Орусиянын бийлиги мигранттарды депортация кылуунун жаңы чараларын иштеп чыкты. Прокуратура сотко кайрылып, "Кемпир-Абад иши" боюнча акталган саясатчы-активисттерге жаза берүүнү суранды. Жо Байден НАТОну күчтүү блок бойдон сактап каларын билдирип, президенттик жарыштан чыкпай турганын кайталады.
Кыргызстан
жума 12 Июль 2024
Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча акталгандардын өкүмүн жокко чыгарууну суранды. Акталгандар айыптоочу тараптын арызын "бийликтин буйругу" катары сыпаттады.
Прокуратура сот чечимин негизсиз деп эсептейт
Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаардык сотуна берген апелляциялык арызына өзгөртүү киргизип, Биринчи май райондук сотунун актоо өкүмүн өзгөртүп, жаза берүүнү суранды.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбукка жарыялаган Биринчи май райондук прокуратурасынын өтүнүч документинде мамалекеттик айыптоочулар Медер Абдышев жана Замира Байбагышева буга чейин Бишкек шаардык сотуна берген апелляциялык арызынын жыйынтыктоочу бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
Тактап айтканда, райондук соттун 22 адамды актаган өкүмүн жокко чыгарып, аларды коюлган айыптары боюнча күнөөлүү деп таап, жаза чегерүүнү суранышкан.
Негиздемесинде сотто саясатчылардын “Каса Италия” кафесиндеги сүйлөшүүсүнүн аудиосу гана угузулуп, кылмыш иши изилденбестен жарыш сөзгө өтүп кеткени белгиленет. Ошондой эле айыпталгандардан жети гана кишиге жарыш сөз берилип, калгандарынын укугу негизсиз бузулганы айтылган. Прокуратура ушул сыяктуу жагдайлардан улам сот өкүмүн негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейт.
"Прокурорлор буйрукту аткарып жатат".
Кемпир-Абад иши менен акталган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков мамлекеттик айыптоочулар бийликтин буюртмасын аткарып жатат деген пикирде.
“Шаардык сотко өзүңөр чечимди жокко чыгарып, өзүңөр соттогула деп сунуш берди. Садыр Жапаров өткөндө айтпадыбы, кээ бирин соттоп, кээ бирине пробация бермекмин деп. Ошондон кийин прокурорлор буйругун аткарып баштады. Себеби, алар карап эле турат”, - деди Жээнбеков.
Кемпир-Абад иши боюнча 28-июнда прокуратура Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, ишти башка курамда Биринчи май райондук сотуна кайра жаңы кароого жиберүүнү өтүнгөн. Башкача айтканда бул арыз канааттандырылса, райондук сотто кайрадан териштирүү башталмак.
Азырынча прокуратура органы Кемпир-Абад иши боюнча апелляциялык арыз жөнүндө кенен маалымат бере элек. Башкы прокуратура сотко документ жөнөтүлгөнүн ырастады.
Бул иш менен акталган саясатчы Жеңиш Молдакматовдун адвокаты Кантемир Турдалиев кайсы инстанция болбосун тараптар өтүнүч келтирүүгө укуктуу экенин белгилеп, толук соттук териштирүү жүргүзүлүшү керек деп эсептейт.
“Экинчи инстанцияда дээрлик биринчисиндей эле каралат. Зарыл болсо күбөлөрдү кайра чакыртабыз, сурасын. Кадимкидей соттук териштирүү болушу керек”, - деди жактоочу.
Мындан бир ай мурда 14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган өкүм чыгарган. Коомчулукта көпчүлүк сот иши дээрлик эки жылга созулган саясатчылардын акталышы күтүүсүз болгонун айтып, ар кандай талкууларга жем таштаган.
Президент Садыр Жапаров 15-июнда Кемпир-Абад иши боюнча сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген. Ал сот иштерине кийлигишпей турганын белгилеген.
Жарандык активист Мукай Керимбаевдун пикиринде, бул ишке президентти аралаштырып, ашкере саясатташтыра берген туура эмес.
“Мыйзамдын негизинде президент киришеби же жокпу прокуратура сот иштерине укуктуу орган катары чечимге каршы арыз берет. Кемпир-Абад иши же башка иш болобу арызданып, Жогорку сотко чейин жетишет. Анын баарын саясатташтырып, президент же башкалар киришип жатат дегенден алыс болуу керек. Себеби, мыйзмадын жолу ушундай”, - деди Керимбаев.
Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши алгачкылардан болуп өзүнчө өндүрүшкө алынган. Андан кийин ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө бөлүнгөн.
Орозайым Нарматова жана Кубанычбек Кадыров алардын кылмыш иши токтоп турганын “Азаттыкка” билдиришти.
Саясат талдоочу Турат Акимов Кемпир-Абад ишинде бийликке ачуу сын айткан оппозициячыл саясатчылар болгондуктан кылмыш иши саясий өңүт алганын белгиледи. Акимов мындай божомолдор менен бөлүштү.
“Булар тынч турсун деп атайын бир чечим чыгарышы мүмкүн деп ойлойм. Эки жылдан бери тергөөчү, прокурорлор жөн эле айыптап, алар күнөөсүз отуруп чыкты, кенемте төлөшү керек дебесин деп, жеңилдетилген жана өзүн актабаган өкүм чыгарат деп ойлойм. Ушул сыяктуу башка жолдорун издеп жатышат”, - деди ал.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өттү.