Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Казакстанда COVID-19 илдети жуккандар 80 миң кишиден ашты


Дарыгер коронавируска каршы тест алып жатат. Алматы шаары. 13-июль, 2020-жыл.
Дарыгер коронавируска каршы тест алып жатат. Алматы шаары. 13-июль, 2020-жыл.

Казакстанда соңку бир сутка ичинде дагы 1740 кишиден коронавирус табылды. Анын ичинен вирус жуктургандардын эң көбү Нур-Султан калаасында - 251, Алматы шаарында 220 киши катталды.

Ушуну менен расмий маалымат боюнча, Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы саны 80 226 адамды түздү. Коңшу мамлекет бул көрсөткүч менен карантин чараларын киргизбеген Швецияны ашып өттү.

Казакстан коронавирус жуккандардын саны боюнча дүйнөдө Кытайдын кийинки эле 27-тизмеде турат.

Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгондордун статистикасын бир жумада бир жолу жаңыртып турат. coronavirus2020.kz деген расмий сайттагы маалыматка караганда, Казакстанда COVID-19 илдетинен 585 киши өлдү.

Министрлик ушул жумада адам курмандыктарынын саны 610го жеткенин кабарлады. Коронавирус аныкталып каза болгон дагы 319 киши тизмеге кошулган жок. Бул алар башка оору менен да жабыркап жүргөнү менен түшүндүрүлдү.

XS
SM
MD
LG