Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Дрондордун Европанын аба мейкиндигин бузушу. НАТО кандай чара көрөт?


Даниянын аба мейкиндигин дрондордун кайра бузуп киришине байланыштуу НАТО Балтика деңизинде зениттик фрегат жана кошумча чалгын жабдыктарын жиберди.

  • Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Украина менен Орусиянын чек араларына жакын жерлерде Москванын гибриддик согуш тактикасына каршы "учкучсуз аппараттар өтө албаган дубал" курууну макулдашты.
  • Өткөн аптадагы жана ага чейинки дрондорго, тик учакка байланышкан окуялардан улам Европада ири аэропорттор ишин убактылуу токтотууга мажбур болушту.
  • Мындан улам учкучсуз аппараттарды табуу жана кармоо боюнча заманбап система түзүү зарылдыгы жаралган.

27-сентябрда белгисиз дрондор Даниянын аскердик жайларынын айланасында байкалган. Апта башында бир нече дрон өлкөнүн аэропорттору менен маанилүү инфраструктурасынын үстүндө учуп жүргөн.

Эл көп ташыган Копенгаген аэропорту дүйшөмбүдө дрондордон улам бир нече саат ишин токтотууга аргасыз болду. Кийинчерээк дагы беш жарандык жана аскердик аба майдандар убактылуу жабылып, кайра ачылды.


Копенгагендин аэропорту, 23-сентябрь, 2025-жыл.
Копенгагендин аэропорту, 23-сентябрь, 2025-жыл.

Ушул окуялардан кийин НАТО жаңы ресурстар менен Балтика деңизинин аймагында байкоолорун күчөтөрүн кабарлады. Альянстын өкүлү бул жабдыктарды кайсы мамлекеттер берерин тактаган жок.

Жаңы күчтөр блоктун быйыл январда деңиздеги электрөткөргүч жана телекоммуникация зымдары менен газ куурларына зыян келтирилгенден кийин ишке киргизилген "Балтика сакчысы" миссиясына колдоо көрсөтөт.

НАТОнун Балтикадагы машыгуулары. Архив, 2018-жыл
НАТОнун Балтикадагы машыгуулары. Архив, 2018-жыл

Маанилүү инфраструктураны коргоо үчүн НАТО мамлекеттери фрегат, патрулдук учак жана деңиз дрондорун жайгаштырды.

Сентябрда альянс 20га чукул орусиялык учкучсуз дрондор Польшанын аба мейкиндигин бузуп киргенден кийин Европанын чыгышын бекемдөөгө багытталган "Чыгыш сакчысы" миссиясын ишке киргизген.

19-сентябрда Орусиянын МиГ-31 үлгүсүндөгү үч истребители Эстониянын аба мейкиндигин бузуп киргенден кийин аларды НАТОнун миссиясынын алкагында Балтика деңизин кайтарган италиялык истребителдер кармаган.

Эстониянын аскер мекемеси Орусиянын учактары аларга таандык аба мейкиндигинде, Вайндлоо аралынын аймагында эч кандай уруксатсыз 12 мүнөт учуп жүргөнүн айтышты.

«Истребителдер учуу планы жок эле учуп жүрүштү, алардын транспондерлери өчүрүлүп коюлган экен. Аба мейкиндигиндеги чек арадан өтүп кетишкен учурда учактарда эстониялык авиадиспетчерлер менен эки тараптуу радио байланышы болгон эмес», — деп билдирди мекеме.

Кристен Михал эстон өкмөтү НАТОнун Уставынын 4-беренесинин негизинде чара көрүү талабын койгонун билдирди. Бул беренеде альянстын мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө жыйынга чогулушу керектиги жазылган, бирок андан курчураак чаралар жазылган 5-беренеге жетпейт. 4-беренеде «эгер тараптардын арасынан кимдир бирөө аймактык бүтүндүгүнө, саясий эркиндигине жана коопсуздугуна коркунуч жаралганы тууралуу айтып чыкса ич ара кеңешүү жүргүзүлөт» деп көрсөтүлгөн.

НАТОго мүчө мамлекеттер Орусиянын дипломаттарына эгерде согуштук учактары альянстын аба мейкиндигин дагы бузса атып түшүрүлөрүн эскерткен.

Орусия өзүнүн дрондору Польшадагы буталарга чабуул коюуну көздөбөгөнүн, ал эми Эстониянын аба мейкиндигине кирди деген истребителдер чек араны бузбай учуп жүргөнүн айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG