Аксынын Сөгөт айылында талаш жараткан тилке эки тараптуу жергиликтүү жетекчилердин катышуусунда аныкталган. Ага ылайык беш гектарга жакын аймак Өзбекстандын жери экендиги документтерде көрсөтүлгөн.
Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Алтынбек Кутманов буларды айтты:
- Ушул айдын башында эки өлкөнүн делимитация жана демаркация маселелери боюнча өкүлдөрү, алар тараптан Жаңы-Коргон чек ара отрядынын жана бизден Ала-Бука чек ара отрядынын командирлери окуя катталган чек ара тилкесинде жолугушту. Ошол жолугушуудан соң карталарды көрүп, протоколдорду караганда өзбек тарапка таандык болуп чыкты. Анткени 2001-жылы 23-августта №8 протокол менен чек арадагы 97-98-участок белгилери эки тараптуу такталган. 2003-жылдын 23-сентябрында №12 протокол менен Бишкек шаарында бул жер бекитилип жатат. Азыркы талаш жер бул картадагы 97-98-белгилердин ортосундагы аралык. Ташкент шаарында 2006-жылы 27-сентябрда №20 протокол менен буга эки президенттин колу коюлган. Ошол үч протоколдун негизинде ал жер өзбек тараптын пайдасына чечилген жер болуп чыкты.
Бирок Кутмановдун айтымында, бул маселе эми өкмөттүк деңгээлде каралып, дагы такталмайынча ал тилкеге эч ким кирбейт. Анткени бул маселе жергиликтүү деңгээлде гана сүйлөшүлгөн дейт.
- Бул маселе эми өкмөттүк деңгээлде чечиле турган болуп, маселе көтөрүлүп жатат. Ал каралганга чейин аталган талаштуу тилкеге эки тараптын тең чек арачылары кирбей турган болду. Бирок ушул күнгө чейин өзбек тарап ал жер боюнча эч кандай суроо-талабын айткан эмес. Ошол себептүү биздин жарандар колдонуп келишкен.
Жалал-Абад облусунун аймагында учурда Өзбекстан менен такталбаган 27 участок бар. Алардын көпчүлүк бөлүгү Аксы жана Ала-Бука райондорунда жайгашкан. Чек ара кызматы берген маалыматта талаш жараткан Сөгөт чек ара тилкеси Чаласарт участкасынын катарында такталбаган тилке катары каттоого алынган. "Ошол себептүү аны Өзбекстандыкы деп айтууга эрте" дейт өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов:
- Райондук аппарат жетекчинин айткан маалыматы расмий эмес жана такталбаган болушу мүмкүн. Район башчысы, облус жетекчиси айткан учурда да ал маалымат туура эмес. Эгерде өкмөттүк деңгээлде расмий түрдө берилсе, ошондо гана так болушу мүмкүн. Ошол себептүү азыр бул такталбаган жерди Өзбекстандыкы же Кыргызстандыкы деп айтууга эрте. Бул жагдайды өкмөттүк деңгээлдеги комиссия аныктап, Жоргорку Кеңеш аны ратификациялаш керек. Ошол учурда гана так айтса болот.
Өзгөн районунун аймагындагы Кемпирават суу сактагычын 1991-жылы Өзбекстанга берүүдө алар 70 гектардан ашуун жерди Аксы районунун чек ара тилкесинен компенсация иретинде Кыргызстанга өткөрүп берүүгө милдеттенме алган. Азыр анын 48 гектары гана кайтарылып, калган жер тилкелери талаш бойдон өткөрүлбөй турат.
Аксы районундагы Унгар-Тоону коргоо комитетинин төрагасы Эргешалы Озокеевдин айтымында, бул жер ошол жылдары бизге берилген участоктордун катарында дейт.
- Өзбекстандыкы, такталбаган чек ара тилкеси деген маалыматтар таптакыр туура келбейт. Эгерде 2006-жылы эки өлкөнүн президенттери кол коюшса, парламент аны ратификациялаш керек. Эгер андай болбосо ал документ мыйзамдуу күчкө ээ эмес. Бүгүн биз ошол талаш жаратып жаткан чек ара тилкесине барып, жергиликтүү эл менен жолугушуп келдик. Ошол окуядан улам ал жерге эч ким бара албай, чөп-жайыттар калып кетиптир. Алар кирип келсе эле артка чегинбей, бийлик бир аракетин көрүш керек. Кезегинде иштеген жер адистери менен да сүйлөштүк. 1991-жылы бул жерди Өзбекстан Кемпирават суу сактагычынын эсебинен бизге өткөрүп берген экен. Ошол жылдардан бери ал жерди биздин жарандар пайдаланып келишет. Азыр бул багытта эл арасында нааразылык күч. Маселени эртерээк чечиш керек.
Озокеев алдыдагы күндөрү бул багытта ал жетектеген комитет Сөгөт боюнча бийлик өкүлдөрүнө элдин атынан ачык кайрылуу жолдорун билдирди.
Ушул жылдын 28-июнь күнү кыргызстандыктар пайдаланып келаткан Аксыдагы чөп жайыт жерге өзбек чек арачылары кирип, аларды чыгарып салышкан. Бул окуядан соң эки тараптан тең жумушчу комиссия иштей баштаган.