Апта башында Оштун Араван районундагы айылдардын биринде жүздөн ашык киши чогулуп, жайыт жерди жеке колго берүүгө каршылык билдирип чыкты. Алар жайыт жерлер улам тарып баратканын, мурда дагы бир топ жер берилип кеткенин айтууда.
Кыргыз бийлиги 1-октябрдан баштап пенсиянын эң аз өлчөмү 6800 сомдон кем болбойт деп жарыялады. Муну менен өкмөт 2021-жылдагы Конституцияга киргизилген "пенсия менен жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек" деген жобону аткарууну көздөп жатат.
Бишкекте өткөн апта соңунда болгон башаламандыктардан кийин бир нече тигүү цехи чет өлкөлүк жумушчулар кетип калып, иш токтоп калганын айтып чыгышты.
“Массалык башаламандыктар”, “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери менен шек саналып, эки айдан бери тергөө абагында жаткан акын жана жарандык активист Аскат Жетиген баш калаанын Свердлов райондук сотунда көрсөтмө берди. Ал сот залында туруп, УКМКнын шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын айтты.
Кыргызстандын бийлиги "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында бир жолку берилчү колдоонун жалпы көлөмүн кескин көбөйттү. Соңку эки-үч жылдан бери каалоочулар жөлөк пулдун ордуна өкмөттөн 100 миң сом алып, ишкерчилик баштап жатышкан.
Программабызды эл аралык темадан баштайбыз. Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинаны мамлекет деп таанууга даяр экенин жарыялашты. Мындай чечимди Израил дароо сындаса, газалыктар кубатташты. Газадагы согуш тутангандан бери "эки элге эки мамлекет" концепциясын жандандыруу чакырыктары көбөйдү.
Сузакта Кара-Дарыя нугунан ашып, болжолу 100 гектардан ашык жер суу алдында калды. Анын 15 гектарына күрүч эгилгени айтылып жатат. Учурда суу тосмону жарып, үлүш жерлерди каптап жатат.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар жолугуп, Бишкектеги чет өлкөлүк жарандар жабыркаган окуяны талкуулады. Исламабаддын өкүлү пакистандык студенттерге кол салгандарды жоопко тартууну өтүндү.
Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан Израилдин өкмөт башчысын, коргоо министрин жана ХАМАС радикал тобунун үч лидерин Газадагы кылмыштар үчүн айыптап, аларды камоого ордер чыгарып берүүнү өтүндү. Премьер Нетаньяху прокурордун билдирүүсүн "акылга сыйбайт" деп сындады.
Апта соңундагы Бишкектеги окуядан кийин жер-жерлерде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыздоо үчүн чаралар көрүлгөнү айтылды. Өлкөнүн Ош, Жалал-Абад облустарында чет жактан келип окугандардын саны арбын. Ош мамлекеттик университетинде 10 миңге чукул чет өлкөлүк студент билим алат.
Иранда 5 күн аза күтүү жарыяланды. Президент Эбрахим Раиси жана аны менен чогуу бараткандар - тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдол Лахиян тик учак кырсыгында набыт болгону расмий кабарланды.
Кыргызстанда 28 миңден ашуун чет өлкөлүк студент бар. Басымдуу бөлүгү медицина багытында билим алуу үчүн Индия жана Пакистандан келгендер. Анын 10 миңдейи ОшМУда. Алар жашаган жатаканаларды азыр милиция кайтарып, кабатырланууга негиз жок экенин билдирди.
Дагы жүктөңүз