркасынын ылдый жагынан Сохко чейин канал курушу керек болгон. Ал канал курулса 100 миң гектар жерди сугаруу жеңилдеп, дагы он миң гектар жаңы сугат жер кошулмак. Оң жээгине да канал курулуп, Фергана тоо кыркаларынын этегиндеги жерлерге суу жетмек. Бирок бул маселелер убакыттын өтүшү менен унутта калган. Качан гана биз чек ара маселесин тактап баштаганда оркоюп чыгып калды»,- деди Саламат Аламанов.


Делимитация бүтсө демаркациялоо маселеси бар

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара сызыгынын 95% такталып, делимитацияланганы менен, демаркация иштерин жүргүзүүдө дагы кыйынчылыктар жаралышы турган иш. Мисалы, Ала-Бука районунун Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек айылдарында делимитацияланган мамлекеттик чек ара сызыгында быйыл февраль айында өзбек тарап баштаган демаркация иштери кыргызстандык жайыт пайдалануучулардын нааразычылыгын жараткан. Бул маселе боюнча өкмөттөгү маалымат жыйынында паритеттик комиссиянын мүчөсү, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Абдулат Мырзаев төмөнкүчө маалымат берген:

"Көк-Серектеги тилке боюнча. Эл жашабаган, курулуш имараттары жок, айыл чарбасына интенсивдүү иштетилбеген 38,4 гектар жер аянты Өзбекстанга берилди. Өзбек тарап бизге 61,63 гектар жер берген. Анын 20 гектары суулуу жер. 4 гектардан ашыгында арык, канал, лоток жана жолдор бар. Кыргызстандык бир жарандын үйү же курулушу, сугат жерлер Өзбекстанга өткөн эмес".

"Европа бириге албай атса, Борбор Азия бөлүнө албай жатат"

Эксперттер кыргыз-өзбек чек ара маселесин чечүү иштери Өзбекстанга Шавкат Мирзиёев президент болуп келгенден кийин алдыга жылганын белгилешет. Ага ылайык, мурдагы коңшуларына сыртын салып, чек ара жана суу маселелеринде катаал позицияны карманып келген Өзбекстандын саясаты кыйла жумшарды. 2005-жылдагы Анжиян окуясы, 2012-жылы Ала-Бука аймагындагы чек ара жаңжалынан кийин бир тараптуу жабылган Оштогу «Достук» өткөрмө бекети 2017-жылы ачылган. Ошол жылдагы макулдашуунун негизинде ортодогу чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), ал эми андан бери дагы 10% жакыны такталган.

2004-жылкы өкмөттөр аралык келишим боюнча өзбек-кыргыз чек арасында он беш өткөрмө бекети көрсөтүлгөн. Алардын сегизи эл аралык, бешөө эки тараптуу жана экөө жеңилдетилген өткөрмө бекеттери. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырымга созулат. Чек ара аймактарындагы чыр-чатактар айрым учурларда ок атышууга чейин жетип жүргөнү белгилүү.


Жалпысынан Кыргызстан 4 мамлекет менен чектеш. Казакстан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталып бүттү. Калган тилкелерде жергиликтүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталып турат. Дипломат Бактыгүл Каламбекова Борбор Азиядагы мамлекеттер ич ара мунаса табышы зарыл деген пикирде:

"Дүйнөлүк коомчулук, эл аралык уюмдар Борбор Азияны Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан деп өзүнчө бөлүп карабайт. Алар үчүн булардын баары бир бүтүн - Борбор Азия аймагы. Мисалы, ири эл аралык уюмдарда аймактын жашоосун жеңилдетүү боюнча кандайдыр бир программа жазылганда жалпы Борбор Азияга жазылат. Чет өлкөлүк туристтер жалпы Борбор Азия аймагын бир кыдыргысы келет. Ошондуктан, аймактагы мамлекеттер чек ара маселесин чечип, бири-биринин кызыкчылыктарына дал келген мунаса таап, мамиле түзсө, эл үчүн да, мамлекеттер үчүн да жакшы болот".

Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылы чек арага байланыштуу 12 чыр-чатак катталган. Анын тогузу кыргыз-тажик, үчөө кыргыз-өзбек чек арасында орун алды.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG