“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев өзүнүн Свердлов райондук соту тарабынан айыпталышын саясий куугунтук деп эсептейт. Анын айтуусунда активдүү саясий ишмердүүлүгү, бардык мамлекеттик системаны реформалоо боюнча коюп келген талаптары үчүн бийлик ага каршы иштерди жасоодо:
-Менин үстүмөн коюлган күнөөнүн баары жасалган. Милиция кызматкерлерине жаман сөз айткан деген “жасалма” айып менен мага административдик жаза берип, он күнгө камашты.
Эске сала кетүүчү нерсе: “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев “ээнбаштык кылгандыгы үчүн” деген айып менен 10-август күнү Свердлов райондук ИИБнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, эртеси күнү аталган райондук сот тарабынын административдик жазага тартылган.
Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганда, шаардык сот анын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Учурда бул иш Жогорку Соттун кароосуна жиберилген.
Эркин Бөлөкбаев 2005-жылы мамлекет башына келген бийлик мурдагы президент Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасынан да ашып түшкөн ачкөздүк менен менчикти басып алып жатат дейт:
- Ачкөз “Революционерлер” өздөрүнүн зомбулук, алдамчылык, эки жүздүүлүк жана тоноочулукка негизделген бийлигин 2005-жылдан бери жүргүзүп келе жатышат. Жеке менчикти басып алуу жана бөлүштүрүү биздин өлкөдө кадимки көрүнүш болуп, Бакиевдин мамлекеттик саясатынын деңгээлине чыгып кетти. Менин ошондой дагы бир мыйзамсыздыкты, кезектеги басып алуучулукту видеокамерага тартып алганым – мыйзамсыз камалышыма жана соттолушума алып келди, - дейт Эркин Бөлөкбаев.
“Жашылдар партиясы” мекендештерин, коомдогу күчтөрдү биригүүгө чакырып, адамдык ар намыс, абийирди сактап калууга чакырууда. Партия төрагасынын орун басары Анара Султангазиеванын айтуусунда экономикалык жана саясий кысымдан улам Кыргызстанды таштап кетип жаткан жарандардын саны көбөйдү:
-Кыргызстанда жашоонун үч жолу бар: баарына макул болуп, баш ийип, каяша кылбай жашоо, экинчиси: өлкөдөн кетүү, өзүңүздөр билесиздер, бүгүнкү күнү Кыргызстандан кетип жаткандардын саны абдан көбөйдү. Мурда көбүнчо башка улуттун өкүлдөрү кетип аткан болсо, азыр нукура улуттан көп кетип атышат. Үчүнчү жолу болсо: ар-намысты, абийирди сактап калуу үчүн бийликтин режимине каршы күрөшүү. Биз баардыгын ушул үчүнчү жол менен күрөшүүгө чакырабыз,-дейт Анара Султангазиева.
Кыргызстандагы бийлик, демократия “Жашылдар” партиясы билдиргендей абалда эмес, 2005-жылдан бери өлкөдө адам укугунун корголушу, сөз эркиндиги өкүм сүрүп, экономикалык өсүштөр болуп жатат деген пикирлер да бар. Алардын бири президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун 15 күн камалгандан эле саясий куугунтук деген бүтүм чыгаруу туура эмес деген оюн “Азаттыкка” билдирди:
-“Архипелаг Гулаг” деп, Акаев заманынын уландысы деп күнөөлөй берген болбойт. Мына адам укуктары корголуп атат, ар ким каалаган сөзүн, пикирин айтып атышат. Гезиттердин баары эркин, мурдагыдай сот менен жаап, кысымга алуу жок. Мамлекеттик бюджетке 1,5 млрд сом салык түшүп атат. Мына ушунун баары эле өсүш. Бардыгын бир жактуу карап, бир жактуу күнөөлөй берген туура эмес да.
Өткөн жылы ноябрь айында, быйыл апрель айында оппозиция тарабынан уюштурулуп, бир нече миңдеген кишилердин катышуусу менен чоң масштабда болуп өткөн нааразылык митингдери азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына каршы, экс-президент Аскар Акаевдин мезгилинен бери уланып келе жаткан “үй-бүлөлүк” башкаруу системасына каршы болгондугу айтылган.