Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:09

"ОБОНдун ордун троллдор басты". Элдин медиа сабаты канткенде жогорулайт?


Медиа сабаттуулук тууралуу окуп жаткан студенттер. Иллюстрация
Медиа сабаттуулук тууралуу окуп жаткан студенттер. Иллюстрация

Кыргыз тилдүү окурмандар үчүн азыр керектүү болгон медиа сабаттуулук боюнча «Алданба!» китеби чакан тираж менен басылып чыккан бойдон элге кеңири жете элек. Анын авторлорунун бири Жыргалбек Касаболот ылайыктуу демөөрчү чыгып, каражат табылса экинчи басылышын да чыгарууну көздөп жатат.

Акын жана публицист Жыргалбек Касаболотту кепке тартып, калктын медиа сабаты канткенде артат деген суроонун тегерегинде маектештик.

- Азыр медиа сабаттуулукту карапайым эл эмес, журналисттердин көбү да аңдап сезбесе керек. Алгач эле медиа сабаттуулук деген эмне деген суроого жооп берсеңиз.

Жыргалбек Касаболот
Жыргалбек Касаболот

- Медиа сабаттуулук – бул жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана алардын ордун баскан санарип платформалардагы маалыматтарды сынчыл мамиле менен кабыл алып, чын-төгүнүн ажырата билүү. Медиа жаатында сабаттуу киши эч качан эч кайсы маалыматка сокур ишенбейт, аны ар кайсы булактардан текшерип, чындыкты табат, демек оңой менен пропагандага да, жоопкерчиликсиз жарнамага да, шылуундардын тузагына да алданбайт. Маалыматты бурмалоо ыкмалары да, анын агымын иргеп, салыштырып, чындыкка жетүү зарылчылыгы да адам баласы менен кошо эле пайда болгон. Бирок анын жол-жобосун көбүнчө атайын кызматтар, чалгын адистери, укук коргоо органдары жакшы билишкен жана пайдаланышкан. Эми дүйнө жүзүндө маалымат агымы көбөйүп, айрыкча Интернет кулачын жайгандан тартып медиа сабаттуулуктун карапайым жарандар үчүн да актуалдуулугу күчөдү.

2023-жылы мага жана көрүнүктүү медиа эксперт Марат Токоевге «Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фондунан бул багытта практикалык колдонмо жазуу боюнча сунуш түштү. Биз макул болуп, кыргыз тилдүү окурмандар үчүн медиа сабаттуулук боюнча «Алданба!» деген колдонмо жазып бердик. Анда жаңылык менен пропаганданын айырмасы, чындыкка жетүүнүн ыкмалары, фейк аккаунттардын белгилери, жалданма троллдордун кеңири колдонулган ыкмалары, Интернет аркылуу жасалып жүргөн алдамчылыктын зыяны, фактыларды текшере турган медиа уюмдардын даректери тууралуу маалымат бердик.

Медиа сабаттуулукка байланышкан маселелерди мүмкүн болушунча жеткиликтүү, жалпыга түшүнүктүү тил менен чечмелеп, ага турмуштан алынган мисалдарды, окурмандар машыгышы үчүн атайын көнүгүүлөрдү коштук. Буга чейин кыргыз тилинде медиа сабаттуулук боюнча мындай практикалык колдонмо жарык көргөн эмес. Китеп чакан тираж менен жарыкка чыккан, мен билгенден коомдук уюмдардын арасында бекер таратылып жатат. Эгерде коомчулуктан талап болсо, ылайыктуу демөөрчүлөр чыкса же каражат табылса экинчи басылышын да чыгарып, сатыкка койсок деген оюбуз бар.

- Жакында эле кичинекей кыздарыма дүкөндөн китеп карап жүрүп, орус тилиндеги “Сынчыл ой жүгүртүү” деген чакан колдонмого көзүм түштү. Жаш балдарга арналган китепте канткенде өз алдынча ой жүгүртүүнү калыптандырыш керек, мындайча айтканда ак менен караны айырмалаш керек деген суроо кабыргасынан коюлуптур. Жаш балдар эле эмес, чоңдор деле кызыкчудай экен. Ушундан улам жатык тилдеги чакан колдонмолор аркылуу бешиктен бели чыга элек кезден эле балдарга медиа сабаттуулукту үйрөтүшүбүз керек экен деген ой келди. Кыргыз тилинде мындай колдонмолор түгүл жомоктор тартыш болуп аткан убакта маселени кантип чечсек болот?

- Менимче медиа сабаттуулук боюнча атайын предмет иштеп чыгып, мектеп программасына киргизүүгө небак мезгил жетти. Анткени балдар мектептен жалпы билим гана албастан, азыркы реалдуу турмушка да даяр болуп чыгышы керек. Турмуш өзү ошого мажбурлап жатат. Кичинекей балдар тили чыга электе телефон талашып, ата-энесинен албаган маалыматты телефондон ала баштады. Мындай шартта балдарды жалган маалыматтан, зыяндуу сайттардан, алдамчылардын азгырыгынан, радикалдуу диний агымдардан сактоо – биздин жарандык гана эмес, жөнөкөй эле ата-энелик да милдетибиз. Эгер Билим берүү жана илим министрлиги кызыгуусун билдирсе, адис педагогдор кошулса, биз жазган колдонмону балдарга ылайыктап жазып чыкса да болот.

- Кыргызстанда дезинформация, троллинг да кеңири тарап жатпайбы. Бизде ушул көрүнүштөр кайсы багытта көп колдонулат экен?

- Маалыматтын бурмаланышынын эки түрү бар. Атайын бурмаланганын дезинформация десек, билбестиктен бурмаланышын миссинформация дейбиз. Кыргызстанда бул экөө тең кеңири тараган жана көп учурда аларды так айырмалаш да кыйын. Алыс барбай эле той-ашка барып калганда өлкөбүздө канча адам жалган маалыматка же өлкө ичиндеги, өлкө тышындагы пропагандага сокур ишенип, биротоло анын кулу болуп калганын көрүүгө болот. Баарынан да кеп кылып жаткан кишиси тууралуу мурда жана кийин айткандарын, анын мыйзамга канчалык туура келерин, айткан сөзү менен кылган ишин ж.б. салыштырып коюудан эрингендери таң калтырат. Ушунун өзү деле калкыбыз үчүн медиа сабаттуулук канчалык актуалдуу экенинен кабар берип турат.

Троллдорду бизде көбүнчө фейк деп жүрүшөт, бирок фейк деген сөз негизинен жасалма аккаунттарга жана алар тараткан маалыматка тиешелүү. Башкача айтканда фейк аккаунттар жана фейк маалыматтар – троллдордун колдонгон негизги каражаттары. Троллдор – Интернетте кайсы бир саясатчынын же жетекчинин же колунда бар адамдын пайдасына анын кылганын мактап, ага каяша айткандарды ар кандай ыплас ыкмалар менен талап турган жалданма кишилер. Алардын аталышы Скандинавия элдеринин уламыштарындагы адам сымал мокочолордон келип чыккан. Бул салыштыруу чындыктан анча деле алыс эмес, анткени троллдор маселенин маңызы боюнча эч кандай ынанымдуу жүйө келтире албагандыктан, адамдын аброюна, жынысына, улутуна, жаш курагына, асыла беришет, сөгүнүшөт, кемсинтишет же жапырт түрдө жалган маалыматты ар кандай формада таратышат.

Алар үчүн негизгиси – өз жүйөсүн далилдөө эмес, өзүнө жакпаган кишини кайсы ыкма менен болсо да талоо. Кыргыз саясатында мурда көчө демократиянын шартында ОБОН деген көрүнүш күч алса, азыр анын ордун троллдор басканы көп болду. Белгилей кете турган нерсе, колунда бийлиги же байлыгы жок жөнөкөй адам троллдордун чоң-чоң армияларын жалдашы кыйын. Ошондуктан троллдор - негизинен саясий максатта колдонулган ыплас саясий технологиянын көрүнүшү деп жыйынтык чыгара алабыз. Кыргызстандагы троллдор фабрикасы тууралуу “Азаттыктын” өзүндө, башка медиа каражаттарында, фактчекинг боюнча уюмдарда бир катар иликтөөлөр жарык көргөн. Менимче, аларда айтылган маалыматтар жетиштүү эле.

- Фишинг боюнча айтсак, азыр алдангандар көбөйүп жатат. Китепте андан сактануу үчүн кандай ыкмалар сунушталат?

- Колдонмодо баяндалган бардык ыкмаларды айтып отурбастан, бирин-экин гана мисал келтирейин. Шарттуу түрдө алардын бирин телефон тузагы деп атасак болот. Кайсы бир шылуун немелер банктын, милициянын же салык кызматынын атынан чалып, банк эсебине байланыштуу маселе чыккандыктан аны чечиш үчүн колдонуучудан банк маалыматтарын сураган учурлар кездешет. Эч кайсы лотерея ойнобосоңор деле “Номуруңар же аккаунтуңар катышкан лотереядан (сынактан, мелдештен) чоң суммадагы акча уттуңар” деген каттар да сөзсүз шек жаратышы зарыл. Катышкан күндө деле утушту алыш үчүн акча каражатын талап кылып жатса - демек бул сөзсүз түрдө алдамчылык. Шылуундуктун башка түрлөрү жөнүндө Али Токтакунов жетектеген “Медиахаб” көп эле иликтөөлөрдү чыгарды. Бирок алдамчылардын тузагына түшкөндөр дагы эле көп.

- Сиздер чыгарган колдонмодо фактчекинг медиалар тууралуу да маалымат берилиптир. Бизде азыр мындай медиалар жетиштүүбү, фактчекинг кылгысы келгендер эмнеге көңүл бөлүшү керек?

- Фактыларды текшерүү же фактчекинг боюнча иш жүргүзгөн уюмдар бар. Алардын тизмеси колдонмодо берилген. Бул чынында атайын даярдыкты, кээде бир топ материалдык жана техникалык ресурстарды талап кылган, бирок коомго абдан керектүү ишмердүүлүк. Анын айрым техникалык ыкмаларын айта кетели. Эгерде кайсы бир маалыматка тиркелген сүрөт анын далили катары берилсе, ал фотосүрөт качан тартылганын текшерсе болот. Анын атайын техникалык ыкмалары, ал ыкмаларды үйрөткөн сайттар бар. Эгерде сүрөт жаңылыктан алда канча мурда же таптакыр башка жерде тартылган болсо, демек анын жаңылыкка эч кандай тиешеси жок. Видео коюлса аны да ошондой эле ыкмалар менен текшериш керек. Маалыматты башка маалыматтар менен салыштырып, канчалык ырасталганына көңүл буруш керек. Маалыматтын булагы канчалык абройлуу аталбасын, шилтеме берилген булактардын расмий сайттарына кирип издеп чыгуу зарыл. Эгерде кайсы бир белгилүү дарыгердин атынан дары-дармек сунушталып жаткан болсо, анын өзү менен байланышып өз оозунан угуп же расмий аккаунтундагы маалыматты окуу да ашыктык кылбайт. Анткени дары саткандар белгилүү дарыгерлердин сүрөтүн өзүнөн сурабай эле коюп алып, анын атынан жарнамалай берген учурлар көп кездешет. Көп учурда жалган маалымат тараткандар канчалык абройлуу уюмдардын атын атаса, ошончолук ишенимге ээ болууга үмүттөнүшөт.

- Сиздер ушул китепти жазып атып эмнелерди байкадыңыздар? Элдин медиа сабаты канткенде ачылат экен? Дегеле медиа сабаттуу болуш үчүн бизге эмне жетишпейт?

- Дүйнөдө медиа жана онлайн платформалар жаатында кандай мүшкүлдөр бар болсо, бизде ошонун баары тигил же бул өлчөмдө бар экенин көрдүк. Ал тургай жасалма интеллекттин жардамы менен жазылган тексттер да кире баштады. Болгону, Кыргызстандын шартында көп зыяндуу технологиялар жергиликтүү саясаттагы өзгөчөлүктөрдү, жергиликтүү ыплас лексиканы, өлкөдө түзүлгөн кырдаалды, элдин ишенчээктигин пайдалануу менен иштетилет. “Тез эле кеттим үйрөнүп, дээримде менин бар белем” деп айтылуу акын Байдылда Сарногоев “Мидинге кат” поэмасында таптакыр башка маселеге карата жазгандай, көп учурда маалымат жаатындагы ыплас технологиялар биздин өлкөдө дүйнөлүк аналогдордон ашса ашып, асты кем калбаганы байкалат.

Элдин медиа жаатындагы сабатын ачыш үчүн колдон келсе мектептен башташ керек. Анткени бул көп жылдык, бирок өтө зарыл жумуш. Чындап келсе өлкөнүн улуттук коопсуздугуна түздөн-түз тиешелүү, ашык-кеми жок стратегиялык маселе. Чоң кишилерге келсек, биздин колдонмонун артынан башка да медиа эксперттер өз колдонмолорун иштеп чыгат, аларды популярдуу платформаларда жайылтууга жардам берет деп ишенем. Медиа жаатында сабаттуу болуш үчүн бизде кимге же эмнеге болбосун сокур ишенимден арылуу, маалыматтарды бири-бирине да, мыйзамдарга да, башка фактыларга да салыштырып текшерүү зарыл. Маалымат берген тарапка карата жеке мамилени ал берген маалыматка болгон мамиледен так ажырата билүү өтө маанилүү. Айталык, 2х2=4 деп айыгышкан душманың айтса да чындык, 2х2=3 деп кыйышпас досуң айтса да жалган.

Мында мамлекеттик органдардын айткандары да чындыктын кепилдиги болуп эсептелбейт. Эң көрүнүктүү мисалын айтсак, Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда анын пайдасына элдин 101% добуш бергенин айткан акимдер болгон. Демек, расмий билдирүүлөргө да сын көз менен караган оң. Анткени ал жакта да адам фактору бар. Мындан келди, ал маалыматты да башка булактарга салыштырып текшериш керек.

- Колдонмодо таратылган маалыматтардагы шек жарата турган жагдайлар тууралуу жазылыптыр. Карапайым эл калп менен чынды канткенде ажырата билип, чындыкты кантип калпып ала алат?

- Калп менен чындыкты ажыратуунун эң ишенимдүү жолу – бири-бирине карама-каршы тараптардын, аларга көз каранды болбогон башка тараптардын берген маалыматын салыштырып, бири-бирине карама-каршы келбеген, эч кимиси танбаган жалпы фактысын табуу. Айталык, эки мамлекет согушуп, бири экинчисинин чек арасын бузуп басып кирсе, бирок бул үчүн ар кимиси каршы тарапты айыптап жаткан болсо, чындыкты алар расмий карманган позициядан издеп кереги жок. Чындык эки тарап тең танбаган нерселерде болот, ал болсо согуш жүрүп жатканы жана чырдашкан өлкөнүн биринин чек арасын экинчиси бузганы. Же эки жаат чырдаша кетип, ортодо алардын бири бычак жеп ооруканага түшкөн болсо, чырды ким баштаганы тууралуу алардын айтканы али чындык эмес, бирок мушташ болгону, жок эле дегенде бир бычак колдонулганы жана кимдер жабыркаганы чындык болот.

Логикада бири-бирине каршы келген эки ой бирдей чындык болушу мүмкүн эмес деген мыйзам бар. Жалпыга белгилүү, эч ким танбаган фактылар боюнча 2010-жылы 7-апрелде атылган октун үнү жалаң өкмөт үйү тараптан чыкса, ал эми анын сыртында жалаң жабыркагандар жаткан болсо, өкмөт үйү тараптан эч ким окко учпаса - демек митингчилерди бийлик тараптагылар гана атып салган болот. Башкача болушу эч мүмкүн эмес.

Физиканы окуган адам 15 кылым мурун эч ким Айды тең экиге бөлбөгөнүн, тарыхты окуган киши Чыңгызхан 19 жигит менен эч кайсы бийликти басып албаганын, мыйзамды окуган киши 9 жашар кызга үйлөнүү азыркы замандын талабы боюнча кылмыш болуп эсептелерин билет. Жер тоголок экенин, Күндү айланарын, мектеп программасынан окуган киши эч кайсы диний зыярат жайы дүйнөнүн борбору боло албай турганын түшүнүшү зарыл. Бул эң элементардуу нерселер.

Саясатчылардын айтканын ага тиешелүү мыйзамдар, документтер, ошол учурда өзү да танбаган маалымат менен, керек болсо тарыхый фактылар менен текшериш керек. Мисалы, саясатчы кайсы бир айып менен түрмөгө түшүп, мунапыс сурап, бирок кийин күнөөсүз камалганын айтса, анын кийинки сөзү калп, анткени мыйзам боюнча мунапысты күнөөсүн мойнуна алган адам гана сурайт. Депутат кайсы бир маселе боюнча кайсы бир позициясын билдирип, бирок ага каршы добуш берсе, бул анын эки жүздүүлүгүн далилдейт. Колдонмодо бул боюнча мисалдар жана көнүгүүлөр берилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG