Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28

Токаев Азербайжандын Борбор Азия-АКШ саммиттине катышуу идеясын колдоду


Президенттер Токаев (оңдо) жана Алиев. Астана, 21-октябрь 2025-жыл
Президенттер Токаев (оңдо) жана Алиев. Астана, 21-октябрь 2025-жыл

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Азербайжандын Борбор Азия-АКШ саммиттине катышуу идеясын колдоду. C5+1 форматындагы жолугушуу 6-ноябрда Вашингтондо өткөнү жатат.

Азербайжандык Minval Politika басылмасына берген комментарийде Токаев Баку чөлкөмдө чоң роль ойногонун белгилеп, өлкөнү "Кеңири Борбор Азиянын табигый бөлүгү" деп атады.

"Энергетикалык ресурстары, ыңгайлуу географиясы, президент Илхам Алиевдин стратегиялык көрөгөчтүгү жана саясий эркинин аркасы менен өлкө Түштүк Кавказда жана анын сыртында маанилүү роль ойноп, иш жүзүндө аймактык транспорттук, логистикалык жана энергетикалык борборго айланды", - деп айтты Токаев.

Казак президенти Азербайжан регионалдык процесстерге камтылып жана Борбор Азия лидерлеринин саммиттерине атайын катышуучу болуп чакырылып келгенин белгиледи.

С5+1 форматындагы саммитке Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чакырылган. Бул – экинчи бийик жолугушуу болмокчу.

2023-жылы Нью-Йоркто АКШнын ошол кездеги президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин алгачкы саммити өткөн.

Азербайжан ал форматка кирери же кирбеси азырынча белгисиз. Эксперттер Алиевдин катышуусу энергетикалык коопсуздук жана транспорттук интеграция маселелерине өзгөчө көңүл бурууга өбөлгө түзөрүн белгилешет.


Шерине

XS
SM
MD
LG