Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:39

"ЖМК мыйзамынын соңку редакциясында кооптуу нормалар алынды"


Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзам долбоорунун соңку редакциясы Жогорку Кеңешке түштү. Буга чейинки редакцияларда журналисттердин аккредитациясы, тираж жана башка маалыматтарды көрсөтүү сыяктуу талаптар медиа коомчулукту тынчсыздандырган.

Бул жолку редакцияда жалпыга маалымдоо каражаттарынын сунуш-пикирлери эске алындыбы? Кандай өзгөрүүлөр камтылды? Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумуш тобунун мүчөсү, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков “Азаттыкка” маек курду.

- Нурдин мырза, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңешке кирген редакциясы менен таанышып көрдүңүзбү? Буга чейин медиа коомчулук жана жумуш тобу айткан сунуш-пикирлер канчалык эске алыныптыр?

- Мыйзам долбоору парламентке киргени кечээ күнү маалым болду. Долбоордо биз берген сунуштардын негизгилери өзгөрбөй, ошол боюнча калыптыр. Жумуш тобу ишин бүтүргөндөн кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги долбоорду Министрлер кабинетине макулдашууга киргизет. Бул процесс бир аз созулуп кетти, биз эрте эле бүтөт деп күткөнбүз. Менин байкаганым боюнча, биз макулдашкан нормалар ошол бойдон калыптыр.

Бул редакцияны башында сунушталган долбоор менен салыштырууга да болбойт. Анткени мурдагысы өтө эле чийки жана топко бул тармакта иштеген редакторлорду, журналисттерди кошпой туруп жазылган. Бул тармактагы мыйзамды жалаң юристтер жаза албайт, анткени журналистиканын өзгөчөлүгүн, нюанстарын билүү керек да.

- Сиз айткан мурдагы редакцияда медиа коомчулукту, эл аралык уюмдарды тынчсыздандырган бир катар нормалар болгон. Мисалга алсак, мамлекеттик мекемелерден аккредитациядан өткөрүү жана ушул сыяктуу кошумча талаптар болгон. Бул редакцияда ошол кооптондурган талаптын баары алынып салындыбы?

- Ооба, мурдагы редакцияда журналисттин ишмердигине тоскоолдук жарата турган, акылга сыйбаган нормалар бар болчу. Мисалга алсак, ошол эле аккредитациядан өтүү талабы. Кабарчы ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемесинен каттоодон өтүшү керек эле. Журналист кайсы күнү каерде кандай окуя болорун алдын ала билбейт. Ушул сыяктуу орунсуз нормалар болгон. Алардын баары алынды.

- Министрлер кабинети бул долбоорду жаңыдан иштеп чыгууга азыркы мыйзамдын нормалары эскиргени жана замандын талабына жооп бербей калганы менен байланыштырып келет. Акыркы редакциядагы беренелер заман талабына жооп береби жана заманбап журналистиканын сапатынын жогорулашына, өнүгүүсүнө өбөлгө боло алабы?

- Кандайдыр бир деңгээлде төп келет. Бул боюнча демилгечилерге да суроо узатканбыз. 1992-жылы кабыл алынган мыйзам ошол кездеги технологияларга, шартка, журналисттик ыкмаларга ылайыкташкан. Ал мыйзам жакшы болгону менен эскирип калганы чын. Анын үстүнө журналистикада интернет маанилүү роль ойноп калганы үчүн аны да мыйзамга камтуу зарылдыгы жаралган. Негизинен азыркы замандын муктаждыктары камтылып, өзгөртүлдү деп эсептейм.

- Бул мыйзам жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигине тоскоолдук жаратпай турганын белгиледиңиз. Соңку учурда медиаларга жана журналисттерге байланыштуу соттук териштирүүлөр, камоолор, сайтты бөгөттөө орун алды. Мындай көрүнүшкө байланыштуу жергиликтүү жана эл аралык уюмдар да тынчсыздануусун билдирип, кайрылууларын чыгарып жатышты. Медиалардын жана журналисттердин ишмердигине байланыштуу дагы кандай өзгөрүүлөр болушу керек деп ойлойсуз?

- Башка тармакка салыштырып караганда, журналисттик кесип “криминалдашып” кетип жатат. Анткени бул кесипти аркалоо кооптуу болуп калды. Юридикалык жактан алганда да ушундай абал. Аларга карата козголгон кылмыш иштери, камалганы, айып салуулар чоң көйгөй жаратып жатат. Менимче, мыйзамдагы, ошол эле Кылмыш-жаза кодексиндеги нормалар эмес, алардын колдонулушунда маселе бар. Анын талаптарын ар кандай жагдайга ылайыкташтырып, чакырык жок эле жерде “чакырык жасалды” деп журналисттерди айыптап, экспертиза да ошондой жыйынтык чыгарып коюп жатат. Тилекке каршы, ушундай көйгөй бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG