Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:42

ИМ тобуна каршы коалиция багытын талкуулады


Мосулда кадимки жашоону калыбына келтирүү азыр Ирак өкмөтү үчүн олуттуу көйгөйлөрдүн бири.
Мосулда кадимки жашоону калыбына келтирүү азыр Ирак өкмөтү үчүн олуттуу көйгөйлөрдүн бири.

“Ислам мамлекети” тобуна каршы эл аралык коалиция Вашингтондогу соңку жыйында алдыдагы стратегиясы менен кадамдарын талкуулады. Коалициянын бул жолку кеңешмеси Иракта бийликтер өлкөнүн экинчи ири шаары – Мосул экстремист согушкерлерден бошотулду деп жарыялагандан кийинки учурга туш келди.

“Ислам мамлекети” тобуна каршы учурда жетимишке жакын өлкө кирген эл аралык коалициянын Вашингтондогу үч күндүк кеңешмесинде эми кийинки приоритеттер эмне болуш керектигине көңүл бурулду.

Биргелешкен аракеттердин аркасында халифатчылар ири шаарлардан жана башкы таянычтарынан сүрүлүп жаткан шартта эми күн тартибине бошотулган аймактардын турукташуусуна жардам берүү маселеси чыкканы, ошол эле Мосулдагы “жеңишти” коргоп калуу зарылдыгы да айтылды:

- Ирактан алынган сабактарга кошумча биз бүгүн коалициянын стабилдештирүү боюнча жумушчу тобунун алкагында жаңы демилгени ишке киргизүүдөбүз. Ал бошотулган райондорду ыкчам калыбына келтирүү үчүн донорлук консорциум болот. Консорциум донорлорду бошотулган аймактардагы негизги кызматтарды калыбына келтирүү иштеринин айланасына бириктирүүгө умтулат. Биринчи кезектеги ал долбоорлордун тизмеси Иракта буга чейин иштеген моделге таянып, жергиликтүү калк тарабынан аныкталмакчы,- деди Вашингтондогу кеңешмедеги сөзүндө АКШнын коалициядагы өкүлү Бретт МакГурк.

Анын ырастоосунда, Кошмо Штаттар Иракка гуманитардык жардам иретинде буга чейин убада кылынган 150 миллион долларга кошумча дагы 119 миллион доллар бере турган болду.

АКШ чабарманы алар гуманитардык долбоорлорго коалициянын башка мүчөлөрү да салым кошот деп күтүшөрүн кошумчалады.

Дээрлик тогуз айга созулган Мосул операциясы БУУнун эсебинде, 900 миңден ашуун адамды качкын кылды. Алардын 700 миңдейи там-ташына кайта элек.

Ирактын коопсуздук өкүлдөрүнүн айтымында, азыр Мосулдун негизги бөлүктөрү мина, бомбалардан жардыруу ыкмасы менен да тазаланып жатат.

"Ислам мамлекети" тобунун жанкечтилери үчүн даярдалып, Мосулдан табылган унаалар. 13-июль, 2017-жыл.
"Ислам мамлекети" тобунун жанкечтилери үчүн даярдалып, Мосулдан табылган унаалар. 13-июль, 2017-жыл.

Качып-бозгон мосулдуктарды үй-жайларына кайтарып, алардын кадимки турмуш-тиричилик өткөрүүсүн камсыздоо азыр ирак өкмөтү үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири болуп турат.

БУУнун эксперттери Батыш бөлүгү уруштарда дээрлик талкаланып, кыйраган Мосулда баштапкы калыбына келтирүү иштери бери дегенде бир миллиард долларга турат деп болжошууда:

-Мосулдун Батышынан бул жаңжалдагы эң ири талкаланууларды көрдүк. Зыяндын көлөмүн Иракта буга чейин болгондор менен салыштыруу мүмкүн эмес. Менимче, Мосулдун чыгышы менен батышын ыкчам стабилдештерүү эле бир миллиарддан ашуун долларга турат, - дейт БУУнун гуманитардык иштер боюнча Ирактагы координатору Лиз Гранд.

"Ислам мамлекети" тобунун Мосулда колго түштү делген согушкерлери. 13-июль, 2017-жыл.
"Ислам мамлекети" тобунун Мосулда колго түштү делген согушкерлери. 13-июль, 2017-жыл.

Мосулдун артынан эми Сирияда да ИМ тобунун де-факто борбору Ракка шаары да бошотулат деп күтүлүүдө. Ал жерде шаарды бошотуу аракетин АКШ баштаган коалициянын колдоосу менен жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынын - Сирия Демократиялык күчтөрү көрүп жатат.

Бирок АКШ чабарманы Бретт МакГурктун айтымында, мунун менен эле коалициянын ишмердиги токтоп калбайт:

- Ирактагы уруштар аяктоодон али алыс. Биздин колдообузда эми жергиликтүү күчтөр ИМ тобу көзөмөлдөгөн калган аймактарды, анын ичинде Тал-Афарды, Хавижаны жана ал-Каймды бошотууга киришет. Биз аларды аскерий өнөктүктө, андан кийинки гуманитардык стабилдештирүүдө, башкаруу иштеринде колдойбуз. Ирак менен Сириядан тышкары биздин коалициянын жумушчу топтору ИМ тобунун бүткүл дүйнөдөгү түйүндөрү менен филиалдарына, чет элдик согушкерлердин агымын, топтун каржы булактарын кыркуу, жалган пропагандасына каршылык көргөзүү, Ирак менен Сириядагы жалган халифатын жоготкондон кийин ал тамыр жаюуга умтулган аймактарга көңүл бурду.

АКШнын чалгын кызматтары бир жыл мурда “Ислам мамлекети” согушкер тобунун Ирак менен Сириядагы согушкерлеринин санын 19 миңден 25 миңге чейин деп болжолдогон.

Ал эми Мосул операциясынан кийин анын канча согушкери калганы азырынча анык эмес.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG