Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:20

Беларус: Шайлоого көз салганы барган кыргыз аткаминерлери сынга кабылды


Кыргызстандын БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова (солдон үчүнчү), мүчөлөрү, элчи Эрбол Султанбаев (солдон биринчи) Беларустун БШК төрагасы И. Карпенко менен шайлоо күнүндө. (Сүрөт БШКнын сайтынан алынды)
Кыргызстандын БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова (солдон үчүнчү), мүчөлөрү, элчи Эрбол Султанбаев (солдон биринчи) Беларустун БШК төрагасы И. Карпенко менен шайлоо күнүндө. (Сүрөт БШКнын сайтынан алынды)

Баш кеңсеси Венада жайгашкан Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюму Беларуста 26-январда өткөн президенттик шайлоону “кожо көрсүн процесс” деп атап, ага байкоочу катары катышкан Кыргызстандын расмий кызмат адамдарын айыптады. FFE Минскиге барган кыргыз аткаминерлерине санкция салууга чакырды.

Бул арада Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында Беларустагы президенттик шайлоого байкоочу катары барган жетекчилердин сүрөттөрү менен коштолгон маалымат жарыяланды. БШК өкүлү жекшемиде өткөн Беларустагы шайлоого көз салуу эл аралык келишимдердин негизинде ишке ашканын билдирди.

"Эл аралык келишимдердин алкагында байкоо салдык"

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссияларынын курамында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мүчөлөрү Абыжапар Бекматов, Мейкинбек Абдалиев жана БШК аппаратынын кызматкерлери Беларуста өткөн шайлоого байкоо салганы барышкан. Бул тууралуу БШКнын сайтында сүрөттөрү менен маалымат жарыяланды.

Боршайкомдун мүчөлөрүнөн тышкары Беларустагы президенттик шайлоого көз салуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Ормонов, Алишер Эрбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана башкалар да Минскиге барышканы кабарланды.

Баш кеңсеси Австриянын борбору Венада жайгашкан Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюму кыргызстандык аткаминерлердин Беларустагы президенттик шайлоого барганын сындаган билдирүүнү 27-январда сайтына жарыялады.

“Кыргызстандын өкүлдөрүнүн катышуусу адилеттүүлүк же демократиялык принциптерден кур-жалак калган шайлоо процессине болбогон жерден легитимдүүлүк түзүп берүүдө. Алардын катышуусу чыныгы атаандаштык жок, оппозициялык добуштарды жапырт коркутуу жана негизги укуктарды басмырлоо менен өткөн жараянды актоо катары кызмат кылууда. Freedom For Eurasia Кыргызстандын аталган кызмат адамдарынын Беларустагы шайлоого катышуусун демократиялык принциптерге жана эл аралык нормаларга кайдыгерлик деп эсептейт”, – деп жазылган билдирүүдө.

Freedom For Eurasia уюму өз маалыматында “эл аралык коомчулук демократияга жатпаган шайлоолорду колдоонун арты олуттуу кесепеттерди алып келерин билдириши керек” деп кошумчалап, демократиялык өлкөлөрдү Кыргызстандын жогорудагы кызмат адамдарына санкция салууга чакырган.

Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бегматов FFE уюмунун билдирүүсү боюнча "Азаттыкка" комментарий берип, президенттик шайлоого көз салууга эл аралык келишимдердин негизинде барганын билдирди:

Абдыжапар Бегматов
Абдыжапар Бегматов

"Биздин шайлоо комиссияларынын - шайлоолорду уюштуруучу органдардын арасында өзүбүздүн келишимдер бар. Ошонун негизинде биз өнөктөш өлкөлөрдүн Боршайкомдору менен карым-катыш кылып, дайыма кызматташып турабыз. Биз эл аралык байланыштагы өзүбүздүн мамиле. Мыйзамдуу. Бул мамилени биз чыңай беребиз. Биз ШКУнун байкоочусу катары "шайлоо Беларустун шайлоо мыйзамдарынын жана Конституциянын негизинде өттү" деген корутунду чыгарып, кабыл алдык. Анын негизинде Беларустун президенти шайлоо мыйзамдарынын алкагында өттү деп таанып турабыз".

Ал эми Беларуска барган Жогорку Кеңештин депутаттары эл аралык уюмдун билдирүүсүнө комментарий бере элек. Депутаттар КМШ жана ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын мүчөлөрү катары Минскиге барышканы маалым болду.

"Чоң жаңылыштык болду"

Жарандык активист Айбек Теңизбай кыргыз аткаминерлери учурдагы татаал геосаясий кырдаалда авторитардык-диктатордук бийлик орногон Беларустагы шайлоого байкоочу болуп катышканын "чоң жаңылыштык" деп санайт:

Айбек Теңизбай
Айбек Теңизбай

"Беларустагы шайлоону демократиялык, өнүккөн өлкөлөр тааныбайт. Мындай оор кырдаалда Кыргызстандын аткаминерлери барып катышуусу - чоң жаңылыштык. Кыргызстан бул кырдаалда бейтарап позицияны карманып, бир жактуу болбой, иш жүргүзгөнү туура болмок".

Беларуста 26-январда президенттик шайлоо өттү. Добуш берүүгө КМШнын байкоочулары гана көз салды.

Экзитполдун алдын ала жыйынтыгына караганда, Александр Лукашенко 87,6% добуш алганы кабарланды.

Шайлоону утурлай Европарламент аны “жасалма” деп сындады. Мыйзам чыгаруучулар Евробиримдикти, ага мүчө мамлекеттерди жана эл аралык коомчулукту Беларуста өтө турган президенттик шайлоону жана ага чейинки өнөктүктү тааныбоого чакырды.

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого эл аралык коомчулукту оппозициядагы "Беларустун демократиялык күчтөрү"да чакырган. Укук коргоочулардын пикиринде, Беларустагы шайлоолор "авторитардык өкмөт өз бийлигин мыйзамдаштыруу үчүн колдонулуп, өз функциясын аткарбай калган".


Өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан 70 жаштагы Александр Лукашенко жетинчи жолу шайлоодо алдыга чыкканы жарыяланды.

Мындан мурдагы 2020-жылы 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын бир катар Батыш мамлекеттери жана оппозиция өкүлдөрү тааныган эмес. Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акциялар күч менен таркатылып, миңдеген адам камалган. Бир катар оппозициячыл активисттер кармалып, узак мөөнөттөргө кесилди.

Кыргызстандын позициясы "таң калтырат"

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков беларус шайлоосун бул жолу дагы өнүккөн өлкөлөр тааныбай турганын белгилеп, Кыргызстандын позициясы "аларды таң калтырат" деп эсептейт:

Равшан Жеенбеков
Равшан Жеенбеков

"Албетте, дүйнөнүн өнүккөн коомчулугу тааныбай жаткан шайлоонун жыйынтыгын Кыргызстандын аткаминерлери барып, таанып, "мыйзамдуу өттү, эл аралык стандартка туура келет" деп белгилеп жатышы Батыш мамлекеттерин таң калтырат. Аларга азырбы же келечектеби, чоң өлкөлөр санкция салышы толук ыктымал. Лукашенконун үлгүсүндөгү диктатураны колдогон адамдарды уяткаруу жана аларга өз өлкөлөрүнө киргизбөө талабы менен санкция салынып, "кара тизмеге" киргизилиши толук мүмкүн".

Беларуска байланыштуу буга чейин Кыргызстандын өзүндө да талкуу жараткан учурлар болгон. 2023-жылы апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев (Тургунбек уулу) жетектеген парламенттик делегация расмий сапар менен Беларустун борбору Минскиге барышкан. Көп узабай интернетте парламент төрагасы баштаган бир катар депутаттар Кыргызстанда кызматынан куулуп, Беларуста башпаанек алган мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин сыйлуу коногу болгону тууралуу маалыматтар тараган. Маалыматты спикердин басма сөз кызматы жокко чыгарган. Мурдагы президентке "өз демилгеси" менен жолугушканын депутат Элмурза Сатыбалдиев ырастаган.

Президент Жапаров Бакиев келсе камаларын айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:37 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG