Жер агенттиги жаңы комиссия түзүп, шахматтык жерлер боюнча иш алып барат. Жаңы жарлыкка ылайык, мындай жер ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир же айыл чарба багытындагы жер тилкеси сунуш кылынышы мүмкүн. Азыр жаңы комиссиянын курамы такталууда.
Президент Садыр Жапаров “Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү ишин аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка 16-декабрда кол койду.
Жарлык менен жер-укуктук мамилелерди жөнгө салууга бир жылдык мөөнөткө мамлекеттик көзөмөл кирет. 2026-жылдын 1-мартына чейин азыркы жер мунапысы боюнча иштеп жаткан комиссиялардын иши токтотулат.
Мунапыска 2021-жылга чейин негизделген конуштардагы үй тургузулган, тургузулуп жаткан жер тилкелери кирет. Мындай участок ээлери мунапыс алуу арызын келерки жылдын 1-июлуна чейин тапшырууга тийиш.
Ал эми талаштуу жер тилкелери боюнча атайын мамлекеттик комиссия азыр түзүлүп жатат. Аталган комиссияга 2021-жылдын 1-декабрына чейин бош жаткан жерлерди кароо тапшырылат. Бул жер тилкелери мамлекеттин карамагына алынышы да мүмкүн. Алардын ээлерине айыл чарба багытындагы башка жер тилкеси сунуш кылынышы мүмкүн. Же "Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын" фондунан үлүштүк катыш шартында батир алуу сунушу берилет.
Жер агенттигинин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Жаңыбай Дыйканов азыр агенттик жаңы комиссиянын курамын талкуулап жатканын билдирди. Ага Жер агенттигинен, архитектура, ӨКМ, укук коргоо органдарынан кызматкерлер кириши керек.
"Биринчи этапта комиссиянын мүчөлөрү аныкталып, бекитилип анан өз ишинин жобосун иштеп чыгат. Сөзсүз түрдө тиешелүү материалдарды карап, отурумдарды протоколдор менен бекитишет. Бул комиссия 2026-жылдын 1-июлуна чейин иштеп, жер мунапысына байланыштуу өнөктүктү аякташы керек. Эми жетишери же жетишпей калары азырынча белгисиз. Бирок иш жарлыкка ылайык жүргүзүлөт", - деди Дыйканов.
Жер мунапысын жүргүзүү боюнча беш объектинин тизмеси жазылган. Алар: өз билемдик менен курулушу бүткөн желе бүтө элек турак жай, имараттар, багбанчылык жүргүзүлүп келген дача тилкелери. Бул жарлыктын негизинде жеке турак жай салынып калган же курулушу бүтө элек объектилер боюнча иш жүргүзүлөт. Өзгөчө конуштарда шахматтык түрдө үй салынбай калып калган жерлердин маселеси каралат.
Ал эми 2022-жылга чейинки мезгилде айыл чарба багытындагы жерлерге турак үйлөр салынып калган жерлер болсо, ошол маселелер да каралат. Анын баарын жаңы түзүлүп жаткан комиссия карап чыкмакчы.
Эгер комиссия ишин баштагандан кийин элден түшкөн арыздарды карап жатып, тигил же бул жер боюнча “мунапыска кирбейт” деген чечим чыгарса, ал жер участокторунун ээлерине альтернатива катары башка айыл чарба багытындагы жерлерден берүү (жер фондундагы жерлерден берилет) же экинчи сунуш, мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан үйлөрдөн үлүштүк негизде батир берүү программасына киргизүү каралат.
Жер агенттигинин маалыматы боюнча, быйыл 17-декабрга чейин жер тилкелерине болгон укуктарын таанып берүү боюнча 245 миң 943 арыз түшкөн.
Жер мунапысын жүргүзүү боюнча иш-чаралардын баары 2026-жылдын 1-июлуна чейин аякташы керек. Бул президент кол койгон жарлыкта белгиленген.
Бишкектин тегерек-четиндеги конуштарда салынган үйлөрдү документтештирүү иштерине аралашкан активист Мирбек Осмонов соңку чыккан жарлыктын иштешин көзөмөлдөө зарыл экенин айтууда. Ал жаңы конуштарда дале болсо үйлөрүн мыйзамдаштыра албагандар бар экенин белгиледи:
"Мыйзам туура эмес болгондуктан эл кызыл китебин ала албай убара тартышты. Жалпысынан алып караганда иш аябай начар жүрдү. Эми жарлыкта комиссия мамлекет тарабынан түзүлүп, дагы иш жүргүзүлөрүн белгилешкен. Мындан ары убагында кызыл китеп алган, бирок айыл чарба багытында калып кеткен жерлерди МИКке же мамлекеттин эсебине алабыз дегени жакшы. Бирок, комиссия адилеттүү караса жакшы, базар баасы эске алынышы керек. Мисалы, азыркы күнгө Бишкектин тегерек-четиндеги конуштарда салынган үйлөрдүн арасынан миңге чукул үйдүн жери талаш бойдон турат. Алар боюнча документтерди жер комиссиясы Бишкектин Ленин райондук милициясына иликтөөгө берген. Бирок дагы деле тиешелүү чечим чыга элек, качан бир жаңсыл болору да белгисиз. Жер мунапысы өнөктүгү үчүн деп бөлүнгөн убакыт абдан тар болуп калды, дагы кем дегенде 4-5 жыл керек. Ошондо үйлөрдүн баарын толук мыйзамдаштырып, конуштарда турак жайлардын арасында бош калган жерлер боюнча чечим чыгарып үлгүрүүгө болот. Жогоруда мен айткандай, бүт органдар тыгыз байланышта иштеп, чечимдерди тездеткени жакшы болот эле. Эми жаңы чыккан жарлык боюнча кандай иш болору белгисиз. Бирок документте жазылгандай каралса жаман эмес”.
Быйыл август айынын башында Бишкек мэриясы Көк-Жар-2 конушундагы 172-контурда “мыйзамсыз салынган” деген негиз менен айрым имараттарды бузуу иштерин баштаган. Жергиликтүүлөр буга каршы болуп, укук коргоо органдары бир нече кишини камакка алган. Ошол учурда мында жашагандар үйлөрүн мыйзамдаштыруу үчүн жер комиссиясына арыз беришкенин, бирок ага карабай жергиликтүү бийлик алардын мүлкүн бузуп атканын айтып чыгышкан.
172-контур экиге бөлүнөт. Ахунбаев көчөсүнөн ылдый жагы, Горький жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде 55 гектар ээн жаткан талаа да бул контурга кирет. Ал жактагы жер тилкелери 1995-1997-жылдары Көк-Жар айылынын тургундарына үлүш жер катары бөлүнүп берилгенин, бирок айыл чарба багытындагы жерге суу жетпегендиктен эч нерсе эге албай калганын үлүш ээлеринин бири Мирлан Ибраимов айтып берди. Ал бош жаткан жер тилкелери трансформацияланбай турган жерди мамлекет өзүнө алып коет деп бушайман болууда. Маселен, 30 жылдан ашык убакыт алар жердин трансформациясын күтүп, курулуш жүргүзбөй келишкен.
Ибрамовдун бул контурда 1,5 гектар жери бар. Тиешелүү документте айыл чарба багытында бул жерди колдонсо болот деп жазылганы менен бул тилке ортодо калганын, сугат суу жок экенин айтууда. Мындан улам жаңы түзүлө турган комиссия муну эске алып, багытын өзгөртөт деп үмүт артып турат.
“Биз мурда Чүйдүн Аламүдүн районуна карачубуз, кийин ирилештирүү болгондо Бишкектин Октябрь районуна кирдик. Жер ээлери бир нече жолу вице-мэрге киргенибизде, ал жерлер бизге убагында мыйзамдуу берилгенин айтып, “эч ким ала албайт” деген. Ошол эле учурда биздин тилкелердин тагдыры Бишкектин Башкы планына жараша чечилерин да айтышкан. Азыр эми 25-декабрда башкы план каралат экен, биздин билишибизче ушул биз ээлик кылып турган жерлерге МИКтин үйлөрү түшөт экен. А биздин укугубуз кайда калат? Мамлекет жанагы жаңы жарлыкка таяп туруп жерди алып, МИКтен үй бере турган болсо, кандай эсептелет? Базар баасы эсепке алынабы? Мисалы биз өзүбүз бир канча жолу жеке курулуш компаниялары менен сүйлөшкөнбүз, алар “жериңер мыйзамдашса эле биз алганга даярбыз” деп келишет. Азыр биздин маселе туңгуюкка кептелди. Биздин жан жагыбыздагы айрым кошуналарыбыз тилкелерине үйлөрүнүн пайдубалын тургузуп алышкан, аларды августта мэрия түрттүрүп салган. Ошону менен баары токтоп турат”,-деди Мирлан Ибраев.
Бул контурдагы 55 гектар жерге жалпы 73 жаран ээлик кылат. Алар менен азырынча мэрия же Октябрь райондук акимчилиги жолугушуу уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзө элек.
"Бишкекте жашыл зона азайып кетти"
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, 172-контурдагы бош турган бул жерлер боюнча маселе шаардын Башкы планы бекитилгенден кийин чечилерин айткан.
"Бишкек шаарынын курамына киргенден кийинки көп жерлер айыл чарба багытында сакталып калышы керек деген сунуштар болуп атат. Мисалы, Бишкек киши башына 16 чарчы метр жашыл зона болушу керек болсо, азыр бул көрсөткүч 4 чарчы метрге түшүп кеткен. Ошондуктан ал жагы да каралат. Андан сырткары азык-түлүк коопсуздугу маселесин да эске алганда бул жерлер өз багытын сактап калышы ыктымал. Башкы план кабыл алынгандан кийин ал документте "айыл чарба багытындагы жер" катары көрсөтүлгөн жерлер ошол багытта кана колдонулушу керек болот. Менчик укугу эч кимдики жокко чыккан жок, ал жерлерге МИКтин үйү курулат деген маалымат туура эмес. Мисалы Достоевский көчөсүндөгү жеке колдо турган жер өкмөткө өтүп, анда көп кабаттуу үй түшө баштады, болгону ошол бар".
Октябрь айында Бишкек милициясы Көк-Жар конушундагы чоң жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталганын кабарлап, мурда Көк-Жар айыл аймагынын башчысы болуп турган Ноокат районунун акимин камакка алган. Ал эми август айында болсо ушул эле контурда айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен төрт адам кармалып, кийин кое берилген.
Милиция Көк-Жардагы 172-контурдагы жер үлүштөрү майда тилкелерге мыйзамсыз бөлүнүп, жеке турак жай курулушу үчүн деп сатылганы аныкталганын да билдирген.
Аталган контурга түшкөн 385 турак жайдын теңинен көбү мыйзамдаштырууга жатпай турганын Октябрь райондук муниципалдык администрациясы эскертип келет.
Өлкөдө миңдеген гектар жер кагазда айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө там салынып, ондогон конуш пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин колдон-колго өтүп, сатылып кетсе, айрым үлүш жерлердин ээлери аянтты бир нече участокко бөлүп, сатып жиберишкен.