Кривой Рог шаарынын тургундары өткөн апта соңунда Орусиянын соккусуна кабылган балдар аянтчасына келип, гүл коюп жатышат. Ракеталык аткылоодон набыт болгондордун саны 20га жетти. Алардын жарымына чукулу өспүрүмдөр. Соңку маалыматка караганда, украин президенти Владимир Зеленскийдин кичине мекени саналган калаадагы кандуу чабуулдан 75 адам жараат алды.
"Жаш балдарды жерге берүү эң оор нерсе экен. Мындай болбошу керек эле. Орустар биз тууралуу эмне деп айтпасын, адегенде өздөрүнүн кылганын көрүп алышсын", - деди шаар тургундарынын бири.
Украинанын Кривой Рог шаары 5-апрелге караган түнү адегенде ракеталык аткылоого, андан кийин согуштук дрондордун чабуулуна кабылды. Бул жыл башынан бери Днепропетровск облусун бутага алган эң кандуу чабуул болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.
Жыйырма чакты көп кабаттуу үй, отуздан ашык автомашина, мектептер, ресторандар жана башка жайлар зыян тартты. Бул чабуулду Бириккен Улуттар Уюму дагы кескин сынга алды.
"Орусиянын калк тыгыз жашаган аймакта, аскердик күчтөр жок жерде жардыруучу куралды колдонушу жарандардын өмүрүнө кайдыгер мамиле жасап жатканын көрсөтөт", - деди уюмдун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Фолкер Түрк.
Орусиянын Коргоо министрлиги "жогорку тактыктагы сокку" аскер жетекчилери жана Батыштан келген окутуучулар катышкан жыйын өтүп жаткан жерге урулган билдирди. "Система" долбоору аныктагандай, ракета тийген райондо бир эле ресторан болгон.
Чабуулга туш болгон балдар аянтчасынын жанында гүлчамбарлар коюлуп, шаар тургундары оюнчуктарды алып келип жатат. Украин президенти бөлүшкөн сүрөттөрдөн балдар аянтчасынын жанында мүрт кеткен адамдардын сөөктөрүн, терезелери талкаланган үйлөрдү көрүүгө болот.
Орусиянын чабуулунун курмандыктарынын арасында үч жашар баладан 79 жаштагы карыяга чейин бар. Шаар мэри Александр Вилкул соккуну согуш башталгандан берки эң катуу чабуул катары мүнөздөдү. Бул калаада согуш башталгыча 600 миңдей киши жашаган.
Украин президенти Владимир Зеленский жекшемби күнү кечинде жасаган кайрылуусунда соңку бир нече күндөгү Орусиянын чабуулу Москванын согушту токтотууга ниети жоктугун далидегенин билдирип, Киев Орусиянын президенти Владимир Путиндин ок атышпоо келишиминен баш тартып жатканына АКШнын реакциясын күтүп жатканын кошумчалады.
"Бүгүнкү кол салууда Кара деңизден атылган ракеталар болду. Биздин союздаштар алар кайсы кемелерден жана деңиздин кайсы бөлүгүнөн учурулганын билишет. Орусиянын сүйлөшүүдөн качканынын, эч кандай шартсыз ок атышпоого макул болбогонунун бирден бир себеби ушул. Алар биздин шаарларга жана портторго деңизден кол салуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууну каалашат. Деңиздеги ок атышууну токтотуу эркин кыймыл жана азык-түлүк ташуу эле эмес, эң башкысы коопсуздук жана тынчтыкка жакындоо максатын көздөгөн".
АКШ президенти Дональд Трамп согушту тез арада токтотуу жана Москва менен мамилени калыбына келтирүү боюнча иш алып барарын айткан. Бирок Орусия өткөн айда Американын ок атышууну толук токтотуу планын кабыл алган жок.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 7-апрелдеги брифингде журналисттерге “социалдык объектилерге жана социалдык инфраструктурага эч кандай кол салуу болгон жок” деп айтты.
"Мен толугу менен биздин Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянууну сунуштайм. Биздин аскерлер жана аскердик объектилерге гана сокку уруп жатат. Алар социалдык объектилерге же социалдык инфраструктура объектилерине эч кандай чабуул жасашпайт", -деди Песков Орусиянын массалык маалымат каражаттарына берген маегинде.
Соңку чабуулдардан кийин АКШнын Украинадагы элчиси Киевге колдоо көрсөтөрүн билдирди. Ал эми Франциянын президенти Эммануэл Макрондун айтымында, Москва тынчтык келишимине жетишүү аракеттерине тоскоолдук жаратууну улантса, ага "катуу чаралар" көрүлүшү керек.
"Украина дээрлик бир ай мурун президент [Дональд] Трамптын 30 күндүк ок атышууну эч бир шартсыз токтотуу сунушун кабыл алган. Ал эми биз, өнөктөштөр менен бирге тынчтык орнотуу аракетин көрүп жатабыз. Бирок Орусия согушун күчөтүлгөн ыргакта улантып, жайкын тургундарды эсепке албай жатат. Орусиянын бул соккулары токтотулушу керек", - деди Макрон.
Кривой Рогдон кийин эле Орусия башкалаа Киевге баллистикалык ракета менен чабуул койгону кабарланды. Кооптуу абалдан улам шаар тургундары метродо баш калкалап турууга аргасыз болушту.
Украин бийлиги жекшембиге караган түнү баш калаанын бир тургуну каза болуп, үч адам жабырганын маалымдады.
Жалпысынан, расмий маалыматтарга ылайык, 7-апрелге караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына дээрлик жыйырмага жакын ракета жана 100дөн ашык дрон менен сокку урду. Алардын жарымы же андан азыраагы атып түшүрүлгөнүн украин бийлиги билдирди.
Өз кезегинде украин күчтөрү да Орусиянын аймагына 11 дрон менен сокку урганын Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады.
Шерине