Кыргыз элинин байыркы журттары жалаң гана Шибер менен чектелген эмес. Чыгыш Теңир-Тоонун бир ыптасында жайгашкан Манас дарыясы жана Манас көлү да байыркы кыргыздардын журттарынын бири болгон. Жакынкы жылдары географ илимпоз Саламат Аламанов КЭРдин ШУАРында жайгашкан ушул касиеттүү жерге саякат кылды. Тарыхый мейкиндигибиздин дагы бир бурчу тууралуу тарыхчынын блогу.
Боро-Хоро жана Эрин-Кабырга тоо кыркалары байыркы кыргыз тарыхында
Кыргыз элинин байыркы бабаларынын журттарынын бир өңүрү Чыгыш Теңир-Тоо (Тянь-Шань) тоо кыркаларынын чыгыш өңүрлөрүн түзүүчү Боро-Хоро жана Эрин-Кабырга тоо кыркалары жана анын тоолуу-жакалуу өрөөндөрү менен тыгыз байланыштуу.
Байыркы кытай тарыхчысы Бан Гу жазган “Хоу Хан шу” – “Эрте Хан сулалесинин тарыхы” эмгегинде кыргыздар б.з.ч. I кылымдын ортосунда убактылуу болсо да өз мамлекетинин эгемендигин калыбына келтиргени айтылат.
Бул доордо байыркы кыргыздардын мекени Чыгыш Теңир-Тоодогу Боро-Хоро тоо кыркасында, ошондой эле азыркы Манас дарыясынын аймагында жайгашкан.
Боро-Хоро тоо кыркаларынын түндүк тарабында Дзосотын Элисун (кыргызча Курман-Түңүт чөлү; уйгурча Гурбантүңгүт Қумлуқи; англисче Gurbantünggüt Desert) деген чөл жайгашкан. Ал эми байыркы теңир-тоолук кыргыздардын тобу тоо этектеп, бул чөлдөн түштүк-батышыраакта байырлаган.
Бир аз жылдардан кийин Кытайга каршы эгемендик саясатын жүргүзгөн хун өкүмдары Тезек теңиркут (анын ысымын орус адабиятында “Чжичжи шаньюй” деп чечмелеп жазышууда) Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз өлкөсүн кайрадан өзүнө каратып алган.
(Албетте, тарыхый жазма эстеликтерде каттала элек доорлордо протокыргыздар Ички жана Борбордук Азиядагы алда канча кеңири чөлкөмдөрдө көчүп-конуп жашагандыгын жоромол кыла алабыз. Байыркы кыргыздар “жалаң гана Энесайда жашаган” деген бүтүм, демек, “априори” алынган жана толук такталбаган тыянак болуп саналат.
Кыргыздын тарыхы коңшулары – “ашина” түрк уруусу деле Чыгыш Теңир-Тоодон Алтайга жужандардын кысымы менен б.з. V кылымда гана сүрүлгөн эмеспи).
Айтмакчы, кийинки кездери “Чжичжи шаньюй” деген ысымды Кытайдагы түрк тилдүү окумуштуулар “Тезек теңиркут” деп чечмелеп окуй башташкандыгын бизге Үрүмчүдөгү белдүү фолклор таануучу, адабиятчы, этнограф жана котормочу, профессор Мамбеттурду Мамбетакун XXI кылымдын башында маалымдаган эле.
Биздин синологдорубуз дагы КЭРдеги түрк тилдүү адистредин терминологиялык табылгаларын астейдил иликтеп, өздөштүрүшү абзел.
Кыргыздарды жана башка чакан түрк өлкөлөрүн кайра багындырган соң, Тезек теңиркут (“Чжичжи шаньюй”) Боро-Хоро тоо кыркаларынан түндүк батышка Ала-Тоо өткөөлү аркылуу чечкиндүү жортуул жасап, Жети-Суу аймагы аркылуу Талас өрөөнүнө чейин басып киргендиги тарыхта маалым.
Тезек теңиркуттун Таласка багыт алган аскеринин курамында байыркы кыргыз жоокерлери да болгон деп түкшүмөлдөйбүз.
Тезек теңиркут өтө кыска убакыт ичинде жасаган жортуулун тээ алыскы Энесайдан (Түштүк Шиберден) эмес, береги эле Манас дарыясы да ичинде болгон чыгыш теңир-тоолук аймактан жасагандыгы – тарыхый чындыкка төп келет.
(Буюрса, орусиялык көрүнүктүү синолог Людмила Боровкова айымга арналган блогдо бул маселеге толугураак токтолмокчубуз).
Манас дарыясы – кыргыз илимпоз саякатчыларынын Мекеси болуп калмакчы
Кыргызстандык тарыхчылар жана башка илимпоздор XXI кылымдын башынан тартып гана Кытай Эл Республикасына кең-кесири илимий саякатка чыга башташты.
Ушул саптардын ээси, маселен, 2009–2015-жылдардын ичинде Чыгыш Теңир-Тоонун көптөгөн аймактарында, Тарим жана Турпан ойдуңдарында, Ак-Тоодо (Чыгыш Памирде), Иле дарыясынын өрөөнүндө, Күнөс аймагында, Талкы (Талқы, Гоцзы) ашуусу аркылуу салынган бийик көпүрө аркылуу Сайрам-Нор көлүндө, Жуңгар ойдуңунун айрым жерлеринде, Күңлүн тоо кыркасынын түндүк тарабында, Хотандагы Кең-Кыя кыргыз айылында, Артыш, Кашкар, Хотан, Үрүмчү, Турпан, Кулжа ж.б. шаарларында болуп кайтты.
Арийне, Манас, Кутубий шаарларына жана Манас дарыясына, ошондой эле Лобнорго азырынча бара алган жокпуз. Буюрса, ал жактарга да баруу ниетибиз кайта элек.
Чыгыш Теңир-Тоодогу бир катар тоолуу аймактар жөнүндө кытайлык жана европалык саякатчылардын далай чыгармаларын окуган элек.
Өзгөчө орусиялык саякатчы Григорий Ефимович Грумм-Гржимайло (1860–1936) Чыгыш Теңир-Тоодогу Боро-Хоро жана анын бучкагы болгон Эрин-Кабырга тоо кыркасы, ошондой эле Манас дарыясы жөнүндө элестүү баяндаган.
Айтмакчы, бийик чокусу 5500 метрге чейин жеткен Эрин-Кабырга тоо кыркасы кыргызча “эрин” жана “кабырга” сөздөрүнөн куралат. (Орус адабиятында бул тоо кыркасынын аталышын “Ирен-Хабырга”, “Ирян-харбут” жана “Ерен-Кабирга” деп ар кыл түрдө атай беришет).
Эрин-Кабырга тоо кыркасынан башат алган Манас дарыясы (Manas river), ошондой эле Манас шаары, Манас ооданы (Manas county) жана дээрлик соолуп бара жаткан Манас көлү (Manas lake) кыргыздын залкар эпосунда чагылдырылган хан жана колбашчы баатыр Манастын ысымын эске салса, андан ары Кутубий шаар жана оодан (Hutubi county) аталышы дагы Манастын чоролорунун биринин ысымын эске салат.
Кыргыз география жана геология илимдерине зор салым кошкон заманбап оумуштууларыбыз – профессорлор Саламат Күлөмбек уулу Аламанов менен Кадырбек Сатыбалды уулу Сакиев XXI кылымдын экинчи ондугунда Кытайга байма-бай катташты.
Алардын ысымдарын атпай журт билет. Кыргыз Республикасынын УИАсынын М.М.Адышев атындагы Геология институтунун директору, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Кадырбек Сакиев (1954–2020) аз жашаса да, мол эмгек калтырган геолог.
Ал эми Саламат Күлөмбек уулу Аламанов (1947-жылдын 17-ноябрында туулган) – Кыргызстандагы таанымал илимпоз, гидролог, картограф, география илимдеринин кандидаты, элчи, чек ара маселелери боюнча ири адис. Ал Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун география бөлүмүнүн жетекчиси жана Кыргызстан География Коомунун президенти кызматтарын аркалап келет.
Бул эки агайыбыз 2012-жылы 5-июлда Жуңгар ойдуңунан түштүк-батышка келип, Эрин-Кабырга тоо кыркасынын бир өңүрү болгон Май-Тоо тоолорундагы Манас дарыясынын башаттык бөлүгүн кезип чыгышкан.
Саламат агай Манас дарыясынын жээгине келип, өзгөчө толкунданышкандыгын, бул куттуу жайда туруп, Манас ата баштаган бабалардын арбактарын эскеришкендигин бизге саймедирлеп айтып берди.
Маркум Кадырбек агай ошол саякат маалында дароо эле Манас дарыясынын четиндеги таштарды терип, тоо тектерин кызыгуу менен иликтеп киргендигин сапардашы болгон Саламат агай күлүмсүрөп баяндады.
1965–1970-жылдары Орусиянын ордо шаарындагы Маскөө мамлекеттик университетинде (МГУ) окуп, “гидролог” адистигине ээ болгон агайыбыз азыркы экологиялык кырдаалга, мөңгүлөрдүн тездеп эрип жаткандыгына жана сууну айыл чарбасы үчүн жигердүү колдонуу жүрүмүнө байланыштуу Манас дарыясынын бүгүнкү акыбалын да сыпаттады.
Кыргызстандык жана кытайлык илимий мекемелер (анын ичинде Бишкек менен Үрүмчүдөгү илимий мекемелер дагы) тоо жана суу байлыктары жаатындагы биргелешкен иликтөөлөрдү үзгүлтүккө учуратпастан, ырааттуу улантып жатышкандыгын ал канааттана белгиледи.
Аманчылык болсо, бул географ жана геолог агаларыбыздын изи менен ала-тоолук тарыхчы, археолог, этнограф, тилчи, адабиятчы жана башка адистерибиз дагы Чыгыш Теңир-Тоого, анын ичинде Манас дарыясынын өрөөнүнө байма-бай каттап калгысы бардыр.
Үстүбүздөгү айда (кулжа, б.а. июнда) Кыргызстандын Президентинин кеңсесине караштуу “Мурас” фондунун жетекчилиги Бээжиндеги чыгыш таануучу кесиптештер менен кыргыздар жаатындагы кытай булактарын иликтөө, аларды ханзу жана манжур тилдеринен кыргызчага которуу боюнча илимий кызматташтыкты мындан аркы беш жылга улантуу тууралуу келишимге кол койду.
Келээрки айда (теке, б.а. июлда) Бээжинден Бишкекке синологдор келмекчи. Кытайлык археологдор да ушул тапта бишкектик кесиптештери менен тыгыз кызматташууда.
Бул эки тараптуу пайдалуу кызматташтык кыргыз таануунун жана жалпы чыгыш таануунун болочогу үчүн өзгөчө маанилүү.
Ошондуктан Кытайдагы “Манас дарыясы – кыргыз илимпоз саякатчыларынын Мекеси болуп калса экен” деген шарттуу түрдө айтылган тилегимди бул блогго кыстара кетким келет.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.