"Манас” аэропорту Суданда атып түшүрүлгөн Ил-76 жүк ташуучу учагынан табылган Виктор Гранов аттуу орус жаранына берилген мекеменин күбөлүгү боюнча түшүндүрмө берди. удьялар кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин көрсөттү.
Бозгундагы динаятчы, Эрдогандын эски өнөктөшү Фетхулла Гүлен 83 жашында дүйнө салды. Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, президент Майя Санду орусиячыл социалист Александр Стояногло менен атаандаш болот. Бишкек шаардык прокуратурасынын эки кызматкери УКМКнын тергөө абагына камалды.
Ошто эки жыл катары менен мугалимдердин сынагынан батир утуп алган Ильгиз Шамырзаев аликүнчө байгесин ала электигин “Азаттыкка” айтып бергенден кийин коомчулукта талкуу кызыды. Оштун экс-мэри, парламенттин депутаты Таалайбек Сарыбашев бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү убада кылды.
Молдовада 3-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында мамлекет башчы Майя Санду жана мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло ат салышмай болду.
Бишкек шаарындагы KFC тамактануучу жайларынын бирине кирип барып, ызы-чуу чыгаргандар кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди. Өткөн аптада белгисиз кишилер аталган жайга кирип барып, ак матага оролгон манекенге кетчуп төгүп, "бойкот" деп кыйкырып ызы-чуу салган.
"Тез Жет" компаниясынын өлкөнүн түштүк регионуна каттаган таңкы каттамдары убактылуу токтотулуп, "Манас" эл аралык аэропортунда 200гө жакын жүргүнчү уча албай калды. Жарандар компаниядан 20-октябрдан калбай башка каттам уюштуруп берүүнү талап кылышкан.
Ошто эки жыл катарынан мугалимдердин сынактарында батир утуп алган Илгиз Шамырзаев али күнчө байгесин ала электигин айтып чыкты.
Соңку жылдары борбор азиялык айдоочулар Литванын логистика тармагынын ажырагыс бөлүгүнө айланды. Жыл сайын жүздөгөн айдоочулар Литвага жүк ташыган фура айдап, акча табуу үчүн келишет. Бирок узак сапарга чыккан айдоочулардын арасында катаал шартта иштеп, укугу одоно бузулгандары да аз эмес.
Чаткалда кар көчкү басып калган алты адам дайынсыз болууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар жалпы 14 адам болгонун, сегиз киши аман-эсен табылганын билдирди.
Чүйдүн Кайыңды шаарындагы кант заводго кызылча тапшырууга 200дөй жүк ташуучу автоунаа кезекте турат. Айдоочулар завод иши жай болуп, жолдо кезек сакталбай жатканына даттанууда.
Украин президенти Владимир Зеленский Еврошаркеттин жана НАТОнун лидерлерин “жеңиш планынын” мазмуну менен тааныштырды. Орусиянын агрессиясына чекит коюуга жардам берет деген долбоорду ал алдыңкы күнү Жогорку Радага алып чыккан. Зеленскийдин планын катардагы украиндер ар түрдүү талдап жаткан кези.
Адистердин айтымында, соңку жылдары омуртка оорусуна чалдыккандар көбөйгөн. Буга эмне себеп болууда? Туура эмес жашоо таризиби же турмуш кыйынчылыгыбы?
Дагы жүктөңүз