Орусиянын бийлиги мигранттарды депортация кылуунун жаңы чараларын иштеп чыкты. Прокуратура сотко кайрылып, "Кемпир-Абад иши" боюнча акталган саясатчы-активисттерге жаза берүүнү суранды. Жо Байден НАТОну күчтүү блок бойдон сактап каларын билдирип, президенттик жарыштан чыкпай турганын кайталады.
11-июлда Бүткүл дүйнөлүк калк күнү белгиленип жатат. БУУнун Калк фондусунун Кыргызстандагы башчысы Бактыбек Кайназаров “Азаттыкка” берген маегинде калктын өсүшүнөн өлкө кантип пайда алса болорун, үй-бүлөнү пландоо сыяктуу маселелер тууралуу айтып берди. Интервьюну Кубат Оторбаев алды.
Израил террорчуларга каршы операциясын Газа секторунун бир нече районунда улантып жатканын, Бириккен Улуттар Уюмунун палестин качкындарына жардам берүү агенттигинин кеңсеси тарапта көптөгөн курал-жарак табылганын билдирди.
Кошмо Штаттарда президенттик шайлоого 4 айга жетпеген убакыт калганда демократтар оңой эмес абалга кептелгендей. 27-июндагы дебаттан кийин 81 жаштагы президент Жо Байден жарышта калууга тийишпи же башка партиялашына орун бошотушу керекпи деген талаш күчөдү.
Милиция 25 жаштагы келиндин өлүмүн иликтей баштады. Баткенде бир нече айылды сел каптап, эки жүзгө чукул киши коопсуз жайга убактылуу көчтү. Израил террорчуларга каршы операциясын Газа секторунун бир нече районунда улантып жатканын билдирди.
Кыргызстанда баңгизат сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун ондон ашык мүчөсү кармалды. Шаардык сот экс-депутат Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын карап, Биринчи май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Орусияда мигранттарды депортациялоо мыйзамдарын күчөтүү сунушталууда.
Июлдун башында Бишкектен Жалал-Абадга, Баткенге жана Раззаковго авиакаттам белгисиз убакытка токтоду. Буга аталган аймактарга каттаган Tez Jet авикомпаниясынын учагындагы техникалык мүчүлүштүк себеп болду.
Ички иштер министрлиги өлкөдө маңзат сатуу менен шугулданган ири кылмыштуу топтун ондон ашык мүчөсү кармалганын билдирди. Алардын арасында милиция кызматкерлери да бар.
Бишкекте милиция акча талап кылган өспүрүм инсульт алып, ооруканада жатат. Шектүү катары Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын кызматкери камакка алынды.
Украинанын аймактарына бир күн мурун жасалган орус армиясынын жапырт аба соккусунан мерт кеткендердин саны 40ка чукулдады. Арасында төрт бала бар. Соккулардын бири Киевдеги ири балдар ооруканасына тийген.
Францияда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында күтүүсүздөн солчулдардын "Жаңы элдик фронт" альянсы алдыга чыкты. 7-июлдагы добуш берүүдө буга чейин утаары болжонуп жаткан ашынган улутчулдар үчүнчү орунду араң ээледи.
Орусиянын ракеталык соккуларынан Украинада кеминде 30га чукул киши набыт болду. Тергөө абагында жаткан журналисттердин кийимдери алынганы тууралуу маалымат чыккан соң кызматтык териштирүү башталды. Ысык-Көлдө жайлоодо чагылган түшүп, 250 баш кой кырылып калды.
Дагы жүктөңүз