Кыргызстандык блогер Арсен Базарбаев дээрлик үч айдан бери Кыргызстандын жөө кыдырып келет. Эңилчектен чыккан блогер Баткендин Зардалысына чейин жөө барды. Ал ушундай жол менен өлкөнүн кызыктуу жерлерин тааныштырууну көздөйт. Европадан билим алып, ишкердиги жүрүшпөй калганда жөө жалаң жолго чыккан Арсен өлкөнү жөө кыдыргандын пайдасы көп экенин, бөлүнүүчүлүктү да жоготоорун айтат.
Шерине