24-январда Социал-демократтар партиясынын ноябрдан бери камакта жаткан төрагасы Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык милициясында тергөө иш-чараларына катышып жатканда кыска мөөнөткө эс-учун жоготту. Социал-демократтардын мүчөсү Кадырбек Атамбаев энеси Раиса Атамбаева менен сурак берип чыкты.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзам долбоорунун соңку редакциясы Жогорку Кеңешке түштү. Буга чейинки редакцияларда журналисттердин аккредитациясы, тираж жана башка маалыматтарды көрсөтүү сыяктуу талаптар медиа коомчулукту тынчсыздандырган.
2024-жыл Кыргызстанда саясат кызыган жылдардын бири болду. Жыл ичиндеги саясий окуяларды анализдеп, оппозиция, камоолор, саясий жүрүштөргө көз чаптыралы.
"Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чыгып кетти. Таанымал укук коргоочу бул кадамга белгисиз адамдардын коркутуусунан жана мазактоосунан кийин барганын билдирди.
2024-жыл кыргызстандык журналисттер үчүн оңой болгон жок. Temirov Live редакциясына тиешеси бар 11 журналист камалып, анын төртөө сотто жаза алды. Мындан сөз эркиндигине байланыштуу бир катар сунуштар айтылып, талаштуу мыйзамдар да кабыл алынды. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.
Жогорку Кеңеш интернетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Эми жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, аны жарыялаган медиага 65 миң сом айып пул салынат. Мыйзамдын аткарылышына ИИМ жоопкер болот.
Бишкек шаардык соту жапырт башаламандыкка айыпталган төрт журналисттин ишин карап, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Жаза аткаруу кызматы №2 түзөтүү мекемесиндеги жарандык активисттер Зарина Төрөкулова жана Каныкей Аранова катаал шарттагы жаза өтөө режимине которулганын ырастады. Мунун алдында жакындары жана адвокаттары активисттер мыйзамсыз которулганын айтып чыгышкан.
"Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын уюштуруп келаткан “Умтулуу-2024” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Жогорку Кеңеш коомчулук менен журналисттердин сынына кабылган чуулгандуу интернетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа, мазактоо үчүн айып салууга жол ачкан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
75 жаштагы Гүлира Абдраимакунова абакта жаткан небереси Азамат Ишенбековдун беш жылга кесилгенин уга элек. Апа дагы эле Temirov Live редакциясында иштеген акын небересинин соту бүтө элек деп ойлойт. Ансыз деле Азамат Ишенбеков камалгандан бери ыйлай берип, эки көзү тең көрбөй калган.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети интернет менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жана мазактоо үчүн айып салууга жол ачкан мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Өкмөт айыптын көлөмүн азайтып, мыйзамдын аткарылышына Ички иштер министрлиги жоопкер болорун айтууда.
Дагы жүктөңүз