Орусиядагы ондогон кыргыз мигранты “Азаттыкка” кайрылып, документи жайында болгонуна карабастан банк карталары бөгөттөлгөнүн билдиришти. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кыргыз мигранттарына документтерин иреттөөгө кошумча убакыт берүүнү суранды.
Кыргызстанда 90 жакын адамдын өмүрү кыйылган, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуяларына туура 15 жыл болду. Анын курмандыктарын эскерүү иш чаралары Бишкек жана Талас шаарында өтүп, анда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдонду.
Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган Апрель ыңкылабына 15 жыл толду. Элдик толкундоого анын жакындарынын мамлекеттик башкарууга аралашканы себептердин бири болгону айтылып келет. 2010-жылдан соң Беларустан баш калка тапкан мурдагы президенттин кенже уулу Максимдин ролу өзгөчө талкууга түшкөн.
Кривой Рог шаарында Орусия жасаган чабуулдан набыт болгондордун саны 20га, жаракат алгандар 75ке жетти. Украин бийлиги бул Днепропетров облусунда быйылкы жылдагы эң оор, адамдар эң көп каза тапкан сокку болгонун билдирди.
Кыргызстандык таксист Эрнис Бердиев Москвада жүргүнчүлөрдүн зомбулугуна кабылганын "Азаттыктын" "Мигрант Медиа" долбооруна айтып берди. Окуя 29-мартта болгон. Эрнис Бердиев аны эки адам сабаганын айтууда. Орусиянын полициясы окуя тууралуу маалымат бере элек.
Ош облусунун аймагында 2000ден ашык ар түрдүү курулуштар, короо-сарайлар, турак-жайлар сүрдүрүлө турганы белгилүү болду. Облус бийлиги жолго жакын жайгашкан курулуштарды сүрүү талабын - президенттин жарлыгына ылайык аткарып жатканын билдирүүдө.
АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигеринин кыргызстандык жарандарга кайрылуусу. Элчи Америкага мыйзамсыз киргендерге карата жаза күчөгөнүн эскертип, ал өлкөдө мыйзамсыз жүргөн жакындарын мекенине кайтууга чакырууга үндөдү.
Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер көрүлүп жатканы менен азырынча майнап чыга элек. Мунун себеби эмнеде? Вашингтон менен Киевдин ортосундагы сейрек кездешүүчү минералдар тууралуу келишимге кол коюлбай жатканына эмне тоскоол?
Өкмөт чакан жана орто бизнеске патент системасын кайра кайтарууда. Өткөн жылы салык саясаты өзгөрүп, патент жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинени милдеттүү колдонуу тартиби кирген эле.
Бишкек мэриясы Киргизия конушундагы "кызыл сызыкка" чыгып кетти делген үйлөрдүн короолорун буза баштады. Жогорку Кеңеште бир топ депутат Министрлер кабинетин жана жергиликтүү бийликти мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу ишинде этият болууга чакырды.
Эл арасында “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү 2005-жылдагы 24-март окуясына быйыл 20 жыл болду. Аскар Акаевдин бийлигин кулашына алып келген негизги себептер, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы элдик толкундоонун сабагы тууралуу сөз кылабыз.
Батыш лидерлери Украинага чет элдик аскерлерди жайгаштыруу маселесин талкуулашат. Бул тууралуу украин лидери Владимир Зеленский билдирди.
Дагы жүктөңүз