Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:40

АКШда жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Индиана штатында жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болуп, дагы бири ооруканага жаткырылды. Анын абалы оор экени айтылууда.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалыматты ырастап, кырсык болгон күндөн тартып Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу маркумдардын жана жаракат алган кыргыз жаранынын жакындары менен байланышта экенин билдирди.

Министрлик ушул тапта АКШнын тиешелүү мамлекеттик органдары менен кырсыктын себептерин аныктоо иштери жана маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү аракети көрөлүп жатканын кошумчалады.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, кыргызстандыктар бараткан автоунаа түркүкту сүзүп, күйүп кеткен. Бир адам ошол эле жерде каза болуп, эки киши ооруканага жеткирилген жана дагы бир кыргызстандык бейтапканада жан берген. Маркумдардын биринин сөөгүн АКШда жерге берүү маселеси каралып жатканы айтылууда. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG