Эми Украинадагы кырдаалдан кабар алалы. Украина жана Орусия соңку суткада да бири-биринин аймагына сокку урууну улантышты. Күн мурун Украина жана АКШ президенттери телефондон сүйлөшкөн.
Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда колдоду. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан ичинен Султанбай Айжигитов каршы болуп, калганы “макул” деп добуш берди.
Кыргызстанда активисттер омуртка булчуң атрофиясы менен ооруган балдарга каражат чогултуу өнөктүгүн жүргүзүп жатат.
18-мартта Жогорку сот ырчы, активист Аскат Жетигендин адвокаттарынын кассациялык арызын кароо уланып, соттук коллегия Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Жетиген Чүйдөгү №27 абакта үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөйт. Акындын адвокаттары, жакындары чечимди "туура эмес" деп баалашты.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Орусияда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) негизги талаптары аткарылбай жатканын айтып чыкты. Ал өзү туш болгон окуяны мисал кылып, Кыргызстандын жарандары Орусияга кирүүдө тоскоолдуктарга кабылып жатканын белгиледи.
Баткендин Достук айылынын тургундары үчүн жаңы конуш түптөлө баштады. Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер бөлүнүп, Достуктан 70 үй көчүп келет.
Нидерландда кыргызстандык бир нече айдоочу иш таштап, жүк ташуучу унааларын токтотуп коюшту. Алар өздөрүн ишке алган Литвадагы логистикалык компания айлыктарын толук төлөбөй жатканына нааразы. Айрымдары иш берүүчүнүн басымына кабылганын айтууда. Компания "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты.
12-мартта Ош облусунун аймагында жер титирөөдөн 25 турак-жай, 12 мектеп жана бала бакча, айылдык эмкананын имараты зыян тартканы маалым болду. Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынын түндүк-батыш тарабында катталып, күчү 5 баллга чейин жеткен.
Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барды. Вашингтондун жогорку өкүлү орус бийлигин Украинадагы ок атууну 30 күнгө токтотуу сунушу менен тааныштырмакчы. 11-мартта ал планга Киев макул болгон.
Украина АКШнын ок атышууну 30 күнгө токтотуу сунушуна макул болду. Вашингтон анын артынан Киевге аскердик жардам берүүнү жана чалгын маалыматтары менен бөлүшүүнү жандандырды. Эми Кремлдин жообу кандай болушу мүмкүн? "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" берүүсүндө талдадык.
Сауд Арабиядагы жолугушууда Украина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду. Кошмо Штаттар Киевге аскердик жардам берүүнү улантып, чалгын маалыматтар менен бөлүшүүнү жандандырды. АКШнын делегациясы Жиддадагы сүйлөшүүдө кабыл алынган макулдашуулар Москвага жакын арада жеткирилерин белгиледи.
Президент Жапаров Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынарын айтты. Президенттин бул билдирүүсү соцтармактарда "Максим Бакиев Кыргызстанга келди" деген сөз жүрүп жаткан учурга туш келди.
Дагы жүктөңүз