Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:16

АКШ Румыниядагы аскерлеринин санын азайтты


"Михай Когэлничану" авиабазсы. Архив
"Михай Когэлничану" авиабазсы. Архив

Кошмо Штаттар Румыниядагы аскерлердин бир бөлүгүн чыгарып кетти. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, Вашингтон Румынияны жана НАТО боюнча өнөктөштөрдү чыгыш флангдагы аскерлердин санын кыскартуу пландары тууралуу эки күн мурун кабардар кылган. Атап айтканда, сөз "Михай Когэлничану" авиабазасы жөнүндө жүрүүдө.

Украинадагы согуш уланып жаткан жана орус учактары менен дрондору НАТОнун аба мейкиндигин бузган учурлар катталган маалда мындай чечим тынчсыздануу жаратууда.

Бирок расмий Бухарест бул кадам Трамптын администрациясынын жаңы приоритеттеринен улам жасалып жатканын, аскердик блок чыгыш бөлүгүндө активдүүлүгүн арттырганы эске алынганын белгиледи.

Румыниянын коргоо министри Ионуц Моштяну шаршембидеги пресс-конференцияда америкалык миңдей аскер чыгып кеткенин, дагы ушунчасы өлкөдөгү үч базада каларын айтты.

Маалыматка караганда, НАТО АКШнын планы тууралуу билген жана чечимди адаттан тыш окуя деп эспетебейт.

Бир топ аналитиктер Пентагон ресурстарын Европадан Азия-Тынч океан аймагына бөлүштүрөт деп күтүлгөнүн жоромолдошот.

АКШ Европанын башка жерлериндеги аскерлерин азайтары тууралуу расмий билдирүү жасалган жок.

Ак үй НАТОнун мүчөлөрүнөн коргонуу тармагына ички дүң өнүмүнүн 5% коротууну талап кылууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG