Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:44

Зеленскийдин кичи мекени Кривой Рог кош чабуулга кабылды, кеминде 19 киши набыт кетти


Украина.
Украина.

Украинанын Кривой Рог шаары 5-апрелге караган түнү адегенде ракеталык аткылоого, андан кийин согуштук дрондордун чабуулуна кабылды. Ракеталык соккудан кеминде 18 адам, учкучсуз учактардын аткылоосунан дагы бир адамдын өмүрү кыйылганы, каза болгондордун жарымы балдар экени кабарланды.

Каза болгондордун жарымы балдар

Украинанын президенти Владимир Зеленский 4-апрелдин кечинде Кривой Рог шаары Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылганын, калк жашаган районго тийген соккудан кеминде 18 адамдын өмүрү кыйылганын, алардын жарымы балдар экенин билдирди.

Өлкөнүн өнөр жай тармагынын көптөгөн ишканалары жайгашкан бул ири шаар Зеленскийдин кичи мекени.

Бул Днепропетров облусуна жасалган быйылкы жылдагы эң оор, адамдар эң көп каза тапкан сокку болгонун, куткаруу, тазалоо иштери уланып жатканын аймактын губернатору Сергей Лысак билдирди.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименконун айтымында, кеминде 50дөн ашуун адам жараат алды. Көп кабаттуу үйлөр жайгашкан кварталга жасалган ракеталык соккудан жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени, медициналык жардам сурап кайрылгандар улам чыгып жатканы маалымдалды.

Лысак билдиргендей, чабуул жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:50дө башталды, жыйырма чакты көп кабаттуу үй, 30дан ашуун автомашина, мектептер, ресторандар жана башка жайлар зыян тартты.

Ага чейинки түнү өлкөнүн чыгыш тилкесинде жайгашкан Харьков шаары учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганы кабарланган. Анын кесепетинен кеминде беш жайкын тургундун өмүрү үзүлгөн, 30дай киши жараат алган. Набыт кеткендердин арасында бүтүндөй бир үй-бүлө бар экени маалымдалган.

Кривой Рог шаарындагы соңку абал түшүрүлгөн сүрөттөрдөн жерде, балдар аянтчасынын жанында каза болуп жаткан адамдардын сөөгүн, терезелери талкаланган үйлөрдү көрүүгө болот.

"Муну бүт дүйнө көрүп турат. Ар бир ракета, ар бир учкучсуз учурулган учак Орусия согушту гана каалай турганын далилдеп жатат", — деп жазды Зеленский Telegram каналына.


Куткаруу операциясы уланып жатканын айткан украин президенти кезектеги кечки видео кайрылуусунда "Орусиянын кандай гана убадасы болбосун, анын баары ракета, согуштук дрон, бомба же артиллерия менен аяктайт. Дипломатия алар үчүн эч нерсеге татыбайт" деп жазды.

Ракеталык соккудан кийин Кривой Рог дрон чабуулуна кабылды. Шаар бийлигинин 5-апрелдеги соңку маалыматына караганда, үйлөр, унаа каражаттары, трамвай жолдору, балдар аянтчалары жарактан чыкты. Жараат алгандар жети, каза болгон бир киши.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагына урган ракеталык соккунун максаты аталган шаарда жүрүп жаткан украиналык "аскердик аткаминерлердин жолугушуусу" болгонун билдирди. Мекеме чабуул "жогорку тактык менен жасалганын", шаардагы ресторандардын биринде чогулган "аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин батыш инструкторлору менен жолугушуусу" бутага алынганын маалымдады.

"Соккунун натыйжасында душмандын жалпы жоготуусу 85 аскер кызматкерин жана чет өлкөлүк офицерлерди, 20 даана техниканы түздү", — деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.

Тараптардын билдирүүлөрүн көз каранды эмес булактардан тактоо азырынча мүмкүн эмес.

Зеленский өз сөзүндө Орусия Украинанын түштүгүндөгү Херсон аймагын да бутага алганын, негизинен энергетика объектилери зыянга учураганын билдирди. Өткөн айда АКШнын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдө Украина да, Орусия да бири-биринин энергетика тармагына сокку урбоону убада кылышкан.

Украина: Согуштун токтошуна эмне тоскоол болууда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:01 0:00

АКШ президенти Дональд Трамп быйыл жыл башында кызматына расмий киришкенден бери Украинадагы согушту токтотууну тышкы саясатындагы негизги багыттардын бири кылууда. Бир нече күн мурда ал эгер орус президенти Владимир Путин тынчтыкты орнотууга бут тосо турган болсо орусиялык мунайдын импортуна санкция киргизерин айткан.

Харьковдогу чабуул

Харьков шаары узап бараткан аптада эле төрт жолу Орусиянын соккусуна кабылганын, чабуулдардын кесепетинен бир нече жерде өрт чыкканын облус башчысы Олег Синегубов Telegram каналына 4-апрелде жазды.

"88 жаштагы карыя ооруканада көз жумду... Азыркы тапта каза болгондордун саны беш кишиге жетти, 32 киши жараат алды", — деди ал.

Баштапкы маалыматка караганда, набыт болгон беш кишинин үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Уранды астынан куткаруучулар ата-эненин жана алардын кызынын сөөгүн алып чыгышкан.

Башкы прокуратура каза болгондордун тек-жайын аныктоо иштери уланып жатканын, жараат алгандардын арасында үч бала бар экенин маалымдады.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов бул күнү 40 мүнөт ичинде орусиялыктар калаанын аймагына кеминде 14 жолу сокку урганын айтты.

Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Днепр шаарында жума күнү учкучсуз учактардын жапырт аткылоосунан, жергиликтүү администрациянын маалыматына караганда, үч жайкын тургун жараат алды.

4-апрелге караган түнү учкучсуз учактар Орусиянын борбору Москва шаарынын аймагында да аныкталганын, алардын сокку уруусуна жол берилбегенин, дрон сыныктары түшкөн жерде тийиштүү кызматтар иштеп жатканын мэр Сергей Собянин билдирген.

Кийинчерээк орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Федералдык транспорт агенттигинин маалыматына таянып борбор кааланын Внуково аэропортунда учуу-конууга кайрадан уруксат берилгенин жазышкан.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери анын аймактарын учкучсуз учактар, жапырт аткылоочу реактивдүү системалар жана ракета, башкарылуучу авиациялык бомба менен аткылоону токтотпой келе жатат. Москва Украинанын шаар-кыштактарынын жарандык инфраструктурасын атайылап талкалап, элин өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду мойнуна албай келет.

Украин бийлиги, өнөктөштөрү жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын согуш кылмышы, атайын жасалган каршы аракет деп баалап жатышат.

"Орусия тынчтыкка кызыкдар эмес"

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кая Каллас социалдык тармактагы баракчасына мындай деп жазды:

"Кривой Рогдон алынган кайгылуу жана адамкерчиликке жатпаган кадрлар. Орусиялык аскерлердин дагы бир ойлонулбаган чабуулу калк жыш жайгашкан турак жай районуна жасалды. Орусия Украинаны кыйратуусун улантып жатат жана тынчтыкка кызыкдар эмес".

Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына:

"Балдар аянтчасына ракета атуу – бул согуш эмес, жапайычылык. Биз каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана өз өлкөсүн орус баскынчылыгынан коргоп жаткан адамдар менен биргебиз. Чехия сиздер менен”.

Литванын башкы дипломаты Кястутис Будрис Кривой Рогдогу окуяны “Путиндин элдешүүсү” деп мүнөздөдү.

2-апрелде Кривой Рог шаарындагы өндүрүш ишканалардын бирине баллистикалык ракета менен сокку урулуп, натыйжада төрт адам каза болуп, 14 адам жараат алган. Бир нече көп кабаттуу турак үй жабыркаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG