Жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова 12-майга чейин камалды. Мындай чечимди Свердлов райондук сотунун судьясы 17-апрелге караган түнү кабыл алганын "Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчысы Айбек Бийбосунов билдирди.
Кыргыз тилдүү окурмандар үчүн азыр керектүү болгон медиа сабаттуулук боюнча «Алданба!» китеби чакан тираж менен басылып чыккан бойдон элге кеңири жете элек. Анын авторлорунун бири Жыргалбек Касаболот ылайыктуу демөөрчү чыгып, каражат табылса экинчи басылышын да чыгарууну көздөп жатат.
Жогорку Кеңеш 10-апрелде интернетке жарыяланган жалган маалымат үчүн айып салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке ылайык, жалган маалымат боюнча түшкөн арыздын негизинде милиция кызматкерлери тергөө жүргүзүп, сотко өткөрүп берет.
Жогорку Кеңеш 9-апрелдеги жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Медиа коомчулук менен макулдашылып иштелип чыккан долбоорго депутаттар бир катар сунуш-пикирлерин беришти.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка караганда, 26-мартта ушул эле райондун администрациясынын 1-апрелден 30-июнга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот канааттандырды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттыктын” студиясына келип, соңку камоолор, чек аранын такталышы, сөз эркиндиги, депутат Султанбай Айжигитовго байланыштуу жана башка актуалдуу темалардын тегерегинде суроолорго жооп берди.
Кыргызстандын медиа аракет платформасы жарандык позициясы үчүн камалган журналист боюнча тынчсыздануусун билдирип, бийлик өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоду. Социалдык тармактагы пикири үчүн кармалган эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова 19-майга чейин камалды.
Бишкектин Свердлов райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды. Бөгөт чарасынын мөөнөтү 19-майга чейин деп аныкталды. Сот отуруму жабык өттү. Милиция ал "массалык башаламандыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкты козутууга" шектүү деп билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк Бишкектеги маалымат жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына камтамачылыгын билдирди. Ал өлкөдө топ активисттердин жана журналисттердин камалганын, айрым медиаларга чектөөлөр болгонун айыптады.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жалган маалымат таратууга айыппул салуу тууралуу жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келди. Анда мамлекеттик кызыкчылыктарды бузууну көздөгөн жалган маалымат чыгарган адамга 20 миң сом, жарыялаган медиага 65 миң сом айып салуу сунушталууда.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 3-марттагы жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Анда бул макулдашылган варианты экени, талаш-талкуу жараткан айрым жоболор алып салынганы айтылды.
Дагы жүктөңүз