Батыштын бир катар өлкөлөрү Палестина мамлекетин тааныды. Айрым эксперттер менен саясатчылар муну символикалык ишарат деп баалашса, башкалары олуттуу укуктук, саясий жана дипломатиялык мааниге ээ кадам катары сыпатташат.
Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу чечимин кабыл алды. Эми президент беш күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындашы керек. Тарыхта алгач жолу Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуусуна эмне болду? Израилдин армиясы Газа шаарынын борборуна жакындады.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Украинанын лидери Владимир Зеленский 23-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушту. Мунун алдында Трамп Украина “Орусиянын эбегейсиз армиясын токтотууда эң сонун иш аткарып жатат” деп белгиледи.
АКШнын президенти Дональд Трамп Европанын колдоосу менен Украина басып алынган аймагын өзүнө толук кайтарып аларын билдирди. Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассемблеясында Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча сүйлөп, согушту токтотууга чакырды.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде палестин мамлекетин түзүү маселеси талкууланды. Парламенттин тармактык комитети Жогорку Кеңешти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү демилгесин колдоду. Кара-Жыгач айылында курулушта каза болгон үч адамдын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды.
Дүйшөмбүдө БУУнун баш кеңсесинде өткөн жыйында палестин мамлекетин түзүү маселеси талкууланды. Анын алдында француз президенти Эммануэл Макрон Британия жана бир нече өлкөнүн артынан Париж Палестина мамлекетин тааныганын расмий жарыялады.
Улуу Британия, Канада, Австралия жана Португалия Палестинаны эгемен мамлекет катары тааныды. Ал эми Израилдин армиясы Газа тилкесиндеги согушту улантып, чабуулун күчөтүп жатат. Орусия менен Казакстандын чек арасында жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги пайда болду.
Канада, Австралия, Британия жана Португалия палестин мамлекетин тааныганын жарыялашты. Алар ХАМАС радикал уюму ал мамлекетте эч кандай роль ойнобошу керек деп белгилешүүдө. Израил Иордан дарыясынын батыш жээгинде палестин мамлекетин түзүүгө жол бербесин эскертип келатат.
АКШ президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин көңүлүн калтырганын билдирди. Бул тууралуу Трамп Британияга сапары учурунда билдирди. Ал тапта Орусия Украинанын аймагына чабуулун улантууда.
10-сентябрдан кийин Орусияда "кара тизмеде" калган кыргыз жарандарын эмне күтөт? Орус бийлиги мигрант балдардын 90 пайыздайын мектепке кабыл алган жок. Ата-энелер эми кайда барат? Кыргыз бийлиги жарандарын коргоо үчүн эмне кылышы керек?
Дагы жүктөңүз