Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:19

"Тынч жыйындар - жарандык укук". Акцияга чакырган Сергей Ким сурак берди


Cөз эркиндигин коргогон марштын катышуучулары, 14-октябрь, 2022-жыл.
Cөз эркиндигин коргогон марштын катышуучулары, 14-октябрь, 2022-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка караганда, 26-мартта ушул эле райондун администрациясынын 1-апрелден 30-июнга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот канааттандырды.

"Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын "тынч чогулуштарды чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу деп таануу арызы канааттандырылды. Ошондой эле чектөө жөнүндөгү чечими мыйзамдуу деп табылды. Буга Ала-Тоо аянтында 2025-жылдын 1-апрелинен 2025-жылдын 30-июнуна чейин өткөрүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык иш-чаралар кирбейт. Акция жана митингдер Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький багында уюштурула берсе болот", - деп жазылган Биринчи май райондук соту тараткан маалыматта.

УКМКдагы жана шаардык милициядагы сурак

Ушул эле күнү, 26-мартта Бишкектин тургуну Сергей Ким Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылганын маалымдады. Ал 25-мартта Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, 1-апрелде Жогорку Кеңештин алдында Жер кодексине байланыштуу митинг болорун, ага барып катышарын жарыялаган.

Сергей Ким 27-мартта кечке жуук УКМКда жана Бишкек шаардык милициясында болгонун "Азаттыкка" билдирди.

"Азыр эле УКМК менен Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгында сүйлөшүү бүттү. Бир аз демимди басып, анан сиздерге жооп бере алам деп ойлойм. Эки саат УКМКда сүйлөшүү болду, ал эми бир саат милицияда күбө катары суралдым. Жогорку Кеңештин алдында тынч чогулууга тыюу мөөнөтү узартылганын билдим."

Жогоруда аталган мекемелерден бул боюнча азырынча маалымат же комментарий боло элек.

Борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салган соттун чечими 31-мартта бүтмөк. Мындан улам Сергей Ким элге Интернет аркылуу кайрылып, өзү да 1-апрелде митингге чыгууга даяр экенин жазган.

Февраль айында Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна нааразы болгон жарандар Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын билдиришкен. Милиция кызматкерлери чогулгандарга парламенттин алдында митинг өткөрүүгө болбой турганын айткан соң алар тарап кетишкен.

Кийин президент менчик жерлерди алып коюуга каршылыгын жана жеке менчик мүлк кол тийгис экенин белгилеген. Март айынын башында дагы Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор чогулуп, президентти парламентте кабыл алынган жаңы мыйзамга кол койбоого чакырган.

"Тынч жыйындар - жарандык укук"

Саясат талдоочу Руслан Акматбек эгер мындай тыюу улана берсе коом менен бийликтин ортосундагы ажырым күч алып, байланыш үзүлөт деген пикирде:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Буга чейин митингдер нормалдуу, табигый көрүнүш катары эсептелинип келсе, азыр митингге чыгуу кылмышка тете болуп калды. А бирок Баш мыйзамда ачык жазылган, "Тынч жыйындар бул жарандык укук" деп турат, ал Конституция менен кепилдикке алынган. Эгер биз өнүккөн, укук сакталган, демократиялык баалуулуктарды карманган өлкө болгубуз келсе жана алдыга жылгыбыз келсе анда жарандарды саясий чечим чыгаруу процесстерине катыштыруубуз керек. Жадагалса эл өкүлдөрү катышпай калды. Объективдүү, көз каранды эмес пикирин билдиргендерди да эл алдында мокочого айландырып, эл душманы катары көрсөтүшүүдө. Мындайча айтканда, бул авторитардык режимдин белгилери. Статистикага ылайык, Кыргызстанда жылына 1-1,5 миң тынч митинг болуп турган. Ал тынч митингдердин айынан мамлекеттүүлүк урап калган жок да. Өлкөбүз үчүн эмне коркунуч, а эмне коркунучтуу эмес дегенди жакшы бир талдап алышыбыз керек. Же Фейсбукта ачык жаза албаса, журналисттерге айтып бере албаса, жыйынга да уруксат берилбесе, социалдык буу анан кайдан чыгат?

Биринчи май райондук соту 2022-жылы март айында Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган. Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин алдында да тынч жыйын өткөрүүгө чектөө киргизилген. Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган мындай тыюу мөөнөтү улам узартылып келе жатат.

Юристтер тынч жыйындарга соттун чечими менен тыюу салуу Баш мыйзамга туура келбей турганын кайталап келишет. Адистер ар бир адамдын укугу Конституция менен корголуп, ал өз оюн эркин айтууга укуктуу экенин белгилөөдө.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адамдардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын кайталап келишет.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алына турчу айланма жолдун ачылышында сүйлөп жатып Кыргызстанда туруктуулук орноп, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан. Ал эми ошол эле жылдын 31-августунда Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында ал Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын айткан жана сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген.

“Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтар элем”, - деген Жапаров.

Шерине

XS
SM
MD
LG