Президент Садыр Жапаров чек ара чырынан кийин Баткен облусуна барды. Кыргызстан толук президенттик башкарууга өтүп, өкмөт жоюлуп министрлер кабинети түзүлдү. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу тажрыйбалуу альпинист Эдуард Кубатов дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырууда.
Профессионалдык бокс боюнча (WBA версиясы) дүйнөнүн жети жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты - Орзубек Назаров спорттогу карьерасын баяндаган китеп жазды. “Кайрадан таймаш...” деп аталган китеп эки тилде жарык көрдү.
Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын наамын бешинчи жолу коргоду. Ал бул наамды 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган.
“Азаттык” радиосу “Олимпиадага жол” түрмөгүн улантат. Бул жолу балбан Эрназар Акматалиев тууралуу айтып беребиз.
18-апрель күнү кечинде Европанын алдыңкы 12 футбол клубу өздөрүнүн чемпионатын уюштурарын расмий жарыялады. Бул жаңылык футбол дүйнөсүн эки жаатка бөлүп, Европанын футбол ассоциациялар союзу (УЕФА) менен дүйнөдөгү бай командалардын тирешин тереңдетти.
Спорттун жиу-житсу түрү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды.
Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тургуну Тагайбек Урматаев футболдун 68 жылдык тарыхын кооз кол жазма менен дээрлик 14 жыл бою кагазга түшүрүп келген. Өзгөчө кол жазманын ээси менен маекти сунуштайбыз.
Бишкек жана Ош шаарларында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган акциялар өттү. Бишкек шаардык соту Курсан Асановду үй камагына чыгарды. Кубанычбек Жумалиев казынага 1 млрд. сом төгүп, эркиндикке чыкты. //"Бүгүн Азаттыкта". 12.04.21.//
Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Эрназар Акматалиев Жапониядагы жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Ушуну менен Олимпиадага бара турган кыргыз спортчуларынын саны 12ге жетти.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына келди. Уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын сөөгүн талаадан тапкан чабан "Азаттыкка" эксклюзивдүү интервью берди. Орусияда рубль арзандап, мындан 5 ай мурдагы минимумга түштү. //"Бүгүн Азаттыкта". 09.04.21.//
Дагы жүктөңүз