Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

"Журналист айтпаса көйгөй жоюлбайт"


Марат Токоев.
Марат Токоев.

Сөз эркиндиги кенен өлкөдө коррупция аз болот, андыктан журналистти чектеп же камап койбой, анын эркин иштөөсүнө мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарт түзүү зарыл. Мындай пикирин “Азаттыкка” курган маегинде “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү, медиа эксперт Марат Токоев билдирди.

Журналисттик, изилдөөчүлүк жана насаатчылык ишмердигине байланыштуу Марат Токоев "Прага эл аралык кызматташтык коомунун" чакыруусу боюнча Чехиянын борбору Прага шаарында үч ай иштеп, Кыргызстанга кайтып келди. "Азаттыкка" курган маегинде ал кыргыз журналистикасынын азыркы абалы, негизги көйгөйлөрү боюнча ойлорун бөлүштү.

Максаттуу аудитория эмне үчүн керек?

- Марат мырза, сапарыңыз кандай жыйынтыкталды? Бул долбоор сиз үчүн эмнеси менен пайдалуу болду? Кыргызстанга кандай пландар менен кайтып жатасыз?

- Прагага келген сапарым мен үчүн өтө жемиштүү болду, анткени көп жылдан бери багып келе жаткан кыялымды ишке ашыра баштоого мүмкүнчүлүк алдым. Кыргызстанда чакан медианы өнүктүрүүгө эмне керек, кандай жолдору бар, эмнеге басым кылса болот деген суроолорума жооп таптым.

Кыргызстанда өлкөнүн экономикасына, элибиздин төлөө мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигине байланыштуу ири медиаларды иштетүү дээрлик мүмкүн эмес. Чыгымы азыраак, чакан медиа болгону оң. Анын дагы бир ыңгайлуулугу – айыл жергесинде деле эки-үч адам биригип алып, ошол чөлкөмгө байланыштуу же кайсы бир тема боюнча маалымат берип, чагылдырып, иштей берсе болот.

Изилдөөмдө үч нерсеге басым жасап жатам. Биринчиден, кыргыз медиасында көп көңүл бурулбаган нерсе – максаттуу аудиторияны аныктоо. Материал даярдаганда жалпы Кыргызстандын элин, баарын элестетип жасашат. "Баары" деген ар кандай. Арасында мектеп окуучусу бар, жогорку билимдүүсү, аял же эркек дегендей... Алардын ар биринин кызыкчылыгы ар башка.

Баарына тең жарай турган материал даярдоо – замбирек менен таранчыны аткандай эле. Ооба, бирөөнө барып тийиши мүмкүн, бирок замбирек эмес, бир мылтык менен атса болот. Канча деген каражат, күч-кубат кетет андайда. Аудиторияга жетиш үчүн кандай жолдорду колдонсо болот? Радио же гезит, сөзсүз кеңсе, сайт болушу керек деген эски түшүнүк бар. Ал эми чакан медиа иштетиш үчүн көп деле каражаттын кереги жок, маалыматты үнөмдүү жол менен жеткирүүнүн толтура мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле социалдык тармактар аркылуу же материал жайгаштырса боло турган көптөгөн акысыз кызматтар бар. Бирок аларды колдонуу үчүн максаттуу аудиторияң ким экенин билишиң керек, анткени Фейсбукта отурган адам менен Инстаграмда отурган адамдардын кызыкчылыгы ар башка.

Экинчи маселе – азыркы учурда мүмкүн болушунча чыгымдарды азайтып иштөөгө аракет кылыш керек. Мунун да ар түрдүү жолдору бар. Азыр интернетке басым жасалууда. Ал жакта көптөгөн программалар, мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, Майкрософтун программасын сатып албай деле, Виндоус берген мүмкүнчүлүктөрдү акысыз колдонсо боло турган кызматтар бар. Кеңсеге барып, кагазга чыгарып, оңдоп, жөнөтүп, убакыт коротпой, аралыктан эле эки-үч киши бир материалдын үстүндө чогуу иштесе болот, бирөө оңдогонду экинчиси көрүп турат. Аралыктан иштөөнүн артыкчылыгы – кеңсени камсыздоого кеткен чыгымдардан арылуу. Радиону деле интернет аркылуу таратса болот. Азыр интернет ар бир смартфондо бар. Мурдагыдай лицензия, жыштык алат элем деп убара болбойсуң.

Үчүнчүсү – чыгымды азайтканың менен, каражат тапканды да билиш керек. Ушул боюнча да бир топ пайдалуу маалымат алдым. Бизде каражат табуунун жолу гезиттер үчүн, мисалы, - сатык, ал эми бардык медиа үчүн - жарнама. Жарнама жок болсо эле медиа сызга отуруп калчу. Азыркы учурда акча табуунун ондон кем эмес жолу бар. Аларды биздин шартка ыңгайлаштырып колдоно билүү гана керек. Бирок мунун баары кайра эле аудитория маселесине такалат. Эгерде сен максаттуу аудиторияга иштесең, ал сени урматтап, сыйлап, иштешиңди каалап турса, сага колдоо көрсөтөт. Аудиторияң канчалык кенен болсо, жарнама берүүчү да кызыга баштайт. Чехиядагы медиа Кыргызстандагыдан, албетте, кескин айырмаланат, таптакыр башка шартта иштешет. Бирок айрым жолдорун, айрыкча аудитория менен иштөө жагын, менимче, кыргыз медиалары толук колдонсо болот. Ошонун арасынан кайсынысы бизге жарамдуу экенин иргеп жатам, бизге пайдалуу боло турган көп нерселерди байкадым.

Акысыз аспаптардын – журналисттик материалды кызыктуураак жасаш үчүн, кайсы бир чыгымдарды азайтуу үчүн, сүрөт колдонуу, аудиону кагаз бетине түшүрүү – маалымат базасын да топтоюн деп жатам. Мурда биз өзүбүз угуп, терип чыгат элек. Азыр программалар бар, автоматтык түрдө өзү терип салат, болгону, айрым жерлерин оңдоп коюу керек. Жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүгүн жардамчы катары гана, маалымат топтоо, журналисттин ишин жеңилдетүү үчүн колдонгон оң.

Бул менин оюм болчу. Буюрса, ушунун баарын ишке ашырганга аракет кылам. Он чакты киши жасай турган иш экен, карап көрсөм. Баштап алыптырмын, баарын топтоштуруу да чоң иш. Журналисттер үчүн окутуу уюштуруу керек болот. Каражат табуу жолдорун караштырабыз.

- Изилдөө ишиңиз кандай форматта жүрдү?

- Эркин форматта болду. Борбор Азия аймагынан көп киши, ар кайсы тармактагы адистер келиптир. Алар менен байланышуу, пикир алмашуу мен үчүн чоң тажрыйба болду. Кайсы бир маселе боюнча ментор жалдаганга мүмкүнчүлүк болуп жатты. Тил билбесең, котормочу да берип жатышты. Маектешип, сүйлөшүп, көп маалымат топтой алдым.

Тилекке каршы, чет тил билбегеним көп учурда кедергисин тийгизди. Тил билсем, мындан да көбүрөөк маалымат ала алат белем.

"Журналисттердин өзүн чектегени коомго зыян"

- Сиз журналистиканын бардык тармактарын - радио, TV, гезит жана маалымат агенттиги деген эмне экенин ичинен билген адиссиз. Бардыгында иштегенсиз, тажрыйбаңыз бар. Кыргызстандагы азыркы журналистиканын абалы боюнча көз карашыңыз кандай? Көйгөйлөрү кайсылар?

- Интернеттин, технологиялардын өнүгүүсү, жасалма интеллекттин пайда болуусу менен жалпы дүйнөлүк ЖМКда өтө чоң өзгөрүүлөр болууда. Мурда адам маалыматты гезиттен, теледен, радиодон алып келген болсо, азыр көбү интернеттен, социалдык тармактардан алат. Сайттарга да көп кирбей калышты. Мурда оюн-зоок тиркеме катары эсептелген Тик Ток да азыр маалымат берүү жагына ыктап баратат. Муундарга жараша алар да өзгөрүүдө. Мисалы, биздин муундун маалыматка жетүү жолдору башка болсо, балдарыбыздыкы бир башка, ал эми неберелерибиздики такыр башка.

Ушунун баары медианын ишинин өзгөрүшүнө алып барууда. Анткени алар эл үчүн иштейт. Элдин маалымат алуу жолдору, кызыкчылыгы ар башка болуп өзгөрүүдө. Илгери шашпай, бир макаланы башынан аягына чейин окуганга мүмкүнчүлүк болсо, азыр андай эмес. Башында эле бир-эки сүйлөм менен көңүлүн бурдура албасаң, андан ары окубай коюшу мүмкүн. Демек, маалыматты кыска, анан дагы сүрөтү, видеосу менен берүү керек болууда.

Мурда статистикалык маалыматты көргөндө эл чочулайт эле, азыр ошону жөнөкөйлөтүп жеткире турган дата-журналистика өнүгүүдө.

Мурда ар бир ЖМК түрү өз-өзүнчө болуп, айырмаланып турса, азыр бири-бирине сиңишип, аралашып баратат. Радиодон үн чыгып, толкун аркылуу тарап кетсе, азыр эфир учурун видеого тартып, TVга, текстин терип сайтка да жайгаштырып, подкаст кылып интернетке чыгарып жатышат. Бул заман талабы болууда.

- Кыргызстандын мисалында бул процесс кандай жүрүп жатат?

- Албетте, жогорудагы көрүнүш Кыргызстанда да байкалат, бирок бизде интернет анча жакшы өнүкпөгөндүктөн, чынын айтканда, ири медиа да жок, ушул сыяктуу өзгөрүү процесси кечирээк келүүдө. Анан да кыргыз медиасы жаңы нерселерге үйрөнүү жагынан аксап калуудабыз. Чет тил билбегенибиз да чоң кедергисин тийгизүүдө. Себеби жаңы нерсенин баары англис тилинде. Окутуу, стажировканын көбү да англисче.

Маселе толтура. Ошол эле сөз эркиндиги, маалыматка жетүү эркиндиги жагынан кыйынчылыктар көп.

Журналисттер оюн эркин айткандан чочулап калышты. Себеби көбү камакка алынып, соттолууда. Адеп-ахлак нормаларын бузган учурлар да бар, бирок өз оюн айтканы үчүн гана соттолуп, күч органдарына маектешүүгө чакыртылып жатканы чочулатууда. Мындай шартта журналист өзүн чектей баштайт, “бир нерсени айтсам жакпай калса эмне болот? Кой, андан көрө унчукпай эле коёюн” деп. Бул өтө опурталдуу.

Өзүн өзү чектөө күчөгөн жерде курч көйгөйлөр ачыкка чыкпай, айтылбай, өлкө туманда жашагандай болуп калат. Эң жакындагы эле нерсе көрүнүп, алыстагысы көрүнбөй, байкалбай калышы мүмкүн. Түз жер экен деп баратып аңга түшүп калышың ыктымал.

Көйгөйлөр болуп жатканына журналист күнөөлүү эмес да. Көйгөй бар, журналист ошону гана айтып жатат, жоюлса, айтпай калат.

Журналист - коомдун гана эмес, бийликте отургандардын да кулагы, көзү. Коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, кандай көйгөй бар экенин, өнүгүүгө эмне тоскоолдук кылып жатканын билип, маанайды байкап турушу үчүн бийлик, тескерисинче, журналисттерге колдоо көрсөтүшү керек.

Анын үстүнө, журналисттик коомчулук өзүн өзү тескегенди билет, үйрөнүп калган. Бизде ЖМКга даттанууларды териштирүү боюнча курамына кесипкөй адистер, журналисттер, бул чөйрөдө кадыр-баркы бар, айтканына кулак төшөгөн адамдар кирген атайын комиссия иштейт. Кайсы бир медианын ишине нааразы тарап ошол комиссияга кайрылса болот, ал жактан Этика кодексине ылайык карап чыгып, журналисттин иши этикага канчалык туура келгени териштирилет. Ушул ишти андан ары улап кетишсе жакшы болот эле.

Скандинавия өлкөлөрү көп жагынан дүйнөгө үлгү, аларда сөз эркиндиги дайым алдыңкы орунда, ал эми коррупция деңгээли өтө төмөн. Бул эки көрсөткүч бири-бири менен тыгыз байланышта. Сөз эркиндиги күчтүү жерде жемкорлук аз болот.

Эгер бизде да ошондой болушун кааласак, анда алардын жакшы ыкмаларын колдонушубуз керек.

Аларда колунда бийлиги, мүмкүнчүлүгү бар адамдар, айрыкча мамлекеттик кызматта иштегендер, саясатчылар журналистти сотко берсе сот доо арызын кабыл албайт. “Сен биринчи комиссияга барып, ошол жактан баарын такташып ал” дейт.

Негизи, доо койгон тарап деле медианы жаап салып, айыппулга кириптер кылып, кандайдыр бир жаманатты кылгысы келбейт. Алар үчүн чындыкка жетүү биринчи максат болот. Комиссияга кайрылса, ал жактагылар журналист туура эмес кылган деген бүтүм чыгарса, кечирим суратат, төгүндөөсүн жарыялатат. Көп учурда ушул жетиштүү. Медианы жабууга чейин жетпейт. Сотко чейин эле маселени жаап койсо болот. Камабайт. Соттошуу - эки тарапка тең чоң чыгым алып келген, нервди алган иш.

Ушул ишке мамлекет колдоо көрсөтсө, сотко кайрылгандардын арызы биринчи кезекте жанагыдай комиссиянын элегинен өтсүн деген шарт койсо, ошондо, менимче, көп нерселер жөнгө салынат.

Журналист туура эмес маалымат берип алган окуялар жок эмес, бар. Көпчүлүк учурда билбестиктен да болуп калышы ыктымал. Бирок кыянаттык кылгандар, буюртма менен иштегендер да болот. Эгер комиссия туура иштесе, андай кабарчы дароо эле билинип калат. Андай журналисттердин кадыр-баркы түшүп, аброю кетет, чындыкты жана аудиториясын урматтаган медиада иштей албай, иргелип калышат.

- Бул механизм канчалык кеңири колдонулуп жатат азыр бизде?

- Тилекке каршы, бул көп нерсеге байланыштуу. Комиссия мүчөлөрү акысыз иштешет. Жеке убактысы кетет. Ар бир материалды талдап чыкканга көп убакыт, талаш-талкуу талап кылынат, ошондо гана чындыкка жетсе болот.

Териштирүү чыр-чатак менен бүтпөйт, көбүнчө кол алышып, ишти жөнгө салып алышат. Менимче, бул эң жакшы жолдордун бири, себеби, бир четинен, журналисттерди да тартипке салып турат, экинчиден, доо койгон тараптын да убактысы, нерви үнөмдөлүп, чындыкка жетүү жолу кыскарат.

- Сиз айтып жаткан комиссияга кайрылгандар көппү?

- Чынын айтканда, көбү ошондой комиссия бар экенин билбейт. Ал тууралуу маалымат таратылса, колдоо болмок эле, эл көбүрөөк билет эле.

Мамлекеттик кызматта иштегендер менен жолугушканда бул комиссия тууралуу алардын көбү билбей турганын көрдүк. Журналисттер менен соттошкондор, нааразы болгондор арасында “аны билсек кайрылмакпыз” деп айткандар болот.

- Комиссияны кеңири таанытуу үчүн эмне кылуу керек?

- Биринчиден, “коомчулукка таанымал адам” деген түшүнүктү киргизүү зарыл. Биздин мыйзамдарда андай аныктама каралган эмес. Эгер ошондой иш келсе, аны сот эмес, адегенде комиссия карашы керек дегендей ишарат кылса, менимче, бул тууралуу билгендер да көбөйөт эле.

Комиссия юридикалык жактан катталган уюм эмес. Анын жыйындарын өткөрүү үчүн зал керек, арыздарды кабыл алып, таркатып, талкууну уюштуруу зарыл, мунун баарын бейөкмөт уюм жүргүзөт эле. Эми жаңы мыйзам (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам) кабыл алынгандан кийин ошол комиссиянын ишин уюштурган уюм өз ишин токтотуп коюшу мүмкүн.

"Журналисттин милдети мактоо эмес"

- Журналисттердин ишин жөнгө салуучу негизги документ - “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам. Бул мыйзам 1992-жылы кабыл алынган, кийин айрым өзгөртүүлөр киргизилген. Бирок таптакыр жаңысын кабыл алуу аракети көрүлүп, президенттик администрация 2022-жылдын күзүндө өз долбоорун сунуш кылган. Бул долбоор аягына чыккан жок. Жаңыдан иштелип чыккан редакциясы президенттин атынан сунушталып, быйыл 9-июлда коомдук талкууга коюлду. Жаңы долбоор боюнча сунуштарга пикириңиз кандай? Деги эле мыйзамды жаңылоо зарылбы, эгер зарыл болсо кандай өзгөртүүлөр кириши керек?

- Кайсы гана мыйзам болбосун, заман талабына жараша жаңыланып турса жакшы. Бирок маселе башкада – ал медианын ишин канчалык жөнгө сала алат, өнүгүүсүнө, туура иштөөсүнө өбөлгө түзө алат? Мыйзам долбоорун бийлик сунуштайт, журналисттер бийликти сындап коюшат, көбүнө бул жакпайт, андыктан аларды ооздуктагысы келе баштайт.

“Эмне үчүн журналист жакшы иштерге көңүл бурбайт, мактабайт, сөзсүз эле кемчиликти айтып турат?” деген ойлор бар. Бул туура эмес.

Журналистиканын биринчи милдети – коомдо болуп жаткан, анын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып келаткан нерселерди айтып, көрсөтүп, сындап туруу. Мактоо эмес.

“Демократиянын кароолчу ити” деп да атап коюшат журналистиканы. Ит булбулдай сайрабайт, ал үрөт. Ит кандайдыр бир коркунуч жаралганын, үйгө ууру киргенин билдирип, белги берип турат. Журналистиканын миссиясы ошондой. Ушуну эске алуу керек.

Көп эле медиа өлкөдө болуп жаткан жакшы иштерди, башкаларга үлгү, өбөлгө боло турган көрүнүштөрдү айтып, жазып эле келатышат. Адам табияты ошондой, аны бирөө мактап турса жакшы көрөт. Ал эми сын эч кимге жакпайт. Кызматың канчалык жогору болсо, сынга ошончолук көп кабыласың. Бирок ишин сындаса, жеке өзүнө кабыл алган учурлар жок эмес.

Эгер бийликтегилер Кыргызстандын чын эле өнүгүшүн, коррупция азайышын кааласа, медиа үчүн кенен шарт түзгөнү, алардын жабылып калышына жол бербегени туура болот эле.

Бизде, тилекке каршы, журналисттерди камап да коюп жатышат. Ар кандай шылтоо менен медиалар жабылууда. Бул өтө опурталдуу.

Кыргызстан – чакан өлкө. Журналист анча деле көп эмес. Камалган журналист – бирөөнүн досу, таанышы. Аларды көргөндө, башкалар да унчукпай калат. Адам өзүн өзү чектегенде көп нерсе ачык айтылбайт. Мунун айынан биринчи кезекте өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедерги тийиши, чоң маселелерге алып келиши мүмкүн.

Мыйзам тууралуу айта турган болсок, бул бийлик тараптан болуп жаткан ишарат. Эскирип кетти деген жүйө менен, бирок чынында журналисттин ишин татаалдаткан нормалар кирип калган. Алардын иши жабылса, Кыргызстандагы маселелердин баары өзүнөн өзү чечилип кала тургансып... Долбоорду медиага нааразы адамдар жазгандай болгон. Медиа топтун сунуштары эске алынган эмес. Бирок президенттин жеке жолугушуусунда ушул маселе көтөрүлүп, ал долбоорду кайра иштеп чыгуу боюнча буйрук берген. Буга баарыбыз кубандык. Азыр, менимче, медиа тармактын көп сунуштары эске алынат, бирок жараяндын өзү компромисс да. Андыктан азыркы долбоор буга чейинкиге салыштырганда бир топ жакшыраак болот, бирок медианы чектеген, ишин татаалдата турган айрым нормалар баары бир кириши мүмкүн.

Жеке менден көз каранды болсо, тескерисинче, медианын эркин өнүгүүсүнө, эркин иштөөсүнө болгон шарттарды түзгөн мыйзам жазмакмын. Ошондо Кыргызстанда терс көрүнүштөр азаят эле, себеби медиа маселени ачык айтса, элдин назарында болуп, баары билип турмак.

Жасалма интеллект жана журналистика

- Албетте, журналистиканын табияты негизги принциптерге таянып, ошол эле учурда заман талабына жараша жаңыланууну талап кылат. Мурда журналистиканы окуткан саналуу гана факультеттер, калыптанып калган стандарттар бар эле. Азыр баары башкача. Журналистиканы аяктап жаткан студенттер канткенде иш таба алабыз, эмнени үйрөнсөк деп сурап калышат. Аларга кеп-кеңешиңиз кандай?

- Биринчи кезекте чет тилдерди үйрөнүүгө чакырат элем. Журналистикадагы жаңы тренддин баары, ар кандай акысыз окутуулар, стажировкалар да көбүнчөсү англис тилинде. Билим деңгээлин, кесипкөйлүгүн англис тилинде өнүктүрүүгө журналист үчүн толтура мүмкүнчүлүк бар.

Экинчиден, медиа азыр өтө көп тармактуу болууда. Кайсы бир багытты “мына ушуну гана” деп айта албайсың. Универсалдуу болууга аракет кылыш керек – журналист видеону да, фото сүрөт тартканды да, аудио менен иштегенди, текст жазганды, чоң маалыматтар (Big Data) менен иштегенди да билиши керек болууда.

Дагы бир кеңешим – жасалма интеллектти журналистикада да колдоно билүү керек. Бул жаатта жакшы тажрыйба топтолуп калды, жаңы кызматтар пайда болууда. Жасалма интеллекттин көбү англис тилинде жакшыраак иштейт.

Анан, албетте, тармактык медиага да көңүл бурсак жакшы болот эле. Анткени экономика болобу же башка тармакпы, адистешкен журналисттер жок экенин байкап жатабыз. Ооба, бардык темада жаза берсең болот, бирок кайсы бир теманы терең билбесең, өздөштүрбөсөң, мыкты ачып бере албайсың. Медицина темасын, мисалы. Азыркы тапта, менимче, эң көйгөйлүү темалардын бири – экология. Глобалдык жылымдашуу өтө күчөп баратат, анын кесепетин көрүп жатабыз – сел жүрүп, абанын температурасы улам барган сайын жогорулап, токойлор өрттөнүп... Мунун баары адамдын жашоосуна сөзсүз таасирин тийгизет. Ошондуктан биз бул токтобой турганы, эмнеге көңүл бурушубуз керектиги, сууну кантип үнөмдөсө болору жөнүндө элге маалымат бере башташыбыз керек.

Бирок мени түйшөлткөн маселе – тармактык багытка адистешкен журналистке эмгегине жараша маяна төлөп бере алгыдай медиа болушу керек. Бизде ошондой мүмкүнчүлүк барбы? Бул чоң маселе. Татыктуу маяна төлөп бере алгыдай медиа бизде көп эмес, журналисттердин баары эле аларда иштей албайт.

Чакан медиа ачып, балким, элдин ишеничине жете алсаң, кызыгуусун жарата алсаң, анда аудитория колдоп кетет эле. Менин изилдөөм да мына ушуга арналган.

- Ал эми журналист өзү эмнеге муктаж бүгүн? 2006-2016-жылдары сиз "Журналисттер" коомдук бирикмесин жетектеп турдуңуз. Журналисттин укугун коргоо, кесиптик стандарттар, сөз эркиндиги боюнча 50дөй долбоорду ишке ашырдыңыз. Азыр да жер-жерлерди кыдырып, көпчүлүгү менен байланыштасыз, кабарыңыз бар..

- Журналист көп нерсеге муктаж. Бардык эле өлкөлөрдөн байкадым. Айрымдары гана, мисалы, Опра Уинфри сыяктуу жылдыз болуп чыкпаса, журналисттер арасынан бай адамдарды кезиктирүү өтө сейрек. Айлыгы аз болгондуктан бир нече медиа менен кызматташып иштешкендери бар. Кыргызстанда деле ошондой абал. Анын үстүнө, бизде медиа өзү аз.

Социалдык колдоо жагынан да биз аксап жатабыз. Журналисттик профсоюз уюм болсо эң сонун болмок. Жумуш берүүчүнүн баары кызматкерди болушунча көбүрөөк иштеткенге аракет кылат, ал чарчап-чаалыгабы, эмоционалдык жактан күйүгөбү – кызыкпайт. Ушундай шартта журналист эки-үч жыл катуу иштегенден кийин эч нерсе кылгысы келбей калган учурлар болот. Ошондойго жеткирбеш үчүн иш нормасын жөнгө салган, тескеген, журналисттин эмгек укугун коргогон уюм керек.

Албетте, журналисттин маалыматты эркин алып, таратууга болгон укугун камсыз кылуу зарыл. Мыйзам чегинде иштеген кабарчыда оюн ачык айтуу, маалыматты тоскоолдуксуз чогултуу укугу болушу керек. Бул жагынан бизде чоң маселелер бар.

Айрым мамлекеттик маалымат булактары жабылып жатканын байкоодобуз. Оюн эркин айткандан да коркуп калышты “мени да камап, соттоп жиберишеби” деп.

Адвокаттар бар, коргоп жатышат. Бирок алар журналистти камоого мыйзамдык негиз жок экенин айтса да болбой эле, камап жатышат.

Журналисттердин сот процесси уланууда, кандай жыйынтык болот, көрөбүз. Бирок, мисалы, Болот Темировду мамлекеттен чыгарып салдык. Олжобой Шакирди мөөнөт берип, абакка соттоп койдук. Аскат Жетиген жарандык коом өкүлү, ооба, кичине одоно айтып койгон, бирок ал да өз пикирин айтканы үчүн эле камалды.

Аларды Кылмыш-жаза кодекси менен эмес, Жарандык кодекс боюнча эле чектеп, айыппул салып, чечип койсо болот эле.

Кыргызда “Баш кесмей бар, тил кесмей жок” деген бар эмеспи. Бизде, тилекке каршы, сөзү үчүн отургандар болууда. Өкүнүчтүү.

- Марат мырза, сизди биз акын катары да тааныйбыз. Европада үч ай болдуңуз, чыгармачылыкка көңүл бура алдыңызбы? Жеке өзүңүз үчүн кандай таасир ала алдыңыз?

- Чынын айтсам, ыр жазганга мүмкүнчүлүк болгон жок, бирок келечекте жарала турган саптар көңүлгө топтолду. Прага мени жашылдыгы менен таң калдырды. Абасынын тунуктугу, тазалыгы менен. Коомдук транспорттун ыңгайлуулугун байкадым, жадыбалына ылайык мүнөт-мүнөтү менен каттап турат экен. Шаар тургундарынын, коноктордун эс алуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Ачык асман алдындагы мыкты концерттин, ар кандай маданий иш-чаралардын баары бекер болгону да жакты.

Албетте, бизде деле эл үчүн ошондой шарт түзгөнгө мүмкүнчүлүк бар деп эсептейм. Каржы маселеси бар деңизчи, буларда деле маселе толтура, бирок элдин өзү да тартип, тазалык үчүн жоопкерчиликти сезип, бийликтин үстүнөн көзөмөл жүргүзүп жашайт экен. Бара-бара биз да ошого келебиз деп ишенгим келет.

- "Азаттыкка" маек куруп бергениниз үчүн рахмат. Ишиңизге ийгилик!

XS
SM
MD
LG