Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:30

Баш мыйзамдын долбоорундагы талаш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юристтер Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун адам укуктары менен эркиндиктери бөлүмүндөгү айрым бир чалкеш, карама-каршылыктарды сындашты. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев долбоордун баштапкы варианты оңдоп-түзөөдөн өткөнүн айтты.

Анда коомдогу улуттук каада-салтка негизделген адеп-ахлак эрежелери менен милдеттүү түрдө аткарылууга жата турган укуктук ченемдер аралашып кеткени тууралуу сөз болду.

Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан тарап андагы баштапкы кемчиликтер оңдолуп, ченемдер тең салмакталып, илимий негизде иштелип чыкканын жарыялады.

Сөз эркиндигинин орду, ыраатсыздыктын "анатомиясы"

Конституциялык кеңешме иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталган Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укуктары менен эркиндиктери тууралуу жоболор алты баптан, 45 беренеден туруп, адамдын, жарандын укуктары менен милдеттерин ичине камтый турганы жарыяланган.

Сөз жана басма сөз эркиндигине байланыштуу төрт беренеде маалымат алуу жана таратуу укугун камсыздаган ченемдер берилип, бирок алардын жайгашуу ырааттуулугу бузулган.

Мында эң башкысы - цензурага тыюу салып, сөз эркиндигинин фундаменталдык базасын түзгөн «сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт» деген ченем Баш мыйзамдын долбоорунун 63-беренесинен орун алып калган.

Ал эми ар бир адамдын эркин ой-жүгүртүү жана оюн эркин билдирүү укугу 32-беренеде берилген. Маалымат таратуу үчүн кылмыш куугунтугуна тыюу салган ченем адамдын аброюнун кол тийгистигине байланыштуу 29-берененин ичине киргизилген.

Долбоордогу ушул сыяктуу ыраатсыздыкты байкаган Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова муну мыйзам жазуу техникасын билбеген кемчилик катары баалады:

«Мыйзам жазуунун өз техникасы бар. Бул техниканы билбеген адамдар жазганы көрүнүп турат. Бир берене бир коомдук мамилеге багытталып, анын шарттарын жөнгө салуу жагы кийинки беренеде улантылышы мүмкүн. Сөз эркиндиги тууралуу сөз болгондо аны бир беренеге камтып, ага байланыштуу кепилдиктерди, шарттарды, тыюу салууларды же чектөөлөрдү андан кийинки беренелер аркылуу тактап жазып көрсөтүү керек болчу".

Юрист бир эле нерсени бир нече берене аркылуу баса көрсөтүп, кайталаган учурлар бардыгын да белгиледи.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы адам укуктары менен эркиндиктери тууралуу жоболор "Жеке укуктар жана эркиндиктер", "Саясий укуктар", "Экономикалык жана социалдык укуктар", "Жарандык. Жарандын укуктары жана милдеттери", "Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктери" сыяктуу бөлүмдөрдөн турат. Мындан сырткары "Коомдун руханий-маданий негиздери" деген бөлүм киргизилип, анда адамдын коом жана мамлекет ортосундагы мамилесине байланышкан ченемдер каралган.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Клара Сооронкулова коомдогу адеп-ахлак эрежелерин укуктук ченемдер менен аралаштырып жазган учурларды мисал келтирип, андай ченемдерди кийин аткаруу логикасы түшүнүксүз экенин айтты:

«Беренелердин биринде "Ар бир бала ата-энесине сый-урмат көрсөтүүгө милдеттүү" деп жазып коюшуптур. Бул эми коомдогу жазылбаган түшүнүккө негизделген адеп-ахлак эрежеси да.

Бул эреже коомдогу жүрүш-туруш эрежесин аныктаган менен ал эч убакта укуктук ченем боло албайт. Экөө эки башка түшүнүк. Конституцияда ошондой милдет коюлуп жаткан соң, ошол кандай тартипте аткарыла турган шарттары кийин башка мыйзамдар аркылуу толуктап, анын аткарылышына мамлекет кепилдик бериши керек. Конституцияда ченемдер ошон үчүн жазылат. Аны жөн эле жазгысы келгени үчүн жазып коюшпайт. Анын кийин мыйзамдар аркылуу аткарылышына толук шарт болушу керек.

Укук менен милдеттер аралашы

Укук коргоочу Рита Карасартова Баш мыйзамдын долбоорундагы адамдын, жарандын жана мамлекеттин укуктары менен милдеттери так аныкталбай, фундаменталдык укуктун негиздери мамлекеттин кепилдиги катары көрсөтүлүп калган учурлар бар экенин белгиледи:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Баш мыйзамдын азыркы сунушталган долбоорунда "Адамдын укугу жана эркиндиги" деген өзүнчө, "Адамдын укугунун кепилдиги" деген өзүнчө бөлүнүп берилиптир. "Ар бир адам бузулган укугун сот аркылуу коргоого укуктуу" деген ченемди Баш мыйзамдын долбоорунун авторлору мамлекет берген кепилдик катары көрсөтүшүптүр. Ал эми бул ченем биринчи кезекте укук да. Ал менин укугум да. Ал эми мамлекет ага кантип кепилдик берет? ".

Ал эми Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев буга окшогон сындарды көптөн бери угуп келе жатканын айтып, Баш мыйзамдын долбоорунун сынчыларына өздөрүнүн атаандаш долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Анын айтымында долбоордун баштапкы варианты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн:

«Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жана азыркы Баш мыйзамды толук түшүнүп окуп чыккан киши мындай сөздөрдү айтмак эмес. Негизи сындагандын дагы чеги болот. Эгерде мен бирөөнүн жасаган ишин сындасам, демек мен андан жакшыраак материал иштеп чыгып сунушташым керек.

Мен ага аныкы туура эместигин негиздеп берип, "эми муну карап көрчү" демекмин. Сынчылар тараптан эч кандай сунуштар киргизилбесе, алар кандайдыр бир атаандаш долбоор иштеп чыкпай эле анан жалаң курулай доомат менен сындай беришкени кандай? Мен ал сынчыларды өздөрүнчө Баш мыйзамдын альтернативдүү долбоорун иштеп чыгып, коомчулукка сунуштайт го деген ойдо болдум эле. Бирок алар андай дагы кылышкан жок».

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жакында парламентке тапшырган. Жогорку Кеңеш анын текстин сайтына жарыялап, 17-февралдан тартып талкуулай турганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG