Аксы окуясы боюнча буга чейин козголгон кылмыш иштеринде 18-марттагы Кербенде болгон ок атуулар, бул күнү милициянын аткан огунан каза тапкан Элдияр Үмөталиев, уруп-токмоктоодон өлгөн Медетбек Бекмуратов жана ал күнкү милиция кызматкерлеринин токмогунан жаракат алган жарандар тууралуу сөз болгон эмес. Аксылык жабырлануучулар жана укук коргоочулар 18-марттагы окуя тергөө органдарынын көз жаздымында калып жаткандыгына нааразылыгын билдирип келишкен. Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Аксы окуясын аягына чыгаруу боюнча президенттен атайын тапшырма алгандыгын айтып, 18-марттагы окуя боюнча кошумча кылмыш иши козголгондугун билдирди. Анын айтуусунда бул иш менен бирге эле Аксы окуясынын чыгышына себеп болгон Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы боюнча прокуратура кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши да тергелип жатат:
-Аксы окуясы боюнча кошумча дагы эки кылмыш иши бар. Бирөө Бекназаровду камакка алган прокуратура кызматкерлеринин үстүнөн, экинчиси 18-марттагы окуялар, ал күнү каза тапкан өспүрүмдүн иши боюнча. Биз бул эки ишти тең аягына жеткирүүгө аракет кылабыз,-дейт баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев.
Аксы окуясы боюнча учурда кылмыш жоопкерчилигине беш киши: президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаев, Жалалабат облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов, Жалалабат облустук ИИБнын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Токобаев жана Жалалабат облусунун губернатору Султан Урманаев тартылган. Акыркысы депутаттык кол тийбестигине ээ болгондуктан, ага карата тергөө иши токтотулган. Аксылык жабырлануучулар жакында президентке жазган кайрылуусунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы окуялар үчүн дагы бир нече экс-кызматкерлер: мурдагы ички иштер министри Темирбек Акматалиев, ички иштер министринин 1-орун басары Калмурат Садиев, Жалалабат ИИБ жетекчисинин орун басары Ташкараев, Баш прокурордун мурдагы 1-орун басары Курмантай Абдиев жоопко тартылууга тийиштигин талап кылышкан. Башкы прокурор 18-марттагы окуя боюнча булардын жоопкерчилиги чечилет деп билдирди:
-Булардын баарынын жоопкерчилиги чечилет. Ансыз болбойт. Качандыр кимдир бирөө айтыш керек да. Калмурат Садиев болсо 17-марттагы өкмөттүн тапшырмасы менен Аксыдагы абалга толук жоопкерчиликтүү болуп бекиген. Анын канчалык күнөөсү бардыгы да тергөөдө аныкталат.
18-марттагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп жаткандыгын айрым жабырлануучулар кубаттоо менен кабыл алышууда. 2002-жылдын 18-мартында милиция кызматкерлеринин токмогунан каза тапкан Медетбек Бекмуратовдун уулу Мирбек Бекмуратов козголгон кылмыш иши аягына акыйкат чыгуусу маанилүү дейт:
-18-марттагы окуя боюнча буга чейин сөз болбой келген. Эми минтип кылмыш иши козголгону жакшы, бирок ал аягына акыйкат чыкканы эң биринчи орунда.
Буга чейин айтылып жүргөндөй Аксы окуясынын чыгышына ЖК депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы себеп болгон. Баш прокурордун айтуусунда буга байланыштуу прокуратура кызматкерлеринин үстүнөн козголгон кылмыш иши да тергелип жатат. Экс-президент Аскар Акаев да жоопкерчиликке тартылуусу мүмкүн. Бирок бул ишти аягына чыгаруу үчүн соттун Азимбек Бекназаровду актоо өкүмүн жокко чыгаруу керек дейт баш прокурор.
Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков Аксы окуясы боюнча мурдагы мамлекет башчы сөзсүз түрдө жоопко тартылууга тийиш деп эсептейт:
-Акаевдин моралдык жактан гана эмес, юридикалык жактан толук күнөөсү бар. Анткени Үзөңгү-Кууш тууралуу Азимбек Бекназаров президентке импичмент жарыялагандан кийин депутатты камакка алуу демилгесин көтөргөндөрдүн башында Акаев турган. Аны элдин баары билет.