Орусия, АКШ жана бир нече өлкө туткундарды алмашты. Бул – кансыз согуштан берки эң ири айырбаштоо болуп калды. Ак үй 1-августта туткундарды алмашуунун алкагында азат кылынган 16 кишинин арасында Алсу Курмашева, Эван Гершкович, Пол Уилан жана Владимир Кара-Мурза бар экенин бышыктады.
Сөз эркиндиги кенен өлкөдө коррупция аз болот, андыктан журналистти чектеп же камап койбой, анын эркин иштөөсүнө мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарт түзүү зарыл. Мындай пикирин “Азаттыкка” курган маегинде “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү, медиа эксперт Марат Токоев билдирди.
Абакта жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын тергөөчүсүн жана академиянын жетекчилигин айыптаган билдирүү таратты.
Бишкекте 2022-жылы март айынан бери митингдерге киргизилген чектөөнүн мөөнөтү улам узарууда. Акция өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. Ош шаарында да ар кандай нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизилди.
“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти маркум Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура алты жыл болду. Өлкөдөгү курч, талылуу маселелерди тайманбастан козгоп, сөз эркиндигинин тарыхында өчпөс из калтырган инсандын эмгеги жана учурдагы иликтөөчү журналистиканын абалы тууралуу кеп кылабыз.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өз арызы менен мандатынан ажыратылды. Икрамов мындай чечимди кабыл алууга эмне түрткү болгонун айта элек.
OCCRP - Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору Кыргызстандагы медиа өнөктөшү Temirov LIVE менен Фейсбуктагы пикири үчүн соттолуп кеткен Каныкей Аранованын иши боюнча иликтөө жарыялады. Анда Арановага айып коюуга негиз болгон баракча башында башка бирөөнүн атына ачылганы айтылат.
Чүй облустук соту 15-июлда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирге карата Аламүдүн райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Райондук сот буга чейин аны беш жылга эркинен ажыраткан. Олжобай Шакир өкүмдү “адилетсиз чечим” деп атады.
CIVICUS эл аралык уюму Кыргызстанды жарандардын эркиндигин чектеген мамлекеттердин тизмесине кошту.
Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча акталгандардын өкүмүн жокко чыгарууну суранды. Акталгандар айыптоочу тараптын арызын "бийликтин буйругу" катары сыпаттады.
Бишкектеги №1 тергөө абагындагы журналисттердин камералары тинтилген фактыдан улам Башкы прокуратурага арыз жолдонду.
Олжобай Шакирдин соту ишти караган соттук коллегиянын мүчөлөрүнүн бири өткөн аптада коррупцияга шек саналып камалганы үчүн белгисиз мөөнөткө жылып кетти.
Дагы жүктөңүз