Акыркы бир жылда Орусиядан Кыргызстанга келген футболчулар көбөйдү. Учурда футзал боюнча Кыргыстандын чемпионаты “Супер Лигада” орусиядан келген тогуз футболчу ойноп жатат.
Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс мелдеши аяктады. 21-мартта башталган таймаштарга Кыргызстан, Монголия, Беларус, Түштүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан 140тай спортчу катышты.
Нооруз майрамында жаштар кошумча киреше таап калууга шашат. Алар сүмөлөк, өнгөн буудай, боорсок сатып, элге ар кандай кызматтарын сунуштайт. “Азаттык+” майрам күнү шаар кыдырып, майрамдан акча жасагандарды издеди.
18-мартта "Азаттыктын" эфирге чыкканына 70 жыл толду. Ага байланыштуу бул ирет студиябызга "Азаттыктын" ардагер спорт журналисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кабыл Макешовду чакырдык.
Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы АФК кубогуну тандоо турунда Гуам курама командасын 2:0 эсебинде жеңди. беттештеги голдорду Аделя Ахматбекова менен Медина Рысбекова киргизди. АФК Кубогунун тандоо оюндары ушу тапта Бишкекте өтүп жатат.
73 жаштагы Базаркан Дүйшөмбиева Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында өспүрүмдөрдү чаңгы (лыжа) тебүүгө үйрөтөт. Ал мектепте 40 жылдан ашык дене тарбия мугалими болуп иштеген. Эс алууга чыккандан кийин кыштактагы лыжа сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген.
Нарындык өспүрүм кыздар күрөш боюнча Ташкентте өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болду. Аталган турнирге теңиртоолук беш кыз барган. Соңку жылдары Нарын шаарында кыздар арасындагы күрөш күндөн-күнгө өнүгүп, спорттун бул түрүнө кызыккандардын саны көбөйүп жатканы байкалууда.
Токтогул шаарындагы муз аянтын 5 жыл мурда жаш ишкер Сардарбек Момуналиев ачкан. Ал акыркы эки жылда өспүрүмдөрдү хоккейге үйрөтүп, заманбап муз аянтын салуу аракетинде жүрөт.
Дагы жүктөңүз