Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Тынч жыйындарды чектөө: "Кылым шамы" 50 чечимди талдады


Ошто соодагерлердин нааразылык акциясы. 21-июль, 2024-жыл
Ошто соодагерлердин нааразылык акциясы. 21-июль, 2024-жыл

Бишкекте 2022-жылы март айынан бери митингдерге киргизилген чектөөнүн мөөнөтү улам узарууда. Акция өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. Ош шаарында да ар кандай нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизилди.

Ош шаардык сотунун чечимине ылайык, 28-июндан 31-декабрга чейин жарандар акцияларды Муминов жана Руставели көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ататүрк паркында гана өткөрүүгө укуктуу.

Ал арада баш калаада митингдерге тыюу салган чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кайрылган активисттердин арызы канааттандырылбаганы 22-июлда маалым болду.

"Кылым шамы" укук коргоо уюму тынч жыйындарды чектеген сот чечимдери боюнча 50 ишти талдап, мыйзам бузулганын аныктады. Укук коргоочулар митингдер кайсыл бир көйгөйлөргө бийликтин көңүлүн буруу же үнүн жеткирүү жолу болуп саналарын, сот чечими Конституцияга каршы экенин айтып жүрүшөт.

Тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизүү коопсуздук маселесиби же саясий чечимби? "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова "Азаттыкка" ой бөлүштү:

- Муну толугу менен "Тынч жыйындар жөнүндөгү" мыйзамдын бузулушу деп эсептейм. Себеби аталган мыйзамда кайсыл учурда митинг-пикеттерге тыюу салуунун, кандай жагдайда чектөө киргизүүнүн негиздери так жазылган.

Учурда тынч жыйындарга чектөө киргизген сот чечимдери ал мыйзамга каршы келет. Биз муну эки жылдан бери айтып келатабыз. Адистерибиз митингдерге тыюу салган 50 сот чечимин анализдешкен. Мунун 49унда мыйзамдар бузулганы тууралуу тыянак чыгарылган. Ошол талдоонун жыйынтыгын толугу менен Жогорку сотко бергенбиз, пленум кабыл алгыла, соттук чечимдерди мыйзамга шайкеш келтиргиле деп сунуштаганбыз. Жогорку сот сунушту кабыл алган, бирок абал оңолгон жок.

Соттор саясий жактан көз каранды болбошу керек деп айтылып жүрбөйбү. Бул жерде саясий эрк деп татаалдаштырбай, жөн гана мыйзамды аткаруу эле жетиштүү.

- Сиз айтып жаткан мыйзам кайсыл учурда тынч жыйындарга чектөө киргизет же кандай жагдайда митингге толугу менен тыюу салынат?

- Мыйзамда жазылып турат: элдин коопсуздугуна коркунуч жаралса, анда чектөө коюлат. Же митинг өткөргөн жери өзгөртүлөт, убактысы алмашат жана башка чукул чаралар болот. Ал эми согушка, зомбулукка чакырык жасаган митингдерге тыюу салынат.

Троллейбустарды каттоодон албоо талабы менен акция өткөрөбүз дегендерге уруксат берилбептир. Алар кимге кандай коркунуч жаратып жатат? Жамандыкка үндөп жатышабы? Мамлекеттик органдарда иштегендер тынч жана тынч эмес жыйын дегенди айырмалай албай калды окшойт. Тынч жыйын эч кимге коркунуч жаратпайт. Эл чогулат, талаптарын айтат, тарап кетет.

- Мындай чектөөлөрдүн себептерин талдап көрдүңөрбү?

- Революциянын же төңкөрүштүн арты менен келген кандай гана бийлик болбосун, митингдерге тыюу салат. Бирок бийликтеги баланс деген түшүнүк бар эмеспи. Бул түшүнүктөн алып караганда, башка органдар жагдайга көзөмөл жасашы керек. Чектөөлөр жөнүндөгү демилгелердин мыйзамдуулугун прокуратура көзөмөлгө алууга тийиш. Ал эми чечимдердин туура же туура эместигине сот баа берет. Анысы таптакыр иштебей калган шартта жарандар, укук коргоочулар сотко кайрылат. Бүгүнкү учурда андай механизм иштебей жатат. Жогорку соттун коллегиясы соттордун чечимдерин бир карап чыксынчы. Кайсы мыйзамга таянып мындай чечим кабыл алынып жатат? Эч кандай укуктук негиз жок. Биз муну улам айтып келатабыз.

- Бирок таптакыр тыюу салынган жок. Тынч жыйындарды өткөрүүгө уруксат берген жерлерди бийлик сунуштап атпайбы.

- Мында да тандалма болуп жатат. Горький гүлбагына барып, социалдык маселелерде митингдерди уюштура берсеңиз болот. Бирок саясий маселени көтөрүп чыккандар жыйын өткөрө албаган учурлар арбын. Ал эмес, Горькийдеги митингдерде кармалган жарандар бар. Макул, ошол жакта митингдер өткөрүлө берсин. Бирок ага канчалык көңүл бурулат? Адамдар эмнеге митинг уююштурат? Талабын, ой-пикирин кайсы бир аткаминерге же жалпы бийликке жеткирүү максатында чыгат. Ошол маселе чечилсе экен деп үмүт кылат.

Мен тынч жыйындарды өлкөдөгү саясий-социалдык абалга мониторинг жасоонун мыкты инструменти деп эсептейм. Эгер мамлекеттик мекемелер ошол митингде айтылган талаптарга байкоо жүргүзүп турса, элдин көйгөйүн жакшыраак түшүнүшмөк. “Биз бул көйгөйдү көтөрүп чыктык эле, чечип беришти” деп элдин да өкмөткө ишеними өсөт. Минтип чектей берсе, калк арасында “булар бизди угабы же укпайбы?” – деген суроолор жаралат.

- Ошол эле кезде митингдерди чектөөнүн максаты “коомдук стабилдүүлүктү сактоо” деп мүнөздөлүп атпайбы, муну эл арасында колдогондор да бар.

- Стабилдүүлүк ошол коомдогу көйгөйлөр азайганда жаралат. Жарандардын жумушу болсо, алган айлыгы жашоосуна жетсе, социалдык көйгөйлөр жоюлса, стабилдүүлүк пайда болот. Ким чыр-чатакты каалайт? Мен деле стабилдүүлүк болушун тилейм. Турмушубузда эч кандай маселе жок болсо дейм. Бирок пенсиясы аз жаран бийликке талабын айткысы келсе же оору менен алпурушуп жүргөн киши гемодиализ маселесин көтөрүп чыгам десе, буга чектөө коюла берсе, анда бийлик өзү каалаган стибилдүүлүккө жетеби же жетпейби? Кеп ушунда. Ошондуктан тынч жыйынга чогулгандардан чочубай, аларды угуп, маселелерин чечүүгө аракет кылыш керек. Эгер адамдар айтып чыккан көйгөй чечилип аткан болсо, аны ошол митингде бийлик өкүлдөрү түшүндүрүп, маселени жайгарып койсун, бүттү.

Маалымат үчүн: Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп келатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG