Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн соң президент Садыр Жапаров Баш мыйзамга өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү. Маселе коомчулукта талкууланып, ача пикирлер айтылууда.
17 жаштагы Айсулуу Мукашева киши колдуу болгон соң соң өлкөдө өлүм жазасын киргизүү маселеси көтөрүлдү. Украинада Орусия оккупациялаган Запорожье АЭСде абал курчуду. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп согушту токтотуу үчүн Зеленский менен Путин жолугушууга тийиш деп кайталады.
Шаршембиге караган түнү Орусия 49 дрон менен сокку урганын, алардын 44ү атып түшүрүлгөнүн украин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди. Маалыматка караганда, орус аскерлери "Искендер" баллистикалык ракеталары менен кемелерге каршы "Оникс" ракетасын пайдаланган.
Орусиянын акыркы массалык соккуларынан улам Киевде бир нече адам каза болду. Украин президенти Зеленский дүйнөлүк коомчулукту Орусияга каршы чараларды күчөтүүгө чакырды. Ал арада АКШ Украинага алыс аралыкка учуучу ракеталарын берүү маселесин карап жатат.
Молдовада 28-сентябрда өткөн парламенттик шайлоо өттү деп жарыяланды. Бюллетендердин басымдуу бөлүгү эсептелгенден кийин президент Майя Сандунун Европаны жактаган "Аракет жана тилектештик" (PAS) партиясы алдыга озду. Анын партиясы добуштардын 50% ашыгын алды.
Даниянын аба мейкиндигин дрондордун кайра бузуп киришине байланыштуу НАТО Балтика деңизинде зениттик фрегат жана кошумча чалгын жабдыктарын жиберди.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясына катышып келгенден кийин тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну жана АКШдагы элчи Ержан Ашикбаевди кызматтан алды. Буга казак делегациясынын Нью-Йоркко сапарынын жыйынтыгы негиз болдубу же башка да себептер барбы?
Орусиянын айрым аймактарында күйүүчү май кризиси жаралды. Украинанын соккуларынан кийин кара май кымбаттады.Кризистен чыгуу үчүн Москва кандай чара көрөт? Кара майдын 95 пайызын Орусиядан алган Кыргызстанда да баа көтөрүлдү. Бишкек бензинди эми кайдан алат?
Орусиянын Красноярск аймагында полиция борборазиялык мигранттар чогулуп, концерт өтүп жаткан жайга бастырып кирип, рейд жүргүзгөнү талкуу жаратууда. Алардын арасында кыргыз жараны да болгонун Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иордан дарыясынын батыш жээгинин Израил тарабынан аннексияланышына жол бербей турганын билдирди. Ал Газадагы согушту жөнгө салуу жаатында жакын арада оң жылыштар болот деп ишенерин кошумчалады.
Дагы жүктөңүз