Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразылар Максим Горький атындагы бакчада акцияга чыгышты. АКШнын лидери орус президенти тезирээк ок атышууну токтотуу тууралуу чечимди кабыл алышын каалай турганын белгиледи. Ал эми Украинанын өзүндө шайлоо темасы күн тартибине чыкты.
1-апрелге караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына абадан дрон менен чабуул койгон жок. Бул жыл жаңырганы мындай алгачкы көрүнүш. Украин күчтөрү болгону эки ракетаны атып түшүргөнүн кабарлашты.
31-мартта президент Садыр Жапаров Тажикстандын Кожент шаарына барды. Султанбай Айжигитов аны мандатынан ажыраткан Боршайкомдун чечимине каршы сотко кайрылды. АКШ президенти Дональд Трамп Путинди коркутуп, Зеленскийге басым жасады.
АКШ президенти Дональд Трамп эгер Путин анын Украинадагы согушту токтотуу сунушуна тоскоолдук кылса, орус мунайына жаңы санкция саларын эскертти.
Мьянмада зилзалада набыт болгондордун саны өсүп жатат. 28-мартта 7,7 магнитудага жеткен жер титирөөдө жана андан кийинки силкинүүлөрдөн улам 1700 киши набыт болду, 300дөй адамдын тагдыры белгисиз. 3,5 миңге чукул адам жараат алганын эл аралык медиа кабарлады.
Мьянмада 28-мартта күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 1600дөн ашты. Би-би-си өлкөнүн бийлигине шилтеме кылып дагы 3,5 миңге чукул адам жараат алганын кабарлады.
Кыргызстанда машина куруучу алгачкы заводдун түптөлгөнүнүнө 100 жыл болду. Бул завод баштаган бир нече ишканаларды «Интергелпо» кооперативинин мүчөлөрү курган. 1925-жылы Пишпекке Чехословакиядан куруучулардын биринчи эшелону келген. Бул кооперативди "Интергельпо" деп аталган район гана эске салат.
Бишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылды. Митингге чыккан Бишкектин тургуну суракка чакырылды. Айрым эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин журналист Канышай Мамыркулованы бошотууга чакырды. Газанын тургундары ХАМАСты согушту токтотууга чакырып, ага каршы акцияга чыгышты.
Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге, Ош облустук жана Сузак райсотунун жетекчилерине сөгүш берди. АКШ Украина жана Орусия менен Кара деңизде ок атпоону макулдашты. Төкмө акын Асылбек Маратов УКМКдан эскертүү алып чыкканын билдирди. УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.
Эркин журналист Канышай Мамыркулова Бишкектеги №21 тергөө абагына 19-майга чейин камалды. Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу камалгандан кийин башталган нааразылык уланууда. Бишкекте коомдук транспортто бөбөк арабалары үчүн кошумча жол кире киргизилгени коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу камакка алынгандан кийин башталган нааразылык акциялары уланууда. Соңку он жылдагы эң масштабдуу демонстрациялар Стамбул, Анкара жана Измирде алты күндөн бери өтүп жатат. Түркиянын президенти демонстрацияларды "зомбулук кыймылы" деп атап, оппозицияны айыптады.
Стамбулдун мэри камалды, аны колдогон митингде 300дөн ашуун киши кармалды
Дагы жүктөңүз