Өздөрүн Донецк жана Луганск элдик жумурияттары (“ДНР” жана “ЛНР”) деп атаган жикчилдер 11-ноябрда “элдик кеңештерди” (парламенттерин) жана аймак башчыларын шайлашты.
Донецктеги жикчилдердин мурдагы лидери Александр Захарченко августта жардырууда набыт болгон. Москва ошондо кол салуунун артында Украина турат деп айыптаса, Киев анын өлтүрүлүшү жикчилдердин жана “орусиялык демөөрчүлөрүнүн” ички күрөшүнүн натыйжасы деп келатат. Жикчилдер Донецкте 408, Луганскта 316 добушкана ачылганын маалымдашкан.
AFP кабар агенттиги билдиргендей, шайлоо күнү коопсуздук чаралары күчөтүлүп, куралчан аскерлер тартипти камсыздоого тартылды. Жериндеги кабарчылар Донбасстын борбор шаары Донецкте “Орусияны жүрөккө тутуп” добуш берүүгө үндөгөн плакаттар илинип турганын айтып беришти.
Буга чейин жикчилдер Киевдин каршылыгына карабай 2014-жылы шайлоо уюштурушкан. Украин өкмөтү добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес.
Бул ирет да Украина, АКШ жана Европа Биримдиги өнөктүктү “Орусиянын манипуляциясы, куралдуу жаңжалды токтотууну максат кылган Минск келишимдерин бузуу” деп айыпташты.
Украинанын президенти Петро Порошенко 31-октябрда “жасалма” өнөктүк “Орусиянын кыянат аракеттеринен дагы бир ирет кабар берет” деп, элди катышпоого чакырган.
11-ноябрда украин Тышкы иштер министрлиги эл аралык коомчулукту Орусияга жана шайлоону уюштурган адамдарга “саясий жана экономикалык кысымды” күч алдырууга үндөдү.
Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини "блок добуш берүүнү мыйзамсыз деп эсептейт жана тааныбайт” деп 10-ноябрда билдирди. Могерини ошондой эле Орусияны алар колдогон жикчилдерге таасиринен пайдаланып, Минск келишимдерин ишке ашырууну камсыздоого чакырды.
11-ноябрда АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер “Минск келишимдерин аткарып, Украинада тынчтык орнотуунун ордуна Орусия Донбасстын коррупциялашкан лидерлерин каржылап, машыктырып, мыйзамсыз куралдуу кошуундарды жабдып, жасалма “шайлоо” аркылуу статус-квону бекемдеп, дипломатиялык алга жылууга бөгөт коюп келатат” – деп “Твиттерге” жазды.
Бир нече күн мурун, 8-ноябрда Волкер жикчилдер уюштурган добуш берүү камтама жаратаарын айткан:
- Биз шайлоо идеясын колдойбуз. Бул – Минск келишимдеринин бир бөлүгү. Бирок украин Конституциясынын алкагындагы легитимдүү жергиликтүү бийлик – мэрлер, облус администрация мүчөлөрү өңдүү органдар шайланууга тийиш. Добуш берүү коопсуз аймактарда, элдин өз оюн эркин билдирүү укугу сакталганда уюштурулушу керек.
АКШнын Киевдеги элчилиги ал “жасалма” шайлоо украин элине эмес, Орусиянын чыгыш Украинадагы шериктерине пайда алып келет деп билдирди. Жекшембиде НАТО жасаган билдирүүдө шайлоо “жаңжалды тынч жол менен чечүү аракеттерине көлөкө түшүрүүдө деп айтылат. Түндүк альянс ошондой эле Москвага Донецк менен Лугансктагы “күчтөрүн алып чыгуу, согушкер топторго жардамды токтотуу” чакырыгын кайталады. Жикчилдер жана Орусия добуш берүүдөн баш тартуу чакырыктарын четке кагып келишти.
Орус тышкы мекемесинин маалымат катчысы Мария Захарова өткөн айда шайлоо Захарченконун өлүмүнөн кийин пайда болгон “бийлик боштугун толтуруу үчүн керек” деп айткан. Москва ошондой эле өнөктүк Минск келишимдерин бузуу болуп эсептелбейт деп ырастоодо.
Шайлоо алдында жикчилдер добуш бергени келгендерге арзан азык-түлүк, чөнтөк телефондор үчүн 100 рублдык ваучер убада кылышкан. Ошондой эле жаштар шаан-шөкөт менен шайлоого баратышканы тартылган үгүт видеолорду “Ютубга” жайгаштырышкан.
Жикчилдер Донецк жана Луганск аймактарын 2014-жылы мурдагы президент Виктор Януковичке каршы элдик көтөрүлүш жана Крым жарым аралынын Орусия тарабынан аннексияланышынан кийин ээлеп алышкан.
Батыш бул аракеттерден жана Москванын жикчилдерди колдогонунан улам Орусияга каршы бир нече жолу санкция киргизген. Кремль жикчилдерге көмөк көргөзүүдө, кошуна өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүдө деген дооматтарды четке кагууда.
Донбасстагы куралдуу жаңжал 10 жарым миңден көп кишинин өмүрүн кыйды.