Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

ДҮЙНӨ МАМЛЕКЕТТЕРИНДЕГИ АБОРТКО КАРАТА МАМИЛЕ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде Польша коомунда аялдардын боюнан алдыруу укугу боюнча талаш-тартыштар күчөдү жана кээ бир саясатчылар бул маселе боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүүнү да сунуш кылууда.

Социалисттик Польшада мындай маселе болгон эмес, жана аялдар өтө деле кыйынчылыксыз качан кааласа боюнан алдырып келген. Бирок СССР кулап, социалисттик система чачырагандан кийин, Польша коомунда диний тартип бир кыйла күчөдү жана аборт тууралуу атайын мыйзам да кабыл алынды. Анын шарттары боюнча, боюна бүткөн аял аборт операциясын эгерде ал зордукталган болсо, же болбосо анын же анын боюндагы баланын өмүрүнө коркунуч пайда болгон учурларда гана жасата алат. Ошондуктан, өлкөдө акыркы мезгилде мыйзамсыз аборт жасалган учурлар көбөйдү жана көптөгөн польшалык аялдар боюнан алдырыш үчүн кошуна Чехияга барат.

Өткөн жылдын аягында болсо, бийликтеги "Демократиялык сол альянс" партиясынын башкы катчысы Марек Дыдуч ал мыйзамды жумшартуу керек деп чыкканда, коомдо кызуу талкуу башталды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Дыдучту колдоп чыкты, ал эми парламент спикери Марек Боровски маселени элдик референдумга коюуну сунуштады.

Оппозициядагы "Мыйзам жана адилет" партиясынан парламентке шайланган депутат Михал Каминскинин айтымында, андай референдум өлкөгө зыян гана алып келет:

- Аборт мыйзамы жана аны менен байланышкан башка маселелер абдан коркунучтуу. Эгер биз аны референдумга койсок, бардык укукчулар, консерваторлор ойгонот жана алар Европа Биримдигине кошулууга да каршы чыгышы мүмкүн.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Польшада Европа Биримдигине кошулуу маселеси боюнча референдум өткөрүлөт жана кардинал Йозеф Глемптин айтымында, Биримдикке кошулуу тууралуу келишимге Польшанын аборт системасы өзгөрүлбөй тургандыгы жөнүндө атайын берене киргизилүүгө тийиш. Европа Биримдигине Польша менен кошо кирип жаткан Мальта, мисал үчүн, дал ошондой маселе боюнча азыр Брюссел менен сүйлөшүү жүргүзүүдө, ал эми Биримдиктин мүчөсү Ирландиянын болсо, андай өзгөчөлүгү бар.

Европа өлкөлөрүнүн абортко карата мамилеси ар башка. Мисал үчүн, Ирландияда ага тыюу салынган жана ирландиялык аялдар боюнан алдырыш үчүн Англияга барат. Голландияда болсо аялдардын боюнан алдыруусуна чектөө жок. Абортту жактагандар аял укуктарына басым жасайт. Алардын айтымында, өз денеси же ден соолугу тууралуу ар бир аял өзү каалагандай чечим кабыл алууга укуктуу. Абортко каршы чыккандар болсо, бойдогу баланын да жаны бар жана аны үзүүгө эч кимдин укугу жок деген пикирде.

Америка Кошмо Штаттарында мындан 30 жыл мурда, 1973-жылы, аборт жасоо аялдардын конституциялык укугу деп таанылган, бирок ага карабай, АКШ коомунда да эмгиче бул маселе боюнча талаш-тартыштар бар. Ал эмес, бойдон алдырууга карата мамиле өлкөнүн эки саясий партиясынын негизги айырмачылыктарынын бири: азыр бийликтеги Республикалык партия абортко каршы, демократтар болсо - аны жактайт.

Вашингтон шаарындагы Америкалык университеттин профессору Аллан Лихтмандын айтымында, аборт маселеси АКШда негизги проблемалардын бири:

- Аборт маселеси Американын негизги эки салтынын кагылышуусунан келип чыгат. Бир жагынан алганда, Америка эркин өлкө жана өзүнүн жарандарынын жеке турмушуна көп кийлигишпейт. Бирок экинчи да илгерки салт бар - Американы христиандар Христиан дининин баалулуктарына негиздеп түзгөн.

Ошентип, бир жагынан алганда, өтө жөнөкөй көрүнгөн аборт маселеси кээ бир өлкөлөрдө диний жана саясий да проблемалар менен айкалышат.

XS
SM
MD
LG