Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Украинадагы cогушту токтотуу аракетинен майнап чыгабы?


Полиция кызматкерлери Харьковго жасалган дрон чабуулунан набыт болгон жайкын тургундун сөөгүн көтөрүп баратышат. 2025-жыл, 29-март.
Полиция кызматкерлери Харьковго жасалган дрон чабуулунан набыт болгон жайкын тургундун сөөгүн көтөрүп баратышат. 2025-жыл, 29-март.

Вашингтон Орусия менен Украинаны Кара деңиз аймагында аскердик аракеттерди токтотууга көндүргөнүн жарыялаганы менен бул кадам ишке аша элек. Чынында, Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң ири куралдуу кагылышты токтотуу жолун үч президент үч башкача көрөт.

Ал эми согушта кармаштар жана бүтүндөй Украинанын аймагында абадан жасалган чабуулдар уланууда. Орус армиясы марттын соңку күндөрү эки түнү катары менен Украинанын экинчи чоң шаары Харьковду дрондор жана баллистикалык ракеталар менен аткылады. Ошол эле учурда, украин күчтөрү Орусиянын чек арадагы Белгород аймагына кирип баруу аракетин көргөнү кабарланды. Байкоочулардын баамында, бул былтыр жайдагы Курск аймагына жасаган чабуулду кайталоо аракети болушу мүмкүн.

"Москва менен Вашингтондун Сауд Арабиясындагы сүйлөшүүлөрү эч кандай жылыш алып келмек тургай, жалпы жонунан ийгиликсиз болуп калды. Келишимдер тынчтыкка келүү аракети сыяктуу көрүнбөйт," – деп жазды Карнеги Орусия-Евразия борборунун талдоочусу Александра Прокопенко.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун санкциялар боюнча эксперти Мария Шагина "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, Орусиянын стратегиясы сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча создуктуруу жана аскердик эмес жолдор менен өзүнүн максималисттик максаттарына жетүүгө багытталган.

"Ошол эле учурда, Москва Трамптын чыдамын сынап көрүүдөн да чочулайт. Чечүүчү кадам Трамптан көз каранды. Ал Орусия сүйлөшүүгө чындап даяр деп ишенеби же ага сүйлөшүү үстөлүнө мажбурлоого басым жасайбы?" - деп суроо салат Шагина.

Ал эми сүйлөшүү үстөлүндө жана согуш талаасында абал мындай.

Ким, качан жана эмне боюнча макулдашты?

11-мартта Украина менен Кошмо Штаттар 30 күндүк ок атышууну токтотууга жол ачкан чоң келишимге жетишкенин жарыялаган. Ага эми Орусия макул болушу керек эле.

Бул Трамп үчүн тышкы саясаттагы башкы приоритеттердин бири жана 2022-жылдын февралында Москва Украинага кеңири масштабдуу кол салгандан берки алгачкы реалдуу сунуш болуп калды.

Путин бул сунушту "принципиалдуу" колдой турганын, бирок "айрым нюанстарды" тактоо керектигин белгилеп, Батышка Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотуу сыяктуу шарттарды койду.

АКШ менен Украинанын ок атышууну токтотуу боюнча келишиминен бир жума өткөн соң, Ак үй менен Кремль дагы бир келишимди жарыялады.

Ал келишим Украина менен Орусиянын энергетикалык инфраструктурасын - электр станцияларын, электр зымдарын жана подстанцияларды аткылоону токтотууга багытталган эле.

Энергетикалык объектилерди коргоо Киев үчүн өтө маанилүү. Анткени 2022-жылдын ноябрынан бери орус армиясы Украиндагы энергетикалык жайларды болушунча бутага алып келет.

Өз кезегинде, Украина да жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүп, дрондорду жана ал тургай канаттуу ракеталарды колдонуу менен Орусиядагы аскердик жайлар тургай, мунай заводдоруна, куурларына сокку урууда.

Бул Москва үчүн тынчсызданууну жаратканы менен, азырынча олуттуу кризиске же баанын кескин өсүшүнө алып келе элек.

Ошентип, келишимге карабастан, Киев менен Москва бири-бирин сокку уруу аракеттерин улантышты.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, Трамп менен Путин телефондон сүйлөшүп жаткан маалда орус армиясынын дрондору Украинанын объектилерин көздөй учурулган.

Москва энергетикалык жайларды аткылоону токтотуу боюнча макулдашуунун шарттарын сактап жатканын билдирип келет, бирок украиналык аткаминерлер бул сөздөрдү четке кагууда.

25-мартта АКШнын өкүлдөрү Сауд Арабиясында Украина жана Орусиянын делегациялары менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анын жыйынтыгында Ак үй Кара деңиз аймагындагы аскердик аракеттерди чектөө боюнча келишимге жетишилгенин жарыялаган.

Эгер бул келишим ишке ашса, Украина өзүнүн дан азыктарын жана айыл чарба продукциясын эл аралык базарларга экспорттоого кеңири мүмкүнчүлүк алмак. Андан тышкары Киев акчалай киреше табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Бул өлкө үчүн учурда абдан маанилүү.

Ак үй Орусияга дүйнөлүк айыл чарба продукциясы менен жер семирткичтер базарына кирүүгө жардам берүүнү, деңиз транспорту үчүн камсыздандыруу чыгымдарын азайтууну убада кылган.

Мунун артында эмне бар?

Орусия макулдашууну ишке ашыруу үчүн эң негизгиси Батыштан орус банктарына, ошондой эле орус кемелерине каршы киргизилген санкцияларды алып салууну талап кылды.

Айрыкча, Орусиянын агрардык секторунун негизги каржылоочусу болгон мамлекеттик "Россельхозбанкты" жана башка орус каржы түзүмдөрүн SWIFT эл аралык банктык төлөм системасына кайра туташтыруу маселеси көтөрүлдү.

Эксперттердин эсебинде Кремль муну менен Ак үйдү сынап жаткандай. Себеп дегенде, "Россельхозбанкты" SWIFTке кайра туташтыруу үчүн Европанын макулдугу керек, муну АКШ өз алдынча чече албайт.

Эгер Батыштын айыл чарба продукцияларына, жүк ташуучу кемелерге жана портторго салынган санкциялар алынса, Москвага жаңы киреше булагы гана ачылбастан, кеңири санкциялык режимди акырындап алсыратууга жол ачат.

Кремлдин көздөгөнү эмне?

Эгер Кремль чынында эле Ак үйдү сыноону максат кылса, анда Трамптын 30-марттагы билдирүүлөрүнө караганда, бул аракет өз жемишин берди. Бирок анча жакшы жагынан эмес.

"Эгерде Орусия менен Украинадагы кан төгүүнү токтотуу боюнча келишим түзө албасак жана эгер мен бул Москванын күнөөсү деп эсептесем – балким андай болбосо дагы мен ошондой пикирде болсом, анда Орусиядан чыккан мунайга кошумча тарифтерди киргизем", - деп Трамп NBC News менен болгон маегинде айткан.

Кошумча тарифтер – бул башка өлкөлөрдүн Орусиядан мунай сатып алуусуна каршы санкция же төлөм киргизүү дегенди билдирет.

Бул Москвага каршы Батыш санкцияларын бир топ күчөтүп жибермек, анткени Орусиянын негизги акчалай кирешеси мунай жана газ сатуу аркылуу келет. Алар негизинен Индия жана Кытайга экспорттолот.

Мындан тышкары, Трамп Путиндин 28-марттагы "Украинада убактылуу өкмөт түзүү керек" деген билдирүүсү анын "кыжырын кайнатканын" айтты:

"Путинге аябай ачууландым, кыжырдандым. Ал Зеленскийдин легитимдүүлүгүнөн күмөн санатууда. Азыркы сүйлөшүүлөр туура нукта кетпей жатат".

Бул Трамптын Путиндин дарегине айтылган эң катуу сындарынын бири. Анткени буга чейин ал согушту баштоого Орусиянын эч тиешеси жок экенин айтып, Зеленскийди "диктатор" деп да атаган болчу.

"Москва сүйлөшүүлөр башталганга чейин эле санкцияларды жумшартууну камсыздоону көздөп жатат. Ошондой эле, АКШнын Евробиримдик менен Британияны канчалык басымга ала аларын сынап жатат. Атлантика аралык санкциялык режимдин олуттуу бөлүнүп кетүү ыктымалдыгы чоң, бул болсо санкциялардын натыйжалуулугун кескин алсыратат", - дейт Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун санкциялар боюнча эксперти Мария Шагина

Ал эми украиналык саясат талдоочу Александр Филиппенко "Настоящее время" телеканалына курган маегинде Америка президентинин соңку билдирүүсү Путинге анын мамилесин көрсөтөт.

"Бул Дональд Трамптын Владимир Путинди кандай кабыл аларын көрсөтүп турат. Ал Путинди тең ата өнөктөш катары да, сүйлөшүүлөрдө атаандаш катары да көрбөйт. Трамп эл аралык негизги маселелерди өзү чечиши керек деп эсептейт",-дейт Филлипенко.

Украинанын минералдары эмне болот?

Бул сүйлөшүүлөрдүн дагы бир маанилүү "жүрөк өйүткөн" дагы бир фактору бар.

Украинанын согуштагы ийгиликтери дээрлик толугу менен АКШнын курал-жарагына көз каранды.

Быйыл февралда Трамп администрациясы Украинанын минералдык ресурстарын иштетүүнү сунуштаган. АКШ президентинин эсебинде, бул келишим АКШнын акыркы үч жылда Украинага берген жардамын кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берет жана Украинанын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Бул ресурстарга литий, титан, уран сыяктуу сейрек кездешүүчү минералдар, мунай жана газ кирет.

Мунун бардыгы Украина үчүн кошумча саясий жана экономикалык дилемма жаратууда. АКШдан аскердик жардам алууну улантуу үчүн, өзүнүн табигый байлыктарын кандай шарттарда жана кимге бериши керек?

Ак үйдүн баштапкы сунушу Киевде чоң нааразычылык жараткан. Украиналык аткаминерлердин баамында, мындай келишим өлкөнүн келечектеги экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу сокку урмак.

Bloomberg News агенттинине тийген жаңыртылган келишимдин долбооруна караганда, Украинанын бардык инфраструктура жана жаратылыш ресурстары боюнча долбоорлоруна "биринчи сунуш берүү укугу" Америкага берилет.

30-мартта журналисттерге сүйлөп жатып, Трамп Зеленский минералдык келишимден баш тартууга аракет кылып жатканын айтты.

"Эгер ал бул келишимден баш тартса, чоң көйгөйлөргө туш болот",- деп эскертти Трамп,

Украиналык эксперт Сергей Гармаштын айтымында, Трамп кандайдыр бир санкция салбайт.

"Трамп үчүн Украина өнөктөш эмес, ал үчүн Украинага буйрук берип, көзөмөлдөө мүмкүн болгон бир объект сыяктуу. Ага караганда, ал Орусия менен өнөктөштүктү көбүрөөк каалайт", - дейт Гармаш.


Шерине

XS
SM
MD
LG