Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты. Трамп Вашингтон менен Тегеран соңку эки күндө "жемиштүү сүйлөшүүлөрдү" өткөргөнүн билдирди. “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов бизнесинин урашына УКМКны айыптады.
Орусиянын Бишкектеги элчилиги “Кыргызстанда орус тилине байланыштуу айрым саясий ишмерлер чагымчыл билдирүүлөрдү таратып жатат” деп көңүл бурду.
Бишкектин Ленин райондук соту 23-мартта Кыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган Temirov LIVE, “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, камактагы Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, аны эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Жогорку сотто 10-мартта журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу отурум өттү. Алгачкы отурум 2-февралда эле өтмөк. Демократия жана сөз эркиндигин коргогон эл аралык уюмдар аны бошотууга чакырууда. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин билдирүүдө.
Жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абактан кат жолдоп, №27 абакта кыйноого кабылганын билдирди. Коомчулукка жазган катында ал акыйкатчынын өкүлдөрү барганда абактагылардын укуктары бузулуп жатканын айтканы үчүн айып изоляторуна киргизилгенин жазган.
Абакта жаткан журналист Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотто 5-мартта каралмай болду. 3-мартта судьялардын бири ооруп калгандыктан отурум жылдырылды.
Бишкекте эркин гезиттин дизайнери Эрнис Жээнтаев алты жылга соттолду. Буга анын Фейсбуктагы пикирлери негиз болгон. Ал өткөн жылдын ноябрь айында камалып, соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда 13-февралда өткөн.
Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин апасы Жыпаргүл Сариева баласынын өлүмү жөнүндө айткан мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновдун айткандарына укуктук баа берилбей жатканына нааразы.
Эл аралык Human Rights Watch уюму жылдык баяндамасында Кыргызстанда сөз эркиндигине, маалыматка жетүү укугуна олуттуу чектөөлөр киргенин белгилеген. Журналисттерге, көз карандысыз медиаларга жана укук коргоочуларга куугунтук күчөгөнүн, айрымдары камалганын мисал келтирген.
Сотко бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн элчилери да катышты. Ошентип, Кыргызстан бул күндөрү өлкөнүн демократия жана адам укуктары, сөз эркиндиги жаатындагы милдеттенмелерин аткаруусуна көз салган эл аралык институттардын, уюмдардын көңүл борборунда болууда.
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы аялы андан зомбулук көргөнүн айтып чыкты. Депутат муну каралоо, куру доомат деп баалап жатат. Милиция келиндин билдирүүсү текшерилип жатканын, ага 26-январда коргоо ордери берилгенин маалымдады.
Дагы жүктөңүз