Акыркы күндөрдө өлкөнүн бир катар аймактарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, 15тей адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган Ноокат районунда жана башка жерлерде азыркы тапта абал кандай? Эмне себептен мындай окуялар болуп жатат?
Кыргызстан
шейшемби 2 Июль 2024
“Көзүмдү чукуду”. Бишкекте "Тез жардамдын" дарыгери сабалды
- Эрлан Жумакадыров
- Наргиза Асекова
Бишкекте “Тез жардамдын” кызматкери сабалды деген окуя Ленин райондук милициясында тергеле баштады. 30-июнда социалдык тармакта көп кабаттуу үйдүн алдында эс учун жоготуп жаткан дарыгердин видеосу тараган. Алдын ала маалымат боюнча ал ошол үйгө чакыруу менен келген. Бейтап өспүрүмдүн энеси менен дарыгердин ортосунда чыр чыгып, ушул тапта алар бири-бирин кол көтөрдү деп айыптап жатат.