Азиза Абдурасулованын сот иши 15-декабрга белгиленген болчу. Бирок ал күнү сотко кайрылган милиция кызматкерлеринин келбей калгандыгынан улам 20-декабрга калтырылган. Бул күнү түшкө чейин сот 6-декабрда болгон окуянын чоо-жайы менен жакындан таанышуу үчүн телеканалдар тарабынан тартылып алынган видеотасманы талап кылган. Милициянын өкүлдөрү дискке көчүрүлгөн видеотасманы түштөн кийин апкелишти. Бирок аны көрүүгө жана далил катары эсептөөгө Азиза Абдурасулова жана анын адвокаттары каршы чыгышты. Натыйжада сот материалдарды толук түрдө апкелүүнү талап кылып, ишти кароону 26-декабрга калтырды.
Айыпталып жаткан Азиза Абдурасулова өзүнүн үстүнөн козголгон ишти жана сот ишинин улам үзгүлтүккө учуратылып жатышын бийлик тарабынан болгон саясий буйрук деп эсептөөдө:
-10-декабрга чейин эч кандай иш козгоо, рапорт, “бейбаштык” тууралуу сөз жок болчу. 11-декабрда алар мага сотко чакыруу апкелип тапшырышты. Мунун баары жогорку жак тарабынан, Кыргызстанды ХИПИКке киргизүүгө өтө кызыкдар болуп жаткан жогорку бийликтеги адамдар тарабынан жасалып жатат.
Азиза Абдурасулованын сөзүнө “ХИПИКке каршыбыз” демилге тобунун мүчөлөрү да кошулушту.Жаштардын “Акшумкар” коомдук уюмунун жетекчиси Айбек Бусурманкулов азыркы бийлик минтип Кыргызстанды ХИПИК программасына киргизүүгө каршы чыккандарды эмес, өлкөнүн экономикасын бүлгүнгө учуратып, карызга батыргандарды соттосо болмок деген оюн билдирди.
Азиза Абдурасулованын үстүнөн иш козгогон милиция органынын өкүлү, Ленин РИИБнүн жетекчисинин орун басары Мехман Алиев бул иште эч кандай саясий буйрук жок деп баса белгиледи:
- Жок, бул жерде эч кандай саясий заказ жок. Бул деген коомдук тартиптин бузулушу гана. Анткени булар түрдүү тарсылдактарды жардырып, автокыймыл көп мезгилде чоң жол менен жөө жүрүш жасап, авария коркунучун түзүп атышат. Дүйнөлүк банктын имаратынан башка ал жерде шаар тургундары жашашат. Алардан да бизге тынчсызданган телефон чалуулар, кайрылуулар болуп жатат. Менимче бул туура эмес.
Азиза Абдурасулова “ХИПИКке каршыбыз” демилге тобу менен бирге Кыргызстанды ХИПИК программасына киргизүүгө каршы нааразылык акцияларын 29-ноябрдан бери уюштуруп келет. Аны административдик жазага тартууга демилге топтун 6-декабрда Дүйнөлүк банктын алдында Эл аралык валюта корунун башчысы Родриго де Ратонун сөлөкөтүн өрттөп, имаратты жумурткалар менен ургулоо жана кытайдын тарсылдактарын жардырганы себеп болгон.