Жогорку сот Аскат Жетигенге чыккан буга чейинки шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Израилдин армиясы Газа секторуна абадан сокку урду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев төрт жашар кыздын өмүрүн алган жол кырсыгында машинени анын тууганынын баласы айдап баратканын тактады.
Кыргызстан
шейшемби 18 Март 2025
18-мартта Жогорку сотто жарандык активист, ырчы Аскат Жетигендин адвокаттарынын кассациялык арызын кароо уланып, соттук коллегия Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Жетиген Чүйдөгү №27 абакта үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөйт. Ал былтыр 20-марттан бери камакта отурат. Акындын адвокаттары, жакындары чечимди "туура эмес" деп баалашты.