30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылмай болду. Бул тууралуу 29-октябрда өкмөттө шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) буга чейин чет өлкөлөрдө 91 добушкана ачыларын билдирген.
Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамда аралыктан добуш берүү ыкмасы киргизилген. Анда онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). (BTo)
Шерине