Бул макаласын убагында шакирти Абдил Шерматовго табыштап кеткен экен. Кези келип, шарты чыкканда жарыялап коёр деген үмүт да. Ушу тапта Салижан акенин каламынан чыккандарды чогултуп чыгаруу иши колго алынып, томдуктары аз-аздан жарыялана баштады. Көптөн күткөн иш устаттын көзү өткөн соң эле башталган. Бирок ар кыл себептерден улам кечеңдеп, даяр томдуктары чыга элек. Кол жазманы "Азаттык" радиосуна Кыргыз-түрк Манас университетинин окумуштуусу Таалайбек Абдиев берди.
А.С.Пушкиндин «Балыкчы жана балык жөнүндө жомогу» 1937-жылы У.Абдукаимовдун котормосунда «Алтын балык жөнүндө жомок» деген ат менен жарык көргөн. Ошондон бери ал котормо өзүнчө китептер түрүндө да, А.С.Пушкиндин кыргыз тилиндеги жыйнактарында, ошондой эле мектеп хрестоматияларында басылып келет. Анын эл ой-пикиринде мыкты котормо деген кадыр-баркы бар. Илимий адабиятта да ал ийгиликтүү чыккан таржыма деп бааланат[1].
Чынында да У.Абдукаимовдун колунан чыккан бу котормо өз доорундагы башка тилдерден кыргызчаланган чыгармалардын, асыресе А.С.Пушкиндин жомокторунун ичинде аттын кашкасындай бөлүнүп турат. Биринчиден, котормодо түп нусканын сюжеттик сызыгы, маанилик заты, образдык күчү анча бурмаланбай, бүдөмүк тартпай кайра көрүнгөн. Дагы бир белгилечү нерсе: эгер оригинал уйкашы жок, бирок муун саптары баштан-аяк кылка сакталган ыр өлчөмү менен жазылса, котормо кыргыз поэзиясы үчүн салттуу 6-7 муундан турган көбүнчө абвб, кээде абаб, кээде ар кыл таризде уйкашкан ыр системасы менен кураштырылып, кыргыз окурманы өгөйлөбөй, кыйналбай кабыл алгыдай түрдө жаралган. Анда куюлушуп ойдогудай кыналган, кыргызча жандуу да, мукамдуу да угулган саптар аз эмес. Бирок жалпысынан алганда, «Балыкчы жана балык жөнүндө жомоктун» тунгуч кыргызчаланышын идеалдуу деп айтканга эч негиз жок. Анын бир катар сүйлөмдөрү кыргызча шыдыр кетпейт, жасалма туюлат, бир катар уйкаштары аябай элдир-селдир, далай саптары жаш үйрөнчүк калемден чыккандай өтө эле комсоо көрүнөт. Айтылган сөз ишенчиликтүү болсун үчүн бир үзүндү келтирели:
Үйүнө ылдам чал кайтты,
Кемпирге укмуш сөз айтты:
«Бүгүн бир балык кармасам,
Жөн балыкка окшобойт,
Алтын экен карасам.
Сүйлөгөн бизче сөзү бар,
Коё бер сууга деп сурайт,
Кунум үчүн мен сага,
Берейин баарын деп сурайт.
Коё бердим балыкты,
Суроого оозум барбады.[2]
Сыртынан караганда бул үзүндүдө баары эле өз жайында тургансыйт. Цитаталанган текстти оригиналдагы текст менен салыштырып көргөндө да кандайдыр бир маанилик кайчылыктарды табыш кыйын. Бирок тиги текст кыргыз тилиндеги куюлушкан ырдык речтин көрүнүшү катары кабыл алынбайт. Ыр саптарында уйкаштар жок, жаӊырыктап турган мукам жок, муун эсебин толтуруш үчүн гана кирип кеткен мите сөздөр көп. Ошондой эле айрым саптарда өз маанисинде иштетилбеген сөздөр да бар. Маселен, оригиналда торго түшкөн алтын балык балыкчы чалдан: «Мени деӊизге коё бер, коё берген акыӊа (откуп) мен сенин тилегениӊдин баарын аткарып, бүткөрүп, бар кылып берем», - деп жалбарып суранат. Ал эми котормодо ушул маани төмөнкүдөй берилип калган:
Коё бер сууга деп сурайт,
Кунум үчүн мен сага
Берейин баарын деп сурайт.
Албетте, мындагы айтылган ой түп нускадагы сүйлөмдөрдүн маӊызын кыргыз окурманына ачык жеткире албайт, анын үстүнө «кун» деген сөз эне тилибизде «өлтүрүлгөн киши үчүн өлтүргөндөр тарабынан берилүүчү акы», анан да «бирдеменин баасы же наркы» деген гана түшүнүктөр берет. Тиги саптар жок эле дегенде: «Коё берген акыӊа, тилегениӊ берейин, деп а балык безилдейт», - дегендей которулууга тийиш эле.
Балыкчы чалдын котормодогу «Коё бердим балыкты, Суроого оозум барбады», - дегени да окурмандарды, айрыкча мектеп жашындагы балдарды аӊгүдүк калтырышы мүмкүн, себеби дегенде ал эки саптан балыкчы чалдын: «Балыкты сууга коё бердим, андан бирдеме тилеп-сурап алганга батынбадым», - дегенин ачык-айкын аӊдап алыш кыйын.
Айтор, «Балыкчы менен балык тууралуу жомоктун» биринчи жолу кыргызчалаганында өйдөкүдөй өксүктөр бир кыйла бар. Демек, аны кыргызча поэзиялык котормонун өрнөгү деп баалаганга эч негиз жок.
У.Абдукаимовдун бул котормосунун өтө жармач болбосо да ортозаар эле экенин анын текстин баштан-аяк илимий таризде талдап отургандан көрө төмөнкүдөй бир эксперимент айкын көрсөтөт. Мына, аталган жомоктун оригиналындагы баштапкы саптар:
Жил старик со своею старухой
У самого синего моря;
Они жили в ветхой землянке
Ровно тридцать лет и три года.
Старик ловил неводом рыбу,
Старуха пряла свою пряжу.
Раз он в море закинул невод, —
Пришел невод с одною тиной.
Он в другой раз закинул невод, —
Пришел невод с травой морскою.
В третий раз закинул он невод, —
Пришел невод с одною рыбкой,
С непростою рыбкой, — золотою.
Как взмолится золотая рыбка!
Голосом молвит человечьим:
«Отпусти ты, старче, меня в море,
Дорогой за себя дам откуп:
Откуплюсь чем только пожелаешь».[3]
Ушул саптар У.Абдукаимов тарабынан төмөнкүчө кыргызчаланган:
Көк деӊиздин боюнда
Бир кемпир, чал болуптур;
Жер тамда алар турганга
Отуз үч жыл толуптур.
Чал деӊизден күнүгө
Балык уулап жүрчү экен,
Кемпир дайым үйүндө
Ийик ийрип турчу экен.
Чал бир күнү эртелеп
Деӊизге барып тор салды,
Тартып алса энтелеп,
Илип чыкты чөп-чарды.
Экинчи жолу абышка
Салса торун деӊизге,
Толуп чыкты камышка.
Үчүнчү жолу тор салса,
Илинип чыкты бир балык,
Жөн балыкка окшобойт,
Алтын экен караса.
Кишиче сүйлөп жалынып,
Алтын балык кеп айтат:
«Коё бер мени, абышка,
Мен деӊизге кетейин
Кунум үчүн мен сага
Тилегениӊ берейин».
Байкалып калгандыр, орусча текстте баяндоо логикасы талап кылгандан тышкары сөздөр, сөз айкалыштары, сүйлөмдөр жок, ар бир фраза же лексикалык каражат өз ордунда. Эгер анда айрым бир кайталоолор жолукса, алар функциялык (эстетикалык, стилистикалык) роль ойнойт.
Ал эми котормодо сөздөрдүн кыналышы борпоӊ, текст артыкбаш элементтерге, кыргызча нормада турат деп айтууга арзыбаган сүйлөмдөргө, ырдык речь катары кабыл алынбаган саптарга жыш.
Ушул эле текстти кыргыз тилинин лексикалык ресурстарын, поэзиялык мүмкүнчүлүктөрүн рационалдуу пайдалануу менен которуп көргөндө, ал болжол менен төмөнкүчө чыгышы мүмкүн. Бул котормо ушу окулуп жаткан саптардын авторунун калемине таандык:
Жок экен да, бар экен,
Бир кемпир, бир чал экен.
Көк деңиздин жанында,
Жер төлөдөй тамында
Отуз үч жыл чал, кемпир
Өткөрүшүп тириглик,
Балык кармап бакыр чал,
Бакыр кемпир жип ийирип.
Бир күнү чал эртелеп
Деңизге тор чөгөрүп,
Тартып алса энтелеп,
Балыр чыкты көгөрүп,
Кайра торун салды чал,
Кайра тартып алды чал.
Тордон суусу шорголоп,
Тордо нымып олжо жок!
Дагы торун салды чал,
Дагы тартып алды чал.
Карап бакса бир балык
Жарк-журк этет нурланып,
Алтын экен ал балык!
Сүйлөп ийди жалбарып:
"Коё берчи карыя,
Сууда күнүм көрөйүн,
Коё берген акыңа,
Не тилесең, берейин,
Салык салсаң, төлөйүн".
А.С.Пушкиндин «Сказка о золотом петушке» дегени 1940-жылы У.Абдукаимовдун котормосунда «Алтын короз жөнүндө жомок» деген ат менен жарык көргөн. Оригинал аабб тибиндеги уйкаштар менен, 6-7 муундуу ыр саптары менен жазылган, ал эми котормо ар кыл формадагы уйкаштар, 6-7 муундан турган ыр сапары менен иштелген.
Котормо жалпы жонунан оригиналда баян этилген окуя тизмегин туура бере алган. Анын текстинде негизинен кыргызча өрнөктүү ырдык речтин талаптарына жооп берген строфалар, жарк эткен дурус саптар жок эмес. Бирок таржыманын ырдык фактурасын ойдогудай деп айтыш кыйын. Биринчиден, анын уйкаштары кадыресе шыдырлыгы менен, өз ордуна ылайыктуу кадалып турганы менен, жаӊыча же күтүүсүз жаӊырык чыгарганы менен айырмаланбайт. Экинчиден, котормонун жалпы стилдик түзүлүшү жасалма түс алып, кыргызча тубаса, табигый угулбай калган. Мисал келтирели.
Оригиналда:
Негде, в тридевятом царстве,
В тридесятом государстве,
Жил-был славный царь Дадон.
С молоду был грозен он
И соседям то и дело
Наносил обиды смело;
Но под старость захотел
Отдохнуть от ратных дел
И покой себе устроить.
Тут соседи беспокоить
Стали старого царя,
Страшный вред ему творя.
Чтоб концы своих владений
Охранять от нападений,
Должен был он содержать
Многочисленную рать.[4]
Көрүнүп турбайбы, улуу орус акыны жөнөкөй эле сөздөр менен, анча татаалдыгы жок ырдык каражаттар менен сюжеттин экспозициясын сарамжалдуу берип койгон. Тексттин структурасында артыкбаш информация же сөз айкалыштары жок. Мунун кыргызчасы төмөнкүдөй чыккан:
Байыркыда бир жерде,
Асманы бөлөк башка элде,
Атагы алыс жер кеткен,
Дадон деген шаа өткөн.
Каардуу чыгып жашынан,
Кайрат-күчү ташыган.
Көрүнөө кордук көп кылып,
Чаппаган эл койбоптур.
Күч кеткен соӊ каржалып,
Жоолашты коюп тынч алып,
Жай жатууну ойлоптур.
Бирок чыгып туш-туштан
Илгертен өчү калышкан
Жоолору тынчын алыптыр,
Мүлкүнө кол салыптыр.
Чегине коюп күзөтчү
Колду сансыз көбөйттү.
Сыртынан караганда бул саптарда кынтык жоктой көрүнөт. Бирок алардан оригиналда айдан ачык туюнтулган маалыматтар котормодо бүдөмүк тартып калган. Көп саптар ырдык касиеттен ажырап, уйкаштары элдир-селдир тариз алып, көркөм табити өткүр окурмандын көӊүлүн иренжитер абалга жеткен.
«Алтын короз жөнүндө жомок», албетте, нукура акындык эргүү менен тыкан кыргызчаланган эмес. Котормочу калемине биринчи урунган сөздөр, сөз айкалыштары, сүйлөмдөр, уйкаштар менен соктуруп кете берген. Тексттин стилин жылмалап, сөздөрүн орду менен жаӊырык чыгарып тургандай куюлуштуруп, уйкаштарын ылайыгына жана үндөштүгүнө жараша тандаганга, мазмундук элементтердин түшүнүктүү да, уккулуктуу да айтылышын камсыз кылганга таржымачынын кудурети жетип турса да, моюну жар бербей койгон шекилди. Анын үстүнө а кезде ыр жаатындагы котормолор маани жагынан да, көркөмдүк сапат жагынан да аябай аксап турган себептүү У.Абдукаимовдун калеминен чыккан ар кандай таржыма редакторлор тарабынан да, окурмандар тарабынан да мыкты чыгармалар катары кабыл алынган, мунун өзү автордун өзүнө өзү катуу талап коё билишине жолтоо кылган.
А.С.Пушкиндин «Сказка о царе Салтане, о сыне его славном и могучем богатыре князе Гвидоне Салтановиче и о прекрасной царевне Лебеди» дегени жаш акын К.Эсенкожоев тарабынан «Падыша Салтан, анын даӊктуу жана кайраттуу баатыр уулу Гвидон Салтанович жана сонун каныша Аккуу тууралуу жомок» деген ат менен кыргызчаланып, 1940-жылы басмадан жарык көргөн.
Бу котормо жалпы жонунан өтө жармач. Мунун биринчи себеби: котормочу оригиналдын көп жериндеги маани-маӊызын анча аӊдап биле албай, болжолдуу гана түшүнүп, ошонун айынан көп жаӊылыштыктар жиберген. Экинчиден, котормочу түп нускада айтылгандардын баарын төкпөй-чачпай беришке аракеттенип, буквализмге кирип кеткен. Үчүнчүдөн, котормонун ырдык фактурасын ойдогудай даражага көтөрүш үчүн автордун таланты да, тажрыйбасы да жетпей калган. Ошол себептен жомоктун кыргызчасынын келегей тилдүү тилдик-ырдык структурасынын арасынан оригиналдын сюжеттик сызыгы араӊ-араӊ байкалат. Котормодо эмнелер жөнүндө сөз болуп жатканын жөнөкөй окурман, айрыкча мектеп балдары боолголоп араӊ аӊдашы мүмкүн.
К.Эсенкожоевдин бу сапар кандай котормочулук кылганын төмөнкү мисалдардан байкаса болот.
Оригиналда:
«Кабы я была царица, -
Говорит ее сестрица, -
То на весь бы мир одна
Наткала я полотна».[5]
Котормодо:
Анан сүйлөйт сиӊдиси:
«Болсом эгер каныша,
Бүт дүйнөгө жалгыз мен
Согор элем полотно.[6]
Байкалып калгандыр, кыргызчасында куюлушкан сөз айкалыштары да, таамай образдык туюнтмалар да, ырдык речке көрк, жаӊырык, жамал берген уйкаштар да жок. Анын үстүнө «полотно» дегенди «килем», «кездеме», «назик таар» дебей, ошо бойдон бергени да максатка ылайык болбой калган. Себеби «полотно» деген орус сөзү куду ушул жолкудай колдонулган мааниде кыргыз тилине кирген эмес, «болотнай», «полотнай» деген формада кирип, матанын бир конкреттүү түрүн билдирип кеткен. Ошон үчүн «полотно» деген сөз кыргызча текстте түшүнүксүз бир нерсе катарында кабыл алынып, өз жайында турбай калган.
Биздин котормочу котормонун буквалисттик ыкмасын бекем карманып туруп алганынан орусча тексттеги айрым сөз айкалыштары же уйкаштар саптын муун эсебин толтуруу же уйкаш үчүн гана иштетилгенин байкабай, кыргызчаланбай турган саптарды деле кыргызчалай берген, алардын ордуна кандайдыр ылайыктуу эквиваленттер издеп табуу зарылдыгын эч этибарга алган эмес. Маселен, оригиналда төмөнкүдөй саптар бар:
Едет с грамотой гонец,
И приехал наконец.
А ткачиха с поварихой,
С сватьей бабой Бабарихой,
Обобрать его велят;[7]
Кыргызчасы:
Падыша берген катты алып
Чабарман келди баптанып
Өрмөкчү менен тамакчы
Бүбү катын мастаны
Чабарман көзүн жазгады.
Албетте, мындагы «баптанып» деген сөз «катты алып» дегенге уйкаш бүтсүн үчүн гана тиги жерге туруп калган, а чынында а сөз «чабарман келди» деген айкалышка анча коошпойт. Ал эми: «А ткачиха с поварихой, С сватьей бабой Бабарихой», - деген эки саптын: «Өрмөкчү менен тамакчы, Бүбү катын мастаны», - деп которулганынан сөз жомок башында өз ара сүйлөшүп отурган үч кыздын килейген килем согот элем, бүт дүйнө тойгудай аш-тамак жасайт элем деген экөө жөнүндө, алардын айлакер бир катынга кошулуп падышага күйөөгө чыккан кызга кыянат жасаганы жатканы жөнүндө кеп бара жатканын түшүнүүгө мүмкүн эмес. Мындай жерлерде кыргыз окурманына ачык болуш үчүн баягы падышага тийсем а кылат элем, бу кылат элем деген үч кыздын кур үмүт калган экөө жолдуу болгон кызга өчөшүп чабарманды мас кылганы жатканын таамай туюндуруу керек болчу.
А.С.Пушкиндин «Өлгөн хан кызы жана жети баатыр тууралуу жомогун» М.Элебаев кыргызчалап, 1940-жылы бастырып чыгарган. Илимий адабиятта, асыресе К.Х.Жийдееванын кыргыздын поэзия жаатындагы көркөм котормосунун тарыхына арналган китебинде М.Элебаевдин бул таржымасы өтө жогору бааланган.[8] Ырас, М.Элебаевдин котормосу оригиналга салыштырганда кыйла эле жармач, бирок анда чын эле кыргызча дурус чыккан ыр саптары да жок эмес. Ошондой эле котормодо түп нусканын мазмуну (сюжеттик элементтери) туура берилген. Тилекке каршы, аталган таржыманын ушундай ийгиликтери М.Элебаевдин накта чыгармачылык иш-аракетинин натыйжасы болгон эмес. Себеп дегенде биздин акын «Өлгөн хан кызы жана жети баатыр тууралуу жомокту» тикелей орусчадан эмес, казакчадан которгон. Мисал келтирели:
Хан коштошту ханша калып,
Сапарга чыкты бир узак.
Ханша карайт айнектен,
Жалгыз күтөт бир четтен.
Күтө-күтө күн бою,
Көзүнө оору болду тап.
Көрүнбөдү сүйгөн дос,
Өтүп жатат мезгил бош.
Аппак кылып ааламды
Жалаӊ гана кар жаады.
Ошентип өттү тогуз ай,
Тогуз ай карап көз албай.
Жүргөн кезде ханшаӊыз,
Бир күнү теӊрим берди кыз.
Эртеси эрте таӊ менен,
Узак күндөр күттүргөн,
Оролуп алыс сапардан,
Бир күнү хан келди аман.[9]
Казакчасы:
Хан костасты ханыша кап,
Сапарга шыкты бир узак.
Карайды ханыша айнектен
Күтеди жалгыз бир шеттен.
Күтө-күтө күн узак
Көзине ауруу болду тап.
Көринбеди сүйгөн дос!
Өтип жатыр уакыт бос.
Кар гана тек жауады,
Ак пен жерди жабады.
Соны мен өтти тогыз ай,
Тогыз ай карап көз алмай,
Жүргөн кезде канышаӊыз
Бир түнү таӊирим берди кыз.
Ертеӊине ерте мен
Узак күндөр күттирген,
Оралып алыс сапардан
Бир күни хан келди аман.[10]
Көрүнүп турбайбы, М.Элебаев казакча текстти гана кыргызчалап койгонго жараган, атүгүл «Хан костасты ханша кап, сапарга шыкты бир узак» деп ритмге да салынып, уйкашып да турган эки саптын кыргызчага ошол бойдон дал түшпөгөнүн эске алып, жаӊы уйкаш издегенге чыгынбай, ырдын ритмин да, уйкашын да бузуп салган:
Хан коштошту ханша калып
Сапарга чыкты бир узак.
Албетте, М.Элебаевдин котормосу – механикалык мүнөздөгү гана таржыма. Демек, «Өлгөн хан кызы жана жети баатыр жөнүндө жомоктун» эӊ алгачкы кыргызча варианты тууралуу сөз кылганда, анын орусчадан эмес, казакчадан көчүрүлгөнү дайыма эске алынууга тийиш. Экинчиден, М.Элебаевдин котормо ишине кадыресе чыгармачылык жумуш деп карабай, өзүнүн менчик жаратмандык иш-аракетин жүргүзүү үчүн материалдык каражат табууга багытталган нерсе катары мамиле кылганын да эстен чыгарбашыбыз керек.
А.С.Пушкиндин «Поп жана анын кызматчысы Балда жөнүндө жомогу» 1937-жылы А.Осмоновдун котормосунда чыккан. Бул жаш акындын эӊ алгачкы поэзиялык таржымаларынын бири эле.
Эӊ оболу белгилечү нерсе: А.С.Пушкин өз жомогун «раешный стих» деген элдик ыр системасы менен жазган. «Раешный стихтин» түзүлүшү кыргыздын «жорго сөзүнө» көп жакын келет. Демек, аталган жомокту ошо «жорго сөз» түрүндөгү оош-кыйыш ыр өлчөмдөрү менен кыргызчалоо керек болчу.
А.Осмонов жомокту кыргыздын кадимки эле 6-7 муундагы ыры менен которо баштап, бирок аны баштан-аяк сактай албай, «эркин ыр» өлчөмдөрүнө өтүп, кайра 6-7 муундан турган ыр саптарына кайтып, айтор, аралашма ыр менен таржымалаган. Улуттук ыр өнөрүнүн азыркы бийиктигинен караганда, «Поп жана анын кызматчысы Балда жөнүндө жомоктун» кыргызчасы өтө эле комсоо көрүнөт. Акыйкатта да анын көпчүлүк сөз айкалыштары, сүйлөмдөрү поэзиялык касиетке ээ эмес, уйкаштары негизинен элдир-селдир, таасирленткич күчү жокко эсе. Котормодо айрым тексттик фрагменттердин мааниси тескери берилип калган жерлер да бар. Маселен, оригиналда Балданын поп үйүнө келген соӊ көрсөткөн кызматына поптун зайыбы менен кызы кандай мамиле кылганы тууралуу мындайча айтылат:
Попадья Балдой не нахвалится,
Поповна о Балде лишь и печалится.[11] .
Арийне, бул эки сапта поптун катыны Балданы жаны калбай көтөрө чалып мактаганы, поптун кызы Балданы тымызын жакшы көрүп зарлап жүргөнү маалымдалып жатат. Ал эми котормодо болсо мындайча теӊирден тетири кыргызчаланган:
Поп катыны Балданы мактабайт,
Поптун кызы Балданы жактабайт.[12]
Дагы бир мисал Балда поптун чекесине үч чертчү мезгил тыкыр жакындап келгенде поптун ичинен кыпылдап, кемпирине кеӊеш сурап кайрылганына байланыштуу. Бу тууралуу оригиналда мындай деле:
Поп ни ест, ни пьет, ночи не спит,
Лоб у него заранее трещит.
Вот он попадье признается:
«Так и так: что делать остается?»
Ум у бабы догадлив,
На всякие хитрости повадлив.[13]
Бул үзүндүдөн безилдеп коркуп, башы каӊгып турган поптун: «Айла кетти, эми эмне кылам», - деп жастыкташынан сураганы, катындын акылы жүйрүк, айла-амалы көп экенине автордук баа берилгени ачык баамга кадалып турат. Ал эми котормодо өйдөкү текст төмөнкүдөй тариз алган:
Поп жебейт, ичпейт, түнү бою уктабайт,
Анын чекеси күн мурунтан тызылдайт.
Акыл менен жол тапкан,
Айла кылып жан баккан
Катыны поптун көп ойлоп:
«Андай кыл да, мындай кыл,
Баары бир такыр айла жок».[14]
Көрүнүп турбайбы, оригиналда поп айткан сөз котормодо анын катыны тарабынан айтылып калган. Мындай чаташтар сөзгө алып жаткан таржымада бирин-экин эмес.
Ырас, А.Осмонов А.С.Пушкиндин поп менен Балда тууралуу жомогунун сюжетин эптеп туура бере алган. Бирок поэманын мазмун-формасын, идеялык-көркөмдүк күчүн түп нускага аздыр-көптүр жакындап баргыдай кылып кыргызчалаганга үйрөнчүк котормочунун шаасы жеткен эмес.
А.С.Пушкиндин европалык адабий сюжеттердин, белгилүү элдик сюжеттердин негизинде жараткан майда трагедиялары бар. Алардын баары ыр менен жазылып, татаал мазмундук уюткуга, китептик ассоциацияларга, кошумча жашырын мааниге эгедер. Ошол поэзиялык шедеврлердин ичинен эмнегедир «Каменный гость» дегени гана кыргызчаланган. Ал «Таш конок» деген ат менен Ж.Турусбековдун котормосунда 1937-жылы өзүнчө китепче түрүндө жарык көргөн.
Бу котормо Ж.Турусбеков тарабынан «эркин котормо» деп атайын белгиленген, бирок аны ошондой деп баалаганга эч кандай негиз жок, себеби анда оригиналдын сюжеттик өзөгү, каармандарынын аттары, дагы башка мазмундук элементтери анча деле өзгөртүлбөй берилген. Таржымачы орусча текстти белгилүү даражада туура түшүнүп, анын көркөм каражаттарын эне тилиндеги речтик жана ырдык мүмкүнчүлүктөр аркылуу туюндурууга аракет кылган. Бирок жалпы жонунан баалай келгенде, «Таш коноктун» кыргызчасында ар кыл мүнөздөгү мүчүлүштөр көп.
«Таш конок» түп нускада драмалык (каармандардын өз ара сүйлөшүүсү) формада 11-12 муундагы уйкашсыз ыр менен жазылган; бир диалогдун эӊ акыркы сабы ырдык өлчөмдөн кемип айтылса, ал андан улай келген диалогдун башкы сабы менен толукталып, натыйжада ритм бир калыбынан жазбай агып бара берген.
Ж.Турусбеков «Таш конокту» кандайдыр бир ритмге түшпөгөн «ээнбаш», уйкашпаган графикалык сүрөтү (китеп бетинде жайгаштырылышы) боюнча гана ырдык речке окшошуп турган кара сөз менен которуп баштаган. Ошондон улам ал бир чети өзү жараткан тексттин поэзиялык салтанаттуу стилин өтө эле пастатып, прозалаштырып жиберсе, бир чети анын речтик түзүлүшүн көп сөздүү, борпоӊ, көрксүз кылып салган.
Экинчиден, котормочу орус тилин ойдогудай билбегенинен, түшүндүрмөлүү сөздүк менен иштебегенинен өз таржымасында бир катар маанилик каталардын кетишине жол берген, кээде оригиналдагы репликалардын интонациялык өзгөчөлүгүн, ирониялуу көмүскө маӊызын, метафоралык таризде айтылып жатканын таназарга албай, өз оюна туура келгендей соктура берген. Мисал келтирели.
Оригиналда:
Дон Гуан
Как думаешь? Узнать меня нельзя?
Лепорелло
Да! Дон Гуана мудрено признать!
Таких как он, такая бездна![15]
Мында киши өлтүргөнү үчүн сүргүндө жүргөн Дон Гуан жашырынып Мадрит (Мадрид) шаарына келип, жан-жөкөрү (кызматчысы) Лепореллодон «мени эч ким тааныбас бекен?» деп сурап жатат, ал эми Лепорелло шаар калкына аттын кашкасындай таанымал Дон Гуандын ошентип сураганына какшык менен: «Ооба сага, Дон Гуанды тааныш кыйын эмеспи, андайлар бу жерде быкылдап жүрбөйбү!» деп жооп кайтарат. Ж.Турусбеков эки драмалык каармандын диалогунда өйдөкүдөй кош маани барын баамдабай, мамынтип кыргызчалап салган:
Дон Гуан
Кандай дейсиӊ? Мени тааный албайт го?
Лепорелло
Ырас! Дон Гуанды таануу кыйын иш!
Ооба, ал өзү бир түпсүз тереӊ да!
Албетте, котормочу оригиналдагы сөз айкалыштарынын сырткы маанисин гана эсепке алып, атүгүл саал кыӊыр түшүнүп, тереӊиндеги мазмунун кабылдай албай калганы көз көрүнөө турбайбы.
Котормочунун орусчага өтө эле маш эмес экенин «Антоньев монастырь» дегенди «Антоний монастыры» дебей, орусчасы боюнча алганынан, «растрогаться» дегенди «элжиреп кетти» деп айткандын ордуна «берилип кетти» деп койгонунан деле байкоого мүмкүн.
Дагы бир баса белгилечү нерсе: сөзгө алынып жаткан котормодо сөзмө-сөз кыргызчалоо духу абдан күчтүү. Таржымачы түп нускадагы кайсы бир диалогдун бардык фразаларын, атүгүл сөздөрү менен сөз айкалыштарын чыпчыргасын коротпой толук бергенге жан үрөп, ошонун айынан чыгармачылык кырсыкка келип согулган. Маселен, оригиналда жан-жөкөрү Лепорелло Дон Гуанга: «Сүргүнгө барган жериӊде жаныӊ тынч алып отура бербейсиӊби?» - десе, Дон Гуан мындайча жооп айтат:
Слуга покорный! я едва-едва
Не умер там со скуки. Что за люди,
Что за земля! А небо?.. точный дым.
А женщины? Да я не променяю,
Вот видишь ли, мой глупый Лепорелло,
Последней в Андалузии крестьянки
На первых тамошних красавиц — право.
Они сначала нравилися мне
Глазами синими, да белизною,
Да скромностью — а пуще новизною;
Да, слава богу, скоро догадался —
Увидел я, что с ними грех и знаться —
В них жизни нет, всё куклы восковые;
А наши!.. Но послушай, это место
Знакомо нам; узнал ли ты его?
Бул монологдо сюжеттин өнүгүшү, образдардын ачылышы, баарынан да баш каармандын психологиялык мүнөздөмө алышы үчүн эң зарыл информация гана айтылган. Ошол информация уйкашсыз болсо да ыр түрүндөгү атайын речтик алкакка салынып, ар бири өз ордуна куюп койгондой бап келип турган, өз ара табигый же жасалмасыз айкалышка кирген, өтө сарамжалдуу колдонулган сөздөр менен туюндурулган. Ал эми бул монологдун кыргызчасы төмөнкүдөй чыккан:
Дон Гуан
Тил алгыч кызматчым. Мен ал жерде
Эриккенден өлүп кала жаздадым.
Эмне деген жер?
Ал асманычы? Жөн эле көк түтүн.
Аялдарычы?
Алардын чыгаан сулуусуна
Андалузияннын эң аяккы дыйкан аялын алмашпайм.
Адеп барган учурда:
Көздөрү көгүлжүм,
Жүздөрү менен ак саргыл,
Уялчаак, токтоолуктары
Артыкча жаңы учурагандыктан
Бир аз көөнүмө жагышты.
Ээ, кудай,
Алар менен жанашуу
Күнөө экенин бат эле сездим.
Аларда турмуш жок.
Баары бирдей куурчак.
А биздин аялдар!
Карасаң, ушул жер бизге тааныш,
Тааныдыңбы?
Көрүнүп турбайбы: Дон Гуандын ориналдагы ырдык речь түрүндөгү монологу кыргызча сырткы графикалык (жазылыш) көрүнүшү боюнча гана ыр сыяктанып кеткен, а чынында кандайдыр бир сезимге туюмдуу ритмикага түшүрүлбөгөн кара сөз менен берилген. Экинчиден, ал монологдо камтылган конкреттүү маани-маңыз биздин эле тилибизде түп нускага тете келгидей даражада нукура чыгармачылык менен кайра жаратылбай, тамгама-тамга (буквальный) таржыманын принциптерине ылайык которулган. Ошонун айынан котормочу жадагалса өтмө (метафоралык) же фразеологиялык мааниде иштетилген сөздөрдү, сөз айкаштарын, сүйлөмдөрдү да өйдөкүдөй жол менен кыргызчалап салган. Маселен, оригиналда баш каарман өзү сүргүндө жүргөн жердин кыз-келиндери тууралуу өтө текебердик менен кеп кылып, аякка жаңыдан барганда жергиликтүү аялдарга бир аз кызыгып көргөнүн айтып келип, анан мындай дейт:
Да, слава богу, скоро догадался —
Увидел я, что с ними грех и знаться —
В них жизни нет, всё куклы восковые;
Котормодо бул үч сап төмөнкүчө берилген:
Ээ, кудай,
Алар менен жанашуу
Күнөө экенин бат эле сездим.
Аларда турмуш жок.
Баары бирдей куурчак.
Сыягы, таржымачы «грех и знаться» дегендин «ымалалашкандан ардануу», «мамилелешкенди жарабас (арзыбас) иш деп саноо» дегендей, ал эми «в них жизни нет» деген сөз айкалышынын «алардын жалыны жок, жамалы жок» дегендей маани туюндурарын билбесе керек. Канткенде да таржымачынын «аларда турмуш жок» дегенинде оригиналдагы тиешелүү туюнтмадан таптакыр башкача, анын үстүнө эки ача түшүнүк бере турган олдоксон маани жатканы талашсыз.
Айтор, Ж.Турусбековдун «Таш конокту» кыргызчалаганы жок эле дегенде сабаттуу жасалган сөзмө-сөз котормонун деңгээлине көтөрүлгөнгө жарабай калган.