Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, үчөөнү тең камакта калтырды.
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоо жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындай жараяндан улам Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар да чочулап, арасында жумушка убактылуу чыкпай койгондор да болгон.
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоолор жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындан улам бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар да чочулап, жумушка убактылуу чыкпай койгондор болууда.
Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине төрт жыл болду. Кыргыз бийлиги бул маалда өлкөнүн экономика өсүп, ири долбоорлор ишке ашып жатканын белгилейт. Ошол эле учурда сөз эркиндиги, жарандык эркиндик чектелгенин айтып, коңгуро каккандар бар.
Камактагы адвокат Матцаковдун жактоочулары сотко ишенбестик көрсөтүп, судьялар аны четке какты. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы бир-эки жылдын ичинде толук чечиле турганын айтты. Кытайдын DeepSeek компаниясы R1 деп аталган ChatGPTге окшош жасалма интеллект программасын чыгарды.
Кытайдын DeepSeek компаниясынын ChatGPTге окшош жасалма интеллект программасы дүйнөлүк технологиялык компаниялардын акцияларын олку-солку кылды. DeepSeeктин жаңы чат-боту АКШ менен Кытай ортосундагы жасалма интеллект жаатында атандааштыкты дагы күчөткөндөй болду.
Камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы 28-январда Бишкек шаардык сотунда каралып, анда адвокаттар шаардык соттун судьяларына ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Судьялар бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы тууралуу азыноолок маалымат берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине курган соңку маегинде "Азаттыктын" чек ара тууралуу материалына комментарий берип жатып, талаштуу тилкелер алмашуу жолу менен чечилерин билдирди.
Өлкө өндүрүшүн өргө тартат деп түзүлгөн "Кыргызиндустрия" ишканасынын мурдагы жетекчилери "коррупцияга" айыпталып камалганы өкмөттүн ири каражат сарптаган башка долбоорлорун эске салды.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту "Кыргызиндустрия" ишканасынын мурдагы башчысы Жарасул Абдураимов менен анын орун басарын эки айга камакка алды. Ири каражат сарпталып, ишке ашпай калган долбоорлорго ким жооптуу?
Израил 15 айдан бери биринчи жолу миңдеген палестиндерге Газанын түндүгүнө кайтууга жол ачты. Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыкты. АКШнын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөрдөн улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн же бул өлкөгө барганы жаткан жарандарды миграциялык мыйзам жоболорун так сактоого чакырды.
Баш кеңсеси Венада жайгашкан Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюму Беларуста 26-январда өткөн президенттик шайлоону “кожо көрсүн процесс” деп атап, ага байкоочу катары катышкан Кыргызстандын расмий кызмат адамдарын айыптады. FFE Минскиге барган кыргыз аткаминерлерине санкция салууга чакырды.
Дагы жүктөңүз