Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:42

Америкалык чалгын кызматы: Путин Украина менен компромисске даяр эмес


Орусиянын лидери Владимир Путин Украинадагы согушта жеңишке жетүүнү көксөп турат. Бул америкалык чалгын кызматынын АКШ Конгрессиндеги өкүлдөргө берген отчетундагы бүтүм экенин расмий булактарга таянуу менен NBC News билдирди.

Америкалык эксперттер АКШ президенти Дональд Трамптын аракетине карабастан орусиялык жетекчилик согушту токтотуу үчүн компромисске барууга ниет кылбаганын айтышууда. Өлкө ичиндеги армиянын жоготуулары жана экономикалык көйгөйлөр Путинди кандай болбосун согушта утуп чыгууга аргасыз кылгандай. Ага украин аймагын Орусияныкы кылып бекитип, коңшусуна кол салгандан бери өлкөсү тарткан каржылык жана гуманитардык чыгымды актоо маанилүү болуп турганы америкалык чалгын кызматынын отчетунда айтылган.

Ак үйдүн өкүлү бул маалыматты ырастоодон баш тартып, "Лукойл" жана "Ростнефтиге" каршы америкалык санцияларды Трамптын согушту токтотуу аракети катары көрсөткөн. "Кошмо Штаттары согушту тынч аяктоого кызыкдар. Дүйнө Орусиянын сүйлөшүүгө өз эрки менен барышына көз каранды", - деп айтылат билдирүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG