Калыс Москвада жети жылдан бери такси кызматында иштейт. Бир нече ай мурун анын кардарынан баңгизат табылып, полиция айдоочуну да камакка алган.
Орусияда аскер кызматынан качты деп айыпталган теги кыргызстандык жигит Бишкекте кармалып, азыр тергөө абагында отурат. Жакындары Кыргызстандын укук коргоо органдары аны Орусиянын талабы менен кармаганын айтып, экстрадиция болушу мүмкүн деп тынчсызданууда.
Бишкек мэриясы “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы 8 гектар жер сот чечими менен мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирди. Ал жерге ээлик кылып келген “Оберон” ишканасынын ээси, саясатчы Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболова менчик укугу бузулуп жактанын айтып, сот чечимин мыйзамсыз деп атады.
Грузияда 2012-жылдан бери өлкөнү башкарган "Грузин кыялы" партиясы жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо 54% добуш алды. Оппозициялык төрт саясий күч 5% босогодон өттү. Грузин оппозициясы "добуштар уурдалганын" билдирип, нааразылык акцияларын баштай турганын жарыялады.
Бишкектин Биринчи май райондук соту киши колдуу болгон Рахима Айкымбаева боюнча өкүм чыгарып, күйөөсү Калыбек Байсаловду 15 жылга кести. Үч баланын энеси, 34 жаштагы Айкымбаева быйыл апрелде өзү жашаган үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Сот чечими айрым укук коргоочулардын нааразылыгын жаратты.
Каракол шаарынын тургуну Дилбара Муратова аарыларды жасалма уруктандыруу ыкмасы аркылуу көбөйтүүнү көздөп жатат. Ал балдын сапатын жана көлөмүн арттыруу үчүн аарыларга кам көрүп, анын түрлөрүнө изилдөө жүргүзүү зарылдыгын белгилейт.
Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарганы кеткен 45 жаштагы тургун Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан бери белгисиз болууда. Туугандары алар сууга агып кетиши мүмкүн экенин айтып, издөө иштери начар жүрүп жатканына нааразы болушууда.
Беш жылга кесилген абактагы жарандык активист Зарина Төрөкулова айып изоляторуна камалганы маалым болду. Анын кызы апасы жүрөгү ооруганына карабай, темир тор артында катаал мамилеге кабылганын айтат. Жаза аткаруу кызматы Төрөкулова "ички тартипти бузганы үчүн" ушундай чара көрүлгөнүн билдирди.
Ютубдагы "За правду" баракчасынын ээси Азамат Карабаевди Ноокат райондук соту 22-ноябрга чейин камакка алды.
Бишкектеги Батыш автобекети жана анын ичиндеги “Акжол” кичи автобекети 23-октябрда жабылды. Мэриянын басма сөз кызматы эми эл Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы бекетинен каттай турганын билдирди.
"Манас” аэропорту Суданда атып түшүрүлгөн Ил-76 жүк ташуучу учагынан табылган Виктор Гранов аттуу орус жаранына берилген мекеменин күбөлүгү боюнча түшүндүрмө берди. удьялар кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин көрсөттү.
Бозгундагы динаятчы, Эрдогандын эски өнөктөшү Фетхулла Гүлен 83 жашында дүйнө салды. Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, президент Майя Санду орусиячыл социалист Александр Стояногло менен атаандаш болот. Бишкек шаардык прокуратурасынын эки кызматкери УКМКнын тергөө абагына камалды.
Дагы жүктөңүз